Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:41

Адам укуктары: талкуусу көп, билгендер аз


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Кыргызстанда мигранттардын, алардын балдарынын, ошондой эле аялдардын укуктары бузулган учурлар көп катталат. Ошол эле учурда адам укуктарын милиция жана социалдык коргоо кызматкерлери көп бузушат.

Акыйкатчы институту менен "Фридом Хаус" уюму биргелешип уюштурган изилдөөнүн жыйынтыгы ушундай көрсөткүчтү берген. Иликтөөнүн жыйынтыктары Жалал-Абадда өткөн адам укуктары боюнча аймактык жыйында талкууланды.

Укуктарын билбегендер көп

Акыйкатчы институту менен "Фридом Хаус" уюму чогуу жүргүзгөн иликтөөдө Кыргызстан боюнча түрдүү катмардагы, курактагы 1200 адам сурамжылоого катышып, 76% жумушсуздук, 44% коррупция күч экенин, 25% айлык акы аз болгонун айтышкан.

Түнкү Ош шаары
Түнкү Ош шаары

Мисалы, Жалал-Абадда сурамжылоого катышкандардын 93% өз укугун жана аны кантип коргоону билишет. Ош шаарында да абал ушул сыяктуу. Ал эми Нарын облусунда адамдардын 47% өз укуктарын жана эркиндиктерин билбей турганын айтышкан. Чүйдө жашоочулардын 17%, Ысык-Көлдө 13% өз укуктарын билишпейт. Сурамжылоого катышкан Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын калкынын 70% ашыгы укук тууралуу маалыматтарды досторунан жана туугандарынан угушат. Бул жерде жергиликтүү бийлик, акыйкатчы же бир да бейөкмөт уюм көрсөтүлгөн эмес. Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында көбүрөөк телевидение аркылуу адам укуктары тууралуу маалымат алышары аныкталган.

“Демилгелүү ишкер аялдар” коомдук фондунун төрайымы Фарида Абдылдаева Жалал-Абаддагы көрсөткүчтөр тууралуу форумдагы маалыматтарга таянып буларды айтты:

- Жалал-Абадда негизинен кайсы жактарда адам укуктары көбүрөөк бузулуп жаткандыгы бүгүнкү форум учурунда 18 багыт боюнча айтылды. Алардын ичинен биз эң негизги үч багытты тандап алдык. Биринчиси - этностук кыргыздардын жарандык алуу жана балдарына документ чогултуу маселеси курч экендигин айтышты. Экинчиден, мигранттардын укуктары тебеленип, алар корголбой жатканы да баса белгиленди. Анткени Баткен жана Ош облустары сыяктуу түштүк Кыргызстанда миграциянын агымы күчөп тургандыгы баарыбызга маалым. Ошондой эле алардын балдарынын укуктары да башкы маселе болууда. Үчүнчүдөн, аялдар арасындагы зордук-зомбулук, алардын репродуктивдүү ден соолук укуктары багытында көйгөй бар экенин билдиришти.

Жашоо оңолдубу же сандар өзгөрдүбү?

Форумдун талкуусуна коюлган иликтөөлөрдүн жыйынтыгына караганда сурамжылоого катышкандардын 70 пайызы соңку жылдары Кыргызстанда жашоо турмуш оңолду деп эсептеген. Мындай тыянакка форумдун көпчүлүк катышуучулары макул болгон жок. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациясынын өкүлү Бекболот Ибрагимов буларды айтты:

Жаңы конуштардын бири.
Жаңы конуштардын бири.

- Бул сурамжылоону карап көрсөк 76% "биз жакшы жашайбыз, жашообуз оңолду" деп жооп беришкен. 13% гана жашоо турмушу начар экенин айткан. Эгер ушул иликтөөнү башка органдарга көрсөтсөңөр элдин турмушу оңолуп жатыптыр деп биздин аткаминерлер иштебей коет. Бул чийки даярдалган сурамжылоо экен. Муну дагы бир тактап чыгыш керек, элдин жашоо шарты оңолгон жок. 94% жумушсуздук болсо, анан кантип турмуш жакшырышы мүмкүн? Экинчи дагы бир ойлонто турган жагдай - адамдардын 14% никеси жок жашайт экен. Бул турмушка чыккан эмес же аял албады деген сөз да. Ушул маселеде иш алып барыш керек экен.

Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, Талас жана Чүй облустарындагы элдин тең жарымы Кыргызстан туура эмес багытта баратат деп эсептейт. Жыйынга жергиликтүү социалдык адистер, укук тартибин коргоо органдары менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Изилдөөнүн натыйжасында Кыргызстанда жумушсуздук, жемкорлук, маянанын аздыгы, тамак-аш менен кийим-кеченин кымбаттыгы актуалдуу экени белгилүү болду.

Унутта калган жабык жайлар

Ошондой эле форумда жабык жайлардагы адамдардын укуктары да талкууга алынды. Кыйноолорго каршы улуттук борбордун Жалал-Абаддагы өкүлү Алишер Эрматов Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайындагы абалды мисалга тартты:

- Айыпталып кармалган адамды укук коргоо органдары 48 сааттан кийин ИВСте кармаганга укугу жок. Андан кийин булар тергөө изоляторуна берилиши керек. Бирок бардык учурда алар ИВСтерде кармалып жатат. Бул жерде соттолуучулардын системалык укугу бузулуп жатат, маселени Акыйкатчы институту да караш керек. Экинчи маселе - азыр Сузак ИВСте 50дөн ашык адам кармалып жатат. Өзү ал жердеги убактылуу кармоочу жай 35 адамга ылайыкташкан. Андан сырткары кармалган ар бир адамга бирден керебет бериш керек. Бирок алар сыз жерде жатышат. Биз эл аралык уюмдарга кайрылып жатып, ал жердеги шартты жакшыртканга аракет кылдык, бирок толук оңдоло элек.

Форумдун жүрүшүндө эмгек мигранттарынын балдары жакындарынын колунда калып, атүгүл балдар үйүнө таштап кеткен жагдайлар да бар экени айтылды. Ошондой эле Акыйкатчы институту адам укуктары багытында иштиктүү жумуш жүргүзбөй жатканы сынга алынды.

Форумдун жыйынтыгында адам укуктары багытында тийиштүү мамлекеттик кызматкерлердин, бейөкмөт уюмдардын Акыйкатчы институту менен биргелешип иш жүргүзүү сунуштары кабыл алынды.

Акыйкатчы институтунун "Фридом Хаус" уюму жана Аялдарды коргоо борборунун колдоосу менен уюштурулуп жаткан аймактык форумдар Ош, Баткен, Талас облустарында өтүп, жыйыктыктоочу республикалык форум ушул айдын этегинде Бишкек шаарында белгиленет. Анда кабыл алынган адам укуктарына багытталган резолюция бийлик өкүлдөрүнө жолдонот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG