Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Москванын көзүн караткан жагдайлар


Москва.
Москва.

Кыргызстанда акыркы жумадагы окуялар "Өлкөнүн ички-сырткы саясатында Орусиянын таасири канчалык?" деген суроону кайрадан күн тартибине алып чыкты.

Кыргыз бийлиги Кремлге канчалык көз каранды же айласыз баш ийүүгө түрткөн объективдүү себептер барбы?

«Арай көз чарай» талкуусуна президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков катышты.

«Азаттык»: Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенттеринин Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунан кийин Кыргызстандын ички-сырткы саясаты Москва аркылуу чечиле турганы далилденди деген пикирлер арбын. Кыргызстандын жеке иштеринин чечилишине Кремлдин таасири күчтүү десек болобу?

Ички биримдик күчтүү болсо, Орусия деле көп нерсеге этият мамиле кылмак. Өзүбүз күчтүү болбогон жерде сырткы таасирлер үстөмдүк кыла берет.
Алмазбек Акматалиев.

Алмаз Акматалиев: Албетте, Кыргызстандын ички-сырткы саясатында Орусиянын таасири, орду абдан чоң.

Баарыбыз көрүп-билип тургандан кийин аны жашыруунун кажети жок. Москванын бизге болгон таасиринин тарыхый, саясий, экономикалык, миграциялык себептери бар.

Болуптур, Орусиянын таасири күчтүү экенин айтып жатабыз. Андай болсо Кыргызстанда Дүйнөлүк банктын таасири азбы? Грантты, насыяны кайдан алып жатабыз? Европа Биримдигинин таасири жокпу? Кытайдын таасиричи?

Албетте, Кыргызстандын өз алдынча саясат жүргүзгөнүн баарыбыз каалайбыз. Бирок бүгүнкү реалдуулук менен да эсептешүү керек. Мисалы, ушул күндөрү «биз кимге ыкташыбыз керек» деп элге суроо коюп, референдум өткөрсөк, калктын 90 пайызы «Орусияга» деп жооп бере турганына ишенем.

«Азаттык»: Биздин саясий-экономикалык маселелерибиз түшүнүктүү. Ал эми Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенттеринин мамилесине байланыштуу маселени эмне үчүн Кремль чечиши керек?

Алмаз Акматалиев: Бул окуя өзүбүздө ынтымактын, саясий маданияттын жоктугу же анын калыптана электигин көргөздү.

Экс-президент «азыркы президентке айтып коюңузчу» деп өзү чуркап барып жатпайбы. Орусия андайга эч убакта жок дебейт, «койгула, ынтымакка келгиле» деп койду. Бизде ынтымак бекем, бийлик күчтүү болсо, саясий оппоненттер өз кызыкчылыгын эмес, мамлекетти ойлосо мындай болбойт эле. Ички биримдиги күчтүү мамлекетке Орусия деле этият мамиле кылмак. Тилекке каршы, ырк жок жерде сырткы таасирлер үстөмдүк кыла берет.

«Азаттык»: Равшан мырза, Кыргызстанды Орусияга көз каранды кылып байлап турган негизги маселелер кайсы?

Президенттердин мамилесин жөндөөгө келгенде да Москванын таасири күчтүү экенин эми түшүндүк. Анткени биздин лидерлер ушул убакка чейин Кремлге ошондой мүмкүнчүлүктөрдү берип коюшкан.
Равшан Жээнбеков.

Равшан Жээнбеков: Биринчиси - тарыхый себеп. Акыркы 100 жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстан кыйыр же түз болобу, Орусиянын алдында жашап келе жатат. Биздин саясатыбызга, экономикабызга таасири өтө чоң.

Тилекке каршы, биз алардан кете албай жатабыз. Экинчиси - бизге окшогон кедей мамлекеттердин президенттери ишенген электораты жок болгондон кийин Кремлге чуркап барганды адат кылып алышкан, ошол жактан колдоо күтөт.

Биз президенттердин мамилесин жөндөөгө келгенде да Москванын таасири күчтүү экенин эми түшүндүк. Анткени биздин лидерлер ушул убакка чейин Кремлге рычагдарды берип коюшкан. Анын айынан эгемендигибизге доо кетип, күнкорлугубуз күн сайын күчөп баратат.

«Азаттык»: Равшан мырза, сиз экс-президент Атамбаев Москвага барып келгенден кийин көп нерсе өзгөрөт деп жатасыз, эмне өзгөрүү болот, ачык айта аласызбы?

Равшан Жээнбеков: Мен мындан бир жарым жыл мурда «азыркы президент Жээнбеков Кремлдин уруксаты болбосо, Атамбаевге тие албайт» деп айткам. Ошол нерсени бүгүн көрүп жатабыз. Кыргыз президенттеринин бардыгы авторитардык башкаруучулар, Орусияга түз жана кыйыр түрүндө көз каранды, күнкор жетекчилер.

«Азаттык»: Алмаз мырза, «Кыргызстанды ЕАЭБге киргизүүнү да Москва чечкен, муну менен бизди өзүнө экономикалык жактан көз каранды кылып байлап койду» дегендер аз эмес. Анын чындыгы барбы?

Алмаз Акматалиев: Атамбаев бийликке келгенде Москва ага "АКШнын авиабазасын чыгар жана Кыргызстанды Бажы союзуна (ЕАЭБ) киргиз" деген талап койгон.

Атамбаев эки талапты тең аткарды. Менин жеке пикиримде, ошол кезде Бажы биримдигине кирбей коюу Кыргызстан үчүн мүмкүн эмес эле. Азыр дүйнөдө ар кандай биримдиктерге, альянстарга баш кошуп, интеграция менен саясат жасап жатышат. Албетте, Орусия бизге шарт койду, биз дагы аларга шарт койдук. Кыргызча айтканда, «Жалгыз дарак токой болбойт».

Талкууну толугу менен ушул жерден көрүп, уксаңыз болот.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG