Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Ара жолдо калгандар Красноярскиге жетти


Адатта мигранттар ушундай автобус менен жолго чыгышат
Адатта мигранттар ушундай автобус менен жолго чыгышат

Алтайда автобусу бузулуп, бала-чакасы менен ара жолдо калган 20дай мигрант бүгүн Красноярск шаарына жетти.

Автобусу бузулуп, бала-чакасы менен ара жолдо калган 20дай жолоочуга Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу менен кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жардам берди.

Ал арада айрым байкоочулар кыш-күрөөдө бала-чакасы менен жолго чыккан мигранттар коопсуздугун өздөрү да ойлошу керектигин айтууда.

Красноярскиге баратып, Алтайда бузулуп калган автобустун айынан 33 адам ара жолдо калган. Алардын 23ү кыргыз, калганы казак жарандары. Арасында үч кичинекей бала, кош бойлуу эки келин жана жашы улгайып калган эки киши бар.

Бул жолоочулар 16-декабрь күнү Алтайдын Мамонтово районундагы Луганкс мектебине жайгаштырылган. Мектепке аларды Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеткирген.

Тамак-аштан, жууркан-төшөктөн кыйналганын, арасында ооруп калгандары бар экенин, акчалары түгөнгөнүн айтып, 19-декабрда “Азаттыкка” кайрылган. Арабөк калган жолоочулар төрт күн дегенде Алтайдан Барнаулга Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алып келгенин жолоочулардын бири Калыс Болушова айтып берди:

- Бизге азыр Новосибирсктен элчилер келип, Красноярскиге автобуска билет алып берди. Ал жерден поездге билет алышат экен. Азыр автобус жөнөйт. Андан ары поезд менен Красноярскиге кетебиз.

Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугунун атташеси Мээримбек Апышев кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жапа тырмак жабыла киришип, жардам берилип жатканын маалымдады:

- Алардын арасында үчөө Кемерового кетет экен. Кемерового эртеңкиге билет алып бердик. Алтай крайындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы бүгүн аларды жайгаштырып, эртең автобуска салып койот. Акчаны Красноярскидеги, Новосибирскидеги кыргыз диаспоралары чогултуп, билет алып беришти.

Барнаулга автобустун Шайлоо аттуу ээси да барды:

- Биз Красноярскиге 10 жылдан бери каттайбыз. Жол ката суук, 50 градуска чейин көтөрүлүп кетти. Анан машинанын майда-чүйдөсү сынды. Эки жолу тетиктерди жөнөттүк, анан эми такыр жыла албайсыңар дегенинен, мен кечээ Бишкектен чыгып, 20 саатта жетип келдим. Менде бир автобус бар. Биз “Восточная звезда” деген фирмада иштейбиз.

Негизи Бишкектен Орусиянын шаарларына эл ташыган ушул “Восточная Звезданы” кошкондо төрт фирма Транспорт жана коммуникация министрлигинен лицензия алган экен. Министрликтин бөлүм башчысы Ринат Жаныбековдун билдиришинче, уруксат берилип жатканда техникалары шайма-шай болчу:

- Лицензия бир жылга берилет. Биз берип атканда машиналарын баарын текшеребиз. Техникалык абалынан баарын карайбыз. Биз текшерген убакта бардыгы жакшы болчу. Лицензияны ошон үчүн бергенбиз. Техника деген техника, жолдо бузулат. Эгер бузулуп калса, өздөрү алып келиши керек болчу.

Жолго чыкканда автобустун техникалык абалын вокзалда каралат экен. Бишкектеги вокзалдын директору Рысбек Бариев Алтайда ара жолдо калган кыргызстандыктар тууралуу маалыматты “Азаттыктан” укканын, азырынча жолоочулардан арыз түшө электигин айтууда:

- Жолго чыгып баратканда айдоочунун саламаттыгы, андан сырткары автобустун техникалык абалы, рейс маалында коопсуздукка кедергисин тийгизе турган тетиктер текшерилет. Эми азыр Орусияда абдан катуу суук болуп жатат.


Бариев жылына кыш маалында сууктун мизи кайткыча автобустун каттамы убактылуу токтой турганын, 20-декабрда эл ташыган фирмалар билет сатууну убактылуу токтотуу тууралуу кайрылганын кошумчалады.

Ал арада айрым серепчилер айркыча кыш-күрөөдө бала-чака менен жолго чыккан мигранттар коопсуздугун өздөрү да ойлошу керектигин айтууда. “Замандаш” бирикмесинин өкүлү Азамат Айтбаевдин пикиринде, көпчүлүгү жолдо тобокелге салат:

- Автобуска отурарда карап, тандап, шоопуру менен сүйлөшүп, унаа ошол жакка чейин жетеби деп жоопкерчиликтүү түрдө кызыкдар болушу керек. Азыркы учурда Орусияга жетүүнүн эң арзан жолу эле автобус болуп жатпайбы. Анткени поезд менен барганда деле унаа которот. Екатеринбургдан ары, же болбосо Новосибирсктен ары кетиши керек.

Унаа менен узак жолго чыккан мигранттар арасында кырсыкка кабылган учурлар көп кездешет. Эң кайгылуусу ушул жылдын май айында Казакстандын Караганда облусуна жакын жерде болгон. Орусияга бараткан кичи автобус кырсыктап, андагы 18 адамдын 16сы ажал тапкан. Алардын баары Базар-Коргондун Чарбак айылынан экени аныкталган.
XS
SM
MD
LG