Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Аялдар абагындагы арабөк тагдырлар


Кыргызстанда бирден бир аялдар абагында соттологон 283 кыз-келин бар.

Акыйкатчы Турсунбек Акун 18-февралда Чүйдүн Степное айылында орун алган абакта болуп, сотттолгондордун укуктарына кызыкты.

Атын атагысы келбеген бул аял колундагы 10 айлык болуп калган уулун ушул абакта төрөгөн экен. Анын айтымында, мындан башка чиедей үч баласы азыр ар кимдин колунда калды, оор кылмыш менен кармалып, күйөөсүн өлтүргөн деп кесилген:



- 1,5 жылдан бери отурам. Эрим өлгөндө бул балам эки айлык боюмда калган. Бир күнү эле арак ичип, сайынып келип эле элдин көзүнчө кан кусуп өлүп калды. Кайынэжем аны сен өлтүрдүң деп бул жакка алып келип тыгып койду. Эрим өлгөндөн кийин эле сегиз күндөн кийин түрмөгө түштүм. Уулум 2-класс, кызым 1-класс болуп калды. Аларды көрө элекмин. Үч баламды ар ким бөлүп кеткен, үч балам үч жерде жүрөт...

Балалуу бул келин да киши өлтүрдү деп соттолгон. Кылмыш кылган деп кармалганда кош бойлуу экен:

- Бул жакка 2009-жылы түшкөм. Миң сом алып күрөөгө коюлган паспортумду алам деп баргам. Боюмда болгондуктан ал кишиден өзүмдү өзүм коргогом. Үйдө кичинекей үч эркек балам бар. Бизге жеңилдик берип, мунапыска чыгарса жакшы болот эле. Ошону эле күтүп жатабыз. Биз го отура беребиз, балдарыбызга эле убал. Бул жакта ар кандай ачык оорулар бар. Ошолордон коркобуз.

Абактагы аялдар арасында Оштон маңзат менен колго түшкөндөр көп деп айтышты. Халимахан Абитова да маңзат менен кармалып, 12 жылга кесилгенин, күнөөсү жок жерден тутулуп калганын айтууда:



- Менин эки кызым, бир уулум бар. Күйөөм жок, ажырашып кеткем. Акелерим баары абройлуу эле адамдар эле. Мен баарынын жүзүн жер караттым. Мен бул ишти кылбадым эле. Жөн жерден отурабыз. Таксиге эле чогуу түшүп калганбыз. Кылмыш кылгандар акчаны төлөп коюп жыргап жөн эле жүрүшөт. Биз андай нерсени билбеген, көрбөгөн болсок да отурабыз.

Майрамкүл
аттуу бул аял болсо “алдамчылык кылган” деп 8 жылга соттолгон. Ал абактагы аялдарга эч ким көңүл бурбайт деп нааразы болду.

- Жаңылбаган жаак, жыгылбаган туяк болбойт. Мен жаңылдым. Мен да алданып калдым. Бирок сот деген бул жакты көрдү, бирок башка тарапты көргөн жок да. Биз акыйкат издеп эч кимге кайрыла албайбыз. Мисалы Исаков деген генерал акталды. Жекшенкулов акталды. Алар биз катары түрмөдө отурду. Алар эмне себептен акталды? Биз эмне үчүн акталбайбыз. Бизди коргогон эч ким жок.

Аялдар абагынын жетекчи орун басары Нургүл Жумаканова кыз-келиндер оор турмуштун айынан кылмыштуу жоруктарга барып жатканын кеп салып берди:

- Оокат кылалы деп эле баары ошондойго өтүп кетип жатпайбы. Азыр наркотик деген балээ болуп жатат. “Тиги көчөдөн тиги көчөгө өткөрүп бер” дешет. Биринчисинде кармалбайт, экинчисинде кармалбайт, анан үчүнчүсүндө кармалып калып жатышпайбы. Кээ бирлерин чындап эле алдап карматып коюп жатышпайбы. Аялдар сумканын ичинде эмне бар экенин билишпейт, наркы көчөгө жеткирип бер дейт, ичинде болсо маңзат болот. 247-берене менен түшкөндөр көп. Оокаттын айынан, балдарын багайын дейт, жумуш жок. Маңзат боюнча Ош жактан улгайып калган аялдар көп түшүп жатат. Оор кылмыштар, киши өлтүргөндөр көп болуп жатат.

Бул абак жайга барган акыйкатчы Турсунбек Акун бир өкүлүн атайын жөнөтүп, аларга колдон келген укуктук жана гуманитардык жардамдарын берүүгө сөз берди:

- Соттолгондордун 70-80 пайызы “туура эмес соттолдук, башка бирөөлөр сатып кетти”, деп атышат. Анан булардын баары мунапыс мүмкүн болсо эрте берилсин деп талап кылып жатышат. Бул маселени мен президентке, парламентке, өкмөткө сөзсүз коем. Анткени булардын арасында 7-8ге чейин балдары барлар жүрөт. Айрымдарынын ата-энелеринин көзү өтүп кетиптир, күйөлөрү башка аял алып алыптыр, балдары кароосуз калгандар бар экен. Эми абакта шарттар жакшы түзүлгөн. Мамлекет буларды багып атат, бирок гумандуу жагын да ойлонушубуз керек.

Чүйдөгү Степное айылындагы жападан жалгыз аялдар абагында азыр 283 аял отурат. Алардын эң жашы он алты жаштагы өспүрүм эки кыз уурулук кылган деп кесилген экен. Эң улгайган аял 80ден ашты, ал киши өлтүргөн деген айып менен камалган. Серепчилерди айтымында, аялдар көбүнчө көкөй кескен оор турмуштун айынан кылмышка барат.

Абактагы үзүлбөгөн үмүттөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:31 0:00

XS
SM
MD
LG