Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:48

Касмамбетов кайып дүйнөгө кетти


Сапарбек Касмамбетов.
Сапарбек Касмамбетов.

Манасчы, төкмө акын, эл агартуунун мыкты кызматкери, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Сапарбек Касмамбетовдун сөөгү 21-январда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Маркумду акыркы сапарга узатууга расмий өкүлдөр, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданий жана коомдук ишмерлер катышты. Коштошуу зыйнатында төкмө акын Азамат Болгонбаев Сапарбек Касмамбетовду мындай саптар менен кошуп ырдады.

- Кошойдун айткан баянын,
Козголгус эле карааның.
Сагынбай, Саякбайлардын,
Сабалап айттың сабагын
...

Тамырын казып доорлордун,
Тарыхын ырдап санадың.
Түйшөлүп улуу өнөрдүн,
Түпкүрүн аңдап карадың.

Жанында болуп кыргыздын,
Канына куттай тарадың.
Арстанбек төккөн көчтү улап,
Акындык тилди сабадың.
Баатырлар жайын ыр кылып,
Өзүң да,
Баатырлык ишке жарадың
.

Сапарбек Касмамбетов өз чыгармачылыгында манасчылык менен төкмөлүк өнөрдү бирдей аркалаган, улуу эпосту өз вариантында айтып, аны кагазга өзү түшүрүп берген айтма да, жазма да манасчы болгон.

Сапарбек Касмамбетов менен коштошуудан бир көрүнүш.
Сапарбек Касмамбетов менен коштошуудан бир көрүнүш.

Касмамбетовдун шакирттеринин бири Замир Баялиевдин айтымында, бүгүнкү күндө устаты манасчылар үчүн эки доорду бириктирип турган алтын көпүрө эле.

- Тестиер кезинен Саякбай атабыздын батасын алган экен, - деди ал. - Биз Саякбай атабызды китептен, теледен көрсөк, бул киши бетме-бет көрүп, «Манасын» угуп, бизге алтын көпүрө болуп келген. Ал тууралуу айтып берсе, биз Саякбайды көргөндөй болуп турчубуз. Сапарбек атабыз кылымдан кылымга келаткан манасчылыктын салтын улап, бул өнөрдү бир кылымдан экинчи кылымга өткөрүп берген улуу манасчылардын бири болду.

Касмамбетов улуу баян «Манас» эпосун гана айтпастан, кенже эпостор «Эр Кошой», «Билерик», «Асыл эне», «Балыкчы баяны», «Бала Манас» сындуу элдик оозеки чыгармачылыктын башка үлгүлөрүн да айтып келген. Айтып эле калбай, аларды жазмага түшүрүп, бир нече китептерди чыгарган. Маркумдун жазуучулук өнөрканасы тууралуу манасчы Рысбай Исаков буларды белгиледи:

- «Манастын» ичине көптөгөн кичи эпостор кирип кеткен эмеспи, «Эр Төштүк», «Жолой» сыяктуу. Сапарбек атабыз алардын ичинен «Эр Кошойду» өзүнчө, «Билерикти» өзүнчө дастан кылып жарыялаган. «Жаангердин Билерик, бир көрөйүн имерип» деп илгеркилер айткандай, сюжетте 850 жыл жашаган аксакал болуп, анын баласы кытайларга туткунга түшүп калып, аны кантип бошоткондугу жөнүндө дастан. Андан сырткары «Жарманас» өзүнчө, «Бала Манас» өзүнчө айтылган. Алардын баарын Сапарбек атабыз балдарга ылайыктап иштеп чыккан.

Угармандар Касмамбетов улуу дастанды балдарга жомок айтып берип жаткандай жумшак, так, түшүнүктүү тил менен баяндап бергени менен өзгөчөлөнүп келгенин айтышат.

Манасчы, «Манас» таануучу, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев Касмамбетовдун чыгармачылыгындагы негизги өзгөчөлүктөр тууралуу кеп кылды. Ал өз доорундагы башка манасчылардан айырмаланып, Келдибек, Балыкооз, Чоңбаш манасчылар өңдүү ар бир баатырды өзүнчө дастан кылып айтуу салтын улаганын эскерди.

- Экинчи өзгөчөлүгү: англис тилдүү окурмандарга өзүнүн вариантындагы айрым эпизоддорду тартуулады, - деди ал. - Болгондо да ал «Манасты» отуруп, акын же жазуучулардай болуп терезени тиктеп отуруп жазган жок. Ал алгач салттуу түрдө айтып, аны видеого түшүрүп, аны кайра кагазга түшүрүп, англис тилине которуп, манасчылыкка туура келген принциптерди колдонду. Азыр ошол котормонун негизинде англис тилдүү окумуштуулар «Манас» менен таанышып, ошонун негизинде өздөрүнүн илимий иштерин жазып жатышат.

«Манас» эпосунун окуялары англис тилинде баяндалган «Singing The Kyrgyz Manas: Saparbek Kasmambetov's Recitations Of Epic Poetry» деген аталышта китеп Лондон университетинин Азия жана Африканы изилдөө институту тарабынан даярдалып жарык көрдү. Анын редакторлору Кейт Ховард, Сапарбек Касмамбетов.

Китепте «Манас» эпосунун негизги окуялары кара сөз түрүндө берилип, Сапарбек Касмамбетовдун айтуусунда CD диск түрүндө жазылып кошо тиркелген. Китеп 134 беттен турат. Ал кыргыздардын жана жалпы эле көчмөн элдердин көркөм оозеки чыгармачылыгына кызыккан окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.

Сапарбек Касмамбетов 1934-жылы 30-майда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чалай жайлоосунда жарык дүйнөгө келген. Улуу өнөрдү аркалап келген таанымал манасчы 19-январда 87 жаш курагында дүйнөдөн кайтып, сөөгү 21-январда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG