Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Орус жарандыгын алуу жеңил болбой калды


Кыргыз жарандары тарабынан орус жарандыгын жеңилдетилген жол менен алуу практикасы токтотулду. Орусия 1996-жылы жетишилген келишимден чыкты. Келишимге ылайык, Кыргызстан жарандары Орусиянын, орус жарандары кыргыз жарандыгын үч айдын ичинде алуу мүмкүнчүлүгү бар эле.

Кыргызстандагы экономикалык каатчылык жүз миңдеген мигранттардын сыртка агылышына алып келди. Ал агымдын негизги бөлүгү Орусияга багытталганы маалым. Бирок Орусияда эмгек мигранттарынын укуктарынын жакшы корголбой жатканы жана жакшы ишке орношууда, ошого жараша дурус маяна алууда орус жарандыгынын артыкчылыктары кыргызстандыктардын орус жарандыгын массалык түрдө алуусуна алып келген.

Кыргыз өкмөтү да өз жарандарынын тагдырын жеңилдетүү максатында 1996-жылы жеңилдетилген жол менен жарандык берүү боюнча Москва менен келишимге барган.

Москва үчүн бул келишим демографиялык маселени чечүүгө, арзан жумушчу күч тартууга жана Кыргызстандагы орус тилдүү калктын көчүп келүүсүн жеңилдетүү жагынан керек эле.

Эки тараптын тең кызыкчылыгы бар мына ошол келишим 9-ноябрдан тарта күчүн жоготконун орус тарап Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине маалымдаган.

Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция департаментинин башчысы Куштарбек Айтматовдун 20-ноябрдагы билдирүүсүнө караганда, Москва келишимден чыкканы менен орус жарандыгын алууда айрым жеңилдиктер дале сакталып кала берет:

- Жарандык алуу боюнча дагы бир келишим бар. Ал төрт тараптуу. Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Беларустун ортосунда 1999-жылы жетишилген. Ошол келишимдин негизинде биздин жарандарга көп деле зыяны тийбейт деп ойлойм.

Айтматовдун айтымында, 1993-жылдан бери 400 миңге жакын кыргыз жараны орус жарандыгын алышты. Биринчи мезгилдерде Орусия жарандыгын орус тилдүү калктын бөлүгү көбүрөөк алып жаткан болсо, акыркы мезгилде кыргыз жана өзбектер көбүрөөк алууда.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Нурлан Төрөбековдун пикиринде, орус тарап миграциялык саясатын катаалдаштырып жатат. Ошого байланыштуу келишимден чыкты. Мигранттардын көбөйүшү орус өкмөтүнүн ушундай чечим кабыл алуусунун дагы бир себепкери деп кошумчалады Төрөбеков:

- Бүгүнкү күндө Россияда мигранттар аябай көбөйүп кетти. Жалаң гана Кыргызстандан эмес, башка мамлекеттерден да. Ошон үчүн Орусия бул маселени комплекстүү карап, чечим кабыл алып жатышат. Алар да өз мамлекетинин кызыкчылыгын ойлоп жатышат.

Нурлан Төрөбеков 1-декабрдан тарта орус бийлиги орус тарыхы, тили боюнча мигранттарды сынактан өткөрүүсүн да түшүнүү менен кабыл алыш керек дейт. Ал эми Куштарбек Айтматов сынактан жапырт бардык мигранттар өтүүгө милдеттүү эмес дейт:

- Бул милдеттенме тышкы эмгек мигранттарынын баарына эле тиешелүү эмес. Орус тилин милдеттүү түрдө билүү турак жай ,коммуналдык тармакта, тейлөө жана соода-сатыкта иштегендерге зарыл. Экинчиден, бул мыйзамдын шартын аткаруудан 1991-жылга чейин билим алгандар, тагыраак айтканда мурдагы СССРдин аймагында жашаган, билим алгандар бошотулат.

Айтматовдун айтымында, мына ушул үч тармактан башка чөйрөлөрдө иштеген эмгек мигранттары орус тилин түшүнө билиши жана өз оюн айта билиши жетиштүү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG