Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Тышкы саясаттагы чечүүчү кадам


Алмазбек Атамбаев менен Дмитрий Медведевдин жолугушуусу. Москва, 20-декабрь.
Алмазбек Атамбаев менен Дмитрий Медведевдин жолугушуусу. Москва, 20-декабрь.

23-февралда президент Алмазбек Атамбаевдин Москвага иш сапары башталганы турат.

Кыргызстандын тышкы саясаты чечүүчү кадамдын алдында турат. Кыргыз президентинин Москвага сапары башталаар алдында АКШнын делегациясы Бишкекке келип кетти.

Ача жол: оңго бассаң Орусиябы?..

Кыргызстандын дасыккан дипломаттарынын бири Муратбек Иманалиевдин "Манастагы" Транзиттик борбор Кыргызстандын тышкы саясатынын түркүгү” деп атаган жери бар. Чындыгында өлкөнүн тышкы саясатында, өзгөчө АКШ менен Орусия мамилесинде Транзиттик борбор өтө олуттуу мааниге ээ болуп жатат.

АКШ үчүн Транзиттик борбор Ооганстандагы аскерлерин жабдуу үчүн өзгөчө мааниге ээ. Андан сырткары күүлөнүп келаткан Кытайдын кашында аскердик базага ээ болуу АКШ үчүн ашыктык кылбашын түрдүү серепчилер белгилеп келет.

Орусия болсо Вашингтон Кыргызстанда көп убакытка бекемделип калат деп чочулайт. Кытай да геосаясий себептерге байланыштуу АКШнын Кыргызстанда калышына кызыкдар эмес.

Кыргыз бийлиги мына ушундай шартта Орусияны стратегиялык өнөктөш деп таап, мына ушул өлкөнүн каалоосун канааттандыруу багытында баратат. Орусиянын каалоосу Транзиттик борборду Кыргызстандан чыгаруу экени маалым. Шайлоо мезгилинде Москванын колдоосуна ээ болгон Алмазбек Атамбаев Транзиттик борбор 2014-жылы чыгарылыш керектигин тынымсыз кайталап келатат.

23-февралда Алмазбек Атамбаев орус президенти Дмитрий Медведевдин чакыруусу менен Москвага иш сапары менен барат. Орус президентинин сайтынын маалымдоосуна караганда, эки президенттин сүйлөшүүсү 24-февралда болот.

Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов сапар тууралуу буларды билдирди:

- Дмитрий Медведевдин чакыруусу менен болуп жатат бул сапар. Москвада президент Медведев, премьер-министр Владимир Путин менен жолугушат. Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелер, карым-катнаштар талкууланат. Ошондой эле аткарыла турган долбоорлор каралат.

Кадыр Токтогулов конкреттүү түрдө кайсы маселелер талкууланганы жана алар боюнча кандай чечим кабыл алынганы тууралуу сапардын жыйынтыгынан кийин маалымат берилерин кошумчалады.

Илгерилебеген инвестиция

Кыргызстан Орусиянын геосаясий талаптарын канааттандыруу менен Москвадан олуттуу инвестиция күтүп жатат. Негизинен энергетика тармагына. Маселен, эки тарап Нарын дарыясында бир катар ГЭСтерди куруу, Жалал-Абад облусунда газ, мунай чалгындоо иштерин жүргүзүүнү пландаштырган. Бирок бул иштерде жылыш боло элек.

Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов ГЭСтерди куруу пландары мурунку калыбында турганын белгиледи:

- Ошол бойдон турат. Президент барганда сүйлөшүлөт.

Эки ортодо чечилбей келаткан “Дастандын” акциясына байланыштуу маселе да бар. Россиянын маалымат каражаттары бул боюнча Кыргызстанды айыптап көнүп калышкан. Бирок чындыгында “Дастандын” акцияларын Кыргызстандын 190 млн. доллардын тегерегиндеги карызына алмашууну Орусиянын каржы министрлиги тосуп койгон.

“Дастандын” мурунку акционерлеринин бири Улукбек Ормонов бул маселе да президент Атамбаевдин сапары учурунда көтөрүлөт дейт:

- Себеби бул заводдун стратегиялык мааниси чоң. Келишимге кол коюлган. Ага ылайык, Орусияга заводдун акциясынын 50% берилиш керек.

Кыргызстан менен Орусия чече турган дагы бир маселе “Кыргызгазды” “Газпромго” сатуу. Бул да көп мезгилден бери чечилбей келатат.

Ошентип, Кыргызстан стратегиялык өнөктөшүнөн ири долбоорлорго инвестиция, бюджетке 106 млн. доллар насыя күтүп жатат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Москвага сапарынын алдында, 20-февралда Бишкекке АКШдан бараандуу делегация келип кетти. Делегацияны АКШнын мамлекеттик департаментинин Ооганстан, Пакистан жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Сьюзен Эллиот баштап келген. Делегация курамындагы АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин Борбор Азия боюнча бюросунун башчысы Линн Трейси президент Барак Обаманын президент Алмазбек Атамбаевге жеке катын тапшырган. Каттын мазмуну тууралуу кеңири маалымат жок. Бирок мына ушул жолугушуунун жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев 2014-жылы "Манаста" чет өлкөлүк аскердик контингент калбаш керектигин дагы бир жолу эскерткен.

Кыргызстан тышкы саясатындагы активдүүлүк АКШ жана Орусия багытында эле Казакстан багытында да болду. 21-февралда премьер-министр Өмүрбек Бабанов Казакстанга жумуш сапар менен барды. Бул боюнча таратылган маалыматта Өмүрбек Бабановдун президент Нурсултан Назарбаев, өкмөт башчы Карим Масимов менен жолугушууларында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу маселеси талкууланары айтылган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG