Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Кафеге табак ташууга тыюу салынды


Кыргызстанда коомдук тамактануу жайларында санитардык көзөмөлдү күчөтүү чарасы көрүлүүдө. 10-ноябрдан тарта өкмөттүн токтому менен кафе-ресторандарда той-аш өткөрүү үчүн кардарга үйүнөн тамак жасап келүүсүнө тыюу салынды.

Мындай чечим Бишкектеги кафелердин бириндеги массалык уулануудан соң кабыл алынды. Өкмөттүн мындай токтому коомчулукта эки ача пикирди жаратууда.

Кыргызстандын башкы санитардык врачы Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, акыркы жылдарда коомдук тамактануу жайларын текшерүүнүн саны азайган. Бул ишкердикти колдоого алуу боюнча өкмөттүн токтомуна байланыштуу болгон.

Бирок 5-ноябрда Бишкектеги "Арал" кафесиндеги массалык уулануудан соң өлкөдөгү кафе-ресторандарга санитардык көзөмөл күчөтүлдү.

Мындай чечим “коомдук тамактануу жайларынын ээлеринин жоопкерчилигин күчөтүү иретинде жасалды”, - дейт Абдикаримов:

- Бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлиги административдик кодекске толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизип жатат. Өзгөртүүлөрдө айыптардын көлөмү он эсеге чейин көбөйтүү каралган. Мисалы, бүгүнкү күндө айыптардын өлчөмү 1000-2000 сом болсо, ошол өлчөмдү он эсеге чейин көтөрүү сунушун Саламаттыкты сактоо министрлиги киргизип жатат.

Мындан тышкары кафе-ресторандардын кожоюндарынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатындагы сунуштарды киргизип жатабыз.
Муну менен катар кафе-ресторандарга үйдөн тамак жасалып келүүгө толугу менен тыюу салдык.

Санитардык кызматтар коомдук тамактануу жайларын 1 ирет текшерүүгө алса, мындан соң мөөнөт-мөөнөтү менен текшерүү сунушу да каралууда.

Көпчүлүк кафе-ресторандардын кожоюндары кардарлар өздөрү жасап келген тамак-аштын тазалыгына кепилдик бере алышпайт. Ошондуктан бул той, же аш берген адамга байланыштуу экенин Бишкектеги "Жалал-Абад" кафесинин администратору Таалайбек Какешов билдирди:

- Чындыгында алып келинген тамак-ашты биз текшербейбиз. Бирок алар дасторкон жайганда таза колдор менен алып келет деп ишенебиз. Себеби тамак алып келген киши өздөрүнүн меймандарына дасторкон жаят да.

Ошол эле кезде бизнестин бул түрү менен алектенгендер кардарлардын кафеге өз тамак-ашын көтөрүп келишин тыюу салынганы туура чечим болгонун айтышууда. "Жалал-Абад" кафесинин администратору Таалайбек Какешов бул чечимди кубаттайт:

- Албетте баары кафеден даярдалганы бизге чоң пайда алып келет. Себеби бардыгын өзүбүздөн алып калышат. Экинчиден, өзүбүз жасаган тамакка өзүбүз жооп берип калабыз.

Анткен менен өкмөттүн мындай токтомунун ишке кириши кафе-ресторандардын гана күнүн туудурат деген пикирлер бар. Жакында тойго өткөрүүгө даярданып жаткан бишкектик Турат Акыев бул токтомду уккан соң кандай кылсам деп ойлонуп турган экен:

- Үйдөн эле койду союп, өз колубуз менен жакшынакай аш бышырып, санитардык жагын деле карап, өзүбүз биринчи ооз тийип, анан конокту узатсак, кафенин жана ал жакта кызмат кылган официанттардын акысын эле төлөсөк жакшы болмок. Ал эми тойго эки колуңду чөнтөгүңө салып барып, баарына акча төлөсөң карызың чачтан көп болуп кетиши толук мүмкүн.

Өкмөттүн мындай токтомунан соң Кыргызстандагы кафе-ресторандарда өткөрүлгөн той-аштын саны сээлдеши мүмкүн деген божомолдор бар. Анткени кыргызда бешбармакты же ашты өз колу менен бышырып тартмайын көңүлү тойбойт эмеспи.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG