Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:48

Эки дөө эрегишсе...


Сүрөттө: Түркияда иштеген кыргызстандыктар Ноорузду белгилешүүдө, 21-март, 2015
Сүрөттө: Түркияда иштеген кыргызстандыктар Ноорузду белгилешүүдө, 21-март, 2015

Акыркы күндөрдө Орусия менен Түркиянын ортосундагы мамилелердин кескин салкындашы түрк дүйнөсүнө, анын ичинде Кыргызстанга таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

Орусиянын үстөмдүгүндөгү Евразия экономикалык биримдигине мүчө Кыргызстанга Түркиянын мындан кийинки мамилеси кандай болушу мүмкүн?

"Арай көз чарай" талкуусуна Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын жетекчиси Насирдин Шамшиев, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин проректору, профессор Анвар Мокеев жана ЖИА ишкерлер бирикмесинин аткаруучу директору Руслан Акматбек катышты.

“Азаттык”: Орусия Түркияга бир топ экономикалык санкцияларды киргизүүдө. Анын кесепеттери оор болору айтылууда. Кыргызстан үчүн Түркия да негизги соода өнөктөшү экендигин эске алганда биздин экономикабызга да кедергесин тийгизиши мүмкүн деген кооптонуулар бар. Бул боюнча кыргыз өкмөтүнүн туруму кандай?

Насирдин Шамшиев: Адегенде Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода алакабыздын деңгээлине көз жүгүртсөк. Былтыркы жылдын тогуз айында биз Түркияга 52 миллион долларлык товар экспорттосок, анын негизги бөлүгү төө бурчак болгон.

Мындан сырткары Кыргызстанга учуп келген Түркиянын учактарына авиа керосин беребиз, калганын пахта ж.б. майда товарлар түзөт. Болжолдуу 160 миллион долларлык товарды Түркиядан импорттойбуз. Жалпы алганда эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 200 миллион доллардын тегерегинде болууда.

“Азаттык”: Кыргызстанга келген товарлардын канча пайызы Орусия аркылуу өтөт?

Насирдин Шамшиев: Түркиядан товарлардын дээрлик көпчүлүгү транспорт аркылуу келет. Текстиль товарлар авиажолдор менен ташылат. Темир жол менен келген товар жок.

“Азаттык”: Азыр казак-орус чек арасында Кыргызстанга келаткан ондогон машиналар өтө албай токтоп турбайбы. Бул маселени өкмөт кантип чечип жатат?

Насирдин Шамшиев: Бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлиги иштеш керек деп ойлойм. Азыр алар эмне жумуш кылып жатканын билбейм. Эгер машинадагы товарлардын акыркы чекити Кыргызстан деп тургандан кийин токтоосуз өткөрүш керек болчу. Эл аралык келишимдер, документтер боюнча ушундай.

Руслан Акматбек: Түркия да, Орусия да Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштөрү. Бизде бир нерсе болгондон кийин гана "эми эмне кылабыз" деп отуруп калабыз. Биз дайыма улуттук кызыкчылыгыбызды ойлошубуз керек.

21 миллион долларлык төө бурчак аз сумма эмес. Биз Кыргызстандын ар бир ишкеринин кызыкчылыгын коргоп, таламын талашышыбыз керек. Биздин өкмөт эмне үчүн альтернативалуу багыттарды издебейт? Биздин айдооочулар "Түркмөнстан виза бербей койду", "Иран виза бербей койду" деп дайыма эле ыйлап жүрүшөт. Өкмөт эмне үчүн Азербайжан аркылуу жолду чечпейт?

“Азаттык”: Түрк мамлекеттеринин башын кошкон ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө болгон Орусиянын бир нече республикаларына Орусиянын жогорку бийлиги кызматташууну токтотуу буйругун берди. Аны эске алсак ТҮРКСОЙдун мүчөсү болгон Кыргызстандын Орусиянын Татарстан, Башкыртстан ж.б. республикалары менен маданий байланыштарыбыз үзүлгөнү жатат. Мунун кесепети кандай болушу мүмкүн?

Анвар Мокеев: Маселенин жүйөсү бар. Албетте Орусиянын ички ишине кийлигише албайбыз. Ошентсе да өз пикирибизди айтсак, эл аралык маанилүү маселелердеги саясат маданий жаатындагы багыттарга зыянын тийгизбеши керек эле.

Тилекке каршы, Орусиянын түрк республикаларындагы ТҮРКСОЙдун алкагындагы иш-чаралары токтотулууда. Башка жакта өткөндөрүнө да алар эми келе алышпайт. Ага карабай биз Татарстан, Башкыртстан ж.б. түрк республикалары менен түз, эки тараптуу кызматташууларыбызды уланта беришибиз керек. Мамилелердин жакшырышы Москванын мындан кийинки саясатына байланыштуу болот.

Руслан Акматбек: Биз эртеңди ойлоп иштешибиз керек. Түркияда 111 кыргыз компания иштейт. 2012-жылы товарын экспортко чыгарган Түркиядагы төрт компаниянын бирин кыргыз бала жетектейт, сыймыктанышыбыз керек. Алардын көбү Орусияда иштешет. Бир нече тилди билген менеджерлер, мыкты жигиттерибиз көп. Орусиядагы 500дөн ашык түрк курулуш компанияларында биздин жүздөгөн мекендештерибиз жүрүшөт. Алар жумуштан бошоп, талаада калуу коркунучу бар. Биз мигранттарыбыздын ар биринин кызыкчылыгын коргошубуз керек.

XS
SM
MD
LG