Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:38

Кыргыз президенти Орусия "Давосунда"


Орусия -- Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Орусия президенти Владимир Путин. Санкт-Петербург, 21-июнь, 2012.
Орусия -- Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Орусия президенти Владимир Путин. Санкт-Петербург, 21-июнь, 2012.

21-июнда Санкт-Петербургда эл аралык экономикалык форум башталды. Ага президент Алмазбек Атамбаев башында турган кыргыз делегациясы да катышууда.

Анын алкагында кыргыз тарап орус жетекчилиги менен жолугушуп, анда энергетикалык долбоорлорду көтөрүүсү күтүлүүдө.

Санкт-Петербургдагы 16чы экономикалык форум 21-июнда ачылды. "Орусиянын Давосу" деп аталган бул форумга 80ден ашуун өлкөнүн делегациясы, ишкерлер, саясатчылар жана эксперттер катышат. “Натыйжалуу лидерлик” деген ураан менен өтө турган форумда энергетика, финансы, өнүгүү маселелери талкууланат.

Президентинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Кыргызстандын расмий делегациянын курамында энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев, Бишкек мэри Иса Өмүркулов жана ишкерлердин тобу бар.

Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов президент Алмазбек Атамбаев форум учурунда орус президенти Владимир Путин жана башка жетекчилери менен жолугушаарын билдирди:

- Негизи форумга катышат. Андан кийин Орусиянын жетекчилери менен жолугушат. Анда Орусия менен болгон карым-катнаштар боюнча сүйлөшөт.

Кыргызстан үчүн Санкт-Петербург форумунда энергетикалык багыттагы долбоорлорду алдыга жылдыруу маанилүү. Мына ошол себептен делегациянын курамына энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев кошулгандай.

Кыргызстан менен Орусия газ, мунай жана гидроэнергетика тармагында бир катар долбоорлорду аткарууну белгилеген. Бирок алар азыркы кезде жылбай турат. “Дастан” заводунун 48% акциясына Кыргызстандын 190 млн. доллар карызын кечүү маселесинде да эки тарап орток пикир таба элек. Кыргыз бийлик өкүлдөрү орус тарап менен сүйлөшүүлөрдөн соң он күндөн кийин, бир айдан кийин жооп берилет дегенден бери айлар өтүп, бирок айкындык жок.

Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен жолугушууда мына ошол долбоолорду алдыга жылдырууга аракет жасабай койбойт. Анын үстүнө президент Атамбаев Владимир Путин президенттик кызматка толук кандуу киришип, командасын түптөгөндөн кийин бул долбоорлор алдыга жылат деген ишенимин билдирип келген.

Санкт-Петербург экономикалык форумунда кыргыз-орус мамилесинде алдыга жылыштар болот дегенге ишене бербегендер да бар. Мурунку экономикалык өнүктүрүү министри Эмил Үмөталиев орус тарап Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорго акча салышы күмөндүү деп эсептейт:

- Азыркы учурда акча салышына, чындап кызыгуусуна мен ишене албай турам. Ушунча жылдан бери алар сөз менен гана сугарып келатышат. Прагматикалык кызыкчылыктары канааттандырарлык эмес. Саясий кызыкчылыктары башкада болуп жатат. Биринчиден, аскердик кызыкчылыктары бар. Аны билебиз. Ал эми экономикалык кызыкчылыктарын көрүп, түшүнүп, күбө боло элекпиз.

Үмөталиев ошондой эле Санкт-Петербург форумунда орто-чакан ишкерлик эмес, ири бизнестин гана маселеси караларын кошумчалады.

Бишкек ишкерлер клубунун мүчөсү Эрмек Ниязов мындай форумдарга катышуунун оң жагы бар дейт:

- Эми бул форумга президенттер, премьер-министрлер, чоң ишкерлер келип жатат. Андай жерге барып, байланыш түзүү пайдалуу.

Президент Алмазбек Атамбаевден кийин Орусияга барууга өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов да камданууда. Ал июль айынын башында Москвага иш сапар менен бараарын билдирген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG