Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Арыктаганы үчүн "айыпталган" Маратбек


Маратбек Эшанкуловдун мурдагы жана кийинки сүрөттөрү.
Маратбек Эшанкуловдун мурдагы жана кийинки сүрөттөрү.

Үч жыл мурун түшкөн паспортундагы сүрөтүнө окшош болбогону үчүн “Орусиянын чек арасын мыйзамсыз басып кирген” деп айыпталган Маратбек Эшанкулов сүрөт өзүнүкү экенин далилдеп, сот тарабынан толук акталды.

Аны актаган чечимди 14-апрелде Орусиянын Домодедово шаардык соту чыгарды.


Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын 22 жаштагы тургуну Маратбек Эшанкулов 2010-жылы күзүндө башка миңдеген мекендештери сыяктуу эле иштеп, акча таап келүү үчүн Москвага барат. Аэропорттон эч кандай тоскоолдуксуз өтүп, Москвада бир жыл иштегенден кийин, Маратбек үй-бүлө куруу үчүн мекенине кайтууну чечкен. 2011-жылы 19-ноябрда Домодедово аэропортунун чек ара кызматкери паспортундагы сүрөт ага окшош эместигин негиз кылып, учактан алып калган.

Мараттын айтуусунда, ал паспортундагы сүрөттө жаш, толук болгон, ал эми кайтарда 10 килограммга арыктап, өзгөрүп калган:

- Мен Кыргызстанга кетип баратканымда аэропорттон чек арачылар “сүрөтүңө окшош эмессиң” деп алып калышты. Анткени мен Москвада жүргөндө курулушта иштедим. Жумуш оор эле, 10 килограммга азып кеткен элем. Үч жыл мурун алган паспорттогу сүрөтүмдө толук болчумун.

Алгач Маратты үч күнгө камашып, ага карата “Орусиянын чек арасын мыйзамсыз басып кирген” жана “Орусиянын чек арасынан мыйзамсыз чыгууга аракет кылган” деген кылмыш иштери козголгон. Ага “паспорттогу сүрөт анын ээсине окшош эмес” деген негиз келтирилген.

Маратбек Эшанкуловдун адвокаты Филипп Шишовдун “Азаттыкка” билдиришинче, ага коюлган күнөөнү мойнуна алууну, анын ордуна Кыргызстанга кетүүгө билет сатып берүүнү сунуш кылышат:

- Ал үч күн камакта болгон, ошол учурда анын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча күнөөнү мойнуңа аласың, анан биз сени кайра мекениңе учуруп жиберебиз деп мажбурлашкан. Бирок үч күндөн кийин анын жердеши, Орусиянын жараны Маратбекти өзүнүн кепилдиги менен “эч жакка кетпөө” тууралуу тилкаттын негизинде бошотуп алган. Мараттын бардык документтерин, паспортунан тартып, каттоо кагазына чейин чек ара кызматы алып калган. Ошол боюнча Маратбек эч кандай документи жок, эч жерде иштей да алган эмес.

Ошентип 2011-жылдын ноябрь айынан тартып, Маратбектин паспорттогу сүрөтүн аныктоо аракети башталган. Адвокаттын айтуусунда, 7 жолу түрдүү экспертизалар жүргүзүлгөн. Бул аралыкта Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 2012-жылы жазында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине Маратбек Эшанкулов тууралуу маалыматтарды сурап кайрылган. УКМК өз кезегинде Маратбектин паспорт алган жерине - Кызыл-Кыя шаардык паспорт столуна сурак жиберип, алардан канааттандырган жооп алган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Нуржан Найзабекова “Азаттыкка” билдирди.

Маратбектин паспорттогу сүрөтү өзүнө таандык экенин далилдөө үчүн Москвага анын бир тууганы да барган. Ошентсе да бул иш сотко 2012-жылы гана ашырылып, Домодедово шаардык соту Маратбек Эшанкуловдун ишин кайра иликтөөгө жиберген. Бир жылдан кийин кайра ошол эле сот ишти прокуратурага жиберип, адвокаттын аракети менен ал Москва облустук сотунан колдоо таппай, Маратбектин ишин кароо жаңы соттук курамга жүктөлөт. Жаңы курамдагы сот быйыл март айында гана ишти кайра жандантып, 14-апрель күнү Маратбек Эшанкуловдун ишинде кылмыш курамы аныкталбаганы үчүн актаган чечим чыгарды.

Ушул тапта Маратбек Эшанкулов адвокаты менен чогуу сот чечиминин күчүнө кирүүсүн жана документтеринин, 2011-жылы Орусия чек арачыларынын колуна тийген боюнча көрө элек паспортун алчу күндү күтүп жатат.

Маратбек паспорту колуна тийери менен Кыргызстанга зуу коёрун, үч жылга жакын убактан бери же иштен жок, же документтен жок жүрүүдөн тажаганын айтат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG