Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Июнь окуяларын иликтөө илгерилейби?


Оштогу коогалуу күндөр, 2010-жылдын 11-июну.
Оштогу коогалуу күндөр, 2010-жылдын 11-июну.

Президент Роза Отунбаева июнь коогасы боюнча иликтөөлөр анын түпкү себебин түшүнүп, окуянын кайра кайталанбашына өбөлгө түзөөрүн билдирди.

Мындай билдирүүнү президент 15-апрелде ЕККУнун Бишкектеги академиясында жасады. Мамлекет башчысы Европдагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги академиясында июнь окуялары боюнча онго жакын иликтөө иштери даярдалгандыгын белгиледи. Ал аталган баяндамалардын мазмуну бири-бири менен карама-каршылыктуу болгону менен берилген сунуштар маселенин себептерин түшүнүүгө жана чараларды көрүүгө жардам бере тургандыгын айтты.

Кечеңдеген тергөө, акыйкатсыздыктын арааны...

Ошондой эле Роза Отунбаева тергөө жана сот органдарына июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иштерин тездетүүнү тапшыргандыгын айтты:

- Сотто дагы токтоп турган иштер бар. Бирок эң башкысы көпчүлүк иштер боюнча тергөө иштери аягына чыгарыла элек. Мен тергеп-иликтөө иштерин тезиреек аягына чыгаргыла деп шаштырып жатам. Биздин укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилерине бир ай мөөнөт бердим. Бир айдан кийин кандай иштер бүттү, канчасы калды, эмне тоскоол болуп жатат деп кайрадан Ошто жолугуша тургандыгыбызды эскерттим.

Буга чейин июнь окуясы боюнча беш миңге жакын кылмыш иши козголуп, анын жүздөн ашууну гана сотко ашырылган. Козголгон кылмыш иштерин иликтөө боюнча быйыл жыл башында мекемелер аралык беш тергөө тобу түзүлдү. Роза Отунбаева тергеп-иликтөө иштеринин калыстыгын камсыздоо үчүн Ош менен Жалал-Абадка башка аймактардан коопсуздук жана милиция органдарынын өкүлдөрү жөнөтүлгөндүгүн кошумчалады.

Бирок Ош облусунун губернаторунун орун басары Кушбак Тезекбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин алмаштыруу натыйжа бербей жаткандыгына токтолду:

- Ири офицердик курамдардын ортосунда ротация болуп, биздегилер башка жакка кетишип, ал жактан бизге келишкенде койулган талаптар аткарылмак. Мына азыр ИИБнин жана атайын кызматтын түштүк аймагы боюнча башкармалыгынын жетекчилерин алмаштырганы менен жыйынтык жок. Мурдагыдай эле иш алып барып жатышат. Алар кээ бир мамлекет тарабынан берилген тапшырмаларды аткарбай, "өгүз өлбөсүн араба сынбасын" деген абалда эптеп эле иштеп жүрүшөт. Анткени алардын көпчүлүгү Жаныш Бакиевдин учурунда кызматтарга келишип, анын санаалаштары болуп калышкан. Мына ошол маанайдагы офицерлер Бакиевдер дагы деле келип калабы дешип күтүп жатышат.

Кошоктолгон кооптонуулар

Анткен менен иликтеп-тергөө иштерин жүргүзүүдө бир жактуулукка жол берилип жаткандыгы айтылып келет. Мында айрыкча чыныгы айыпкерлер сыртка качырылып, кылмышка тиешеси жок адамдарды камакка алуулар улантылып жаткандыгын мисал келтиришет.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бөрүбай Жураев мындай жагдайлар өзбек тектүү жарандардын арасында кооптонууга негиз берип жаткандыгын белгиледи:

- Элдин ортосунда кандайдыр бир карама-каршылыкты пайда кыла турган учурлар жок. Кудайга шүгүр, бирок мына бул укук коргоо органдарынын ичиндеги айрым бир кызматкерлеринин айынан өзбек коомчулугунун арасында катуу нааразычылык болуп жатат. Мына ошолор жаш жигиттерди алып чыгып алышып, уруп-согуп, капачылыкты күчөтүп жатышат. Биз буга чейин милициядагы мына ошондой адамдарды башка жакка которуу боюнча өтүнүч келтирген болчубуз. Бирок ал өтүнүчтөрүбүз аткарылган жок.

Буга чейин июнь окуялары боюнча эл аралык Мунапыс, Хъюман Райтс Уотч, Эл аралык кризистик топ жана Ташкендеги “Ош демилгеси” сыяктуу уюмдар өздөрүнүн баяндамаларын жарыялашкан. Ошондой эле мындан мурун улуттук комиссия өзүнүн тыянагын чыгарган. Учурда эл аралык көз каранды эмес комиссия жана парламенттик жумушчу топ өздөрүнүн иликтөөлөрүн аяктап, коомчулукка жарыялаганы турушат.

XS
SM
MD
LG