Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:10

Президентке каршы доо арыз сотко жетти


Журналист Дайыр Орунбековдун президент Алмазбек Атамбаевге жана аппарат жетекчиси Фарид Ниязовго карата доо арызы карала баштады.

Буга чейин президенттин беделине шек келтирди деген доомат менен Башкы прокуратура сотко берип, журналистти эки миллион сом доого жыккан болчу.

Жаңы жылдын алдында президент Алмазбек Атамбаев бирөөлөрдүн буюртмасын аткарып, жалганды жазган журналистти кечирбестигин, эгерде ал мамлекет башчысы болбогондо Орунбековду ордуна коюп коймоктугун маалымат жыйынында жарыялаган эле. Муну журналист анын беделине шек келтирүү жана коркутуу катары кабыл алып, сотко доо арыз жолдогон.

Сейрек кездешүүчү көрүнүш

Журналист өзүнүн беделине шек келтирди деген доомат менен мамлекет башчысын жана анын аппарат жетекчисин сотко бергени сейрек кездешүүчү көрүнүш катары кабыл алынууда. Катардагы жаран президентти сотко берген күндө да, постсоветтик республикаларда доо арызды сот өндүрүшүнө кабыл алган учурлар кездешкен эмес.

Укук коргоочулар менен саясат талдоочулар журналисттин кайра президентке каршы жазган доо арызын соттук кароого алуунун өзүн уникалдуу укуктук практика катары кабыл алышты.

Ал тургай доогер журналист Дайыр Орунбековдун коомдук жактоочусу Адил Турдугулов муну жакшы жышаан деп, бирок сотто калыстык болбогонун кошумчалады:

- Жөнөкөй жаран президентти сотко берип, аны сот өндүрүшкө кабыл алган көрүнүш буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүндө гана эмес, КМШ аймагында боло элек болчу. Муну ошол башка мамлекеттерге караганда бизде кичине болсо дагы демократия жагынан алдыга кеткенибизден кабар берет деп түшүнсөк болот. Бирок бул сот жараяны Ак үйдүн тапшырмасы менен жүрүп жатканын байкоого болот. Ал жактан кандай айтса, ошондой чечим болору билинип калды. Башында эле доогердин укугу бузулуп, сот андан орусча сүйлөөнү талап кылып, анын кыргыз тилинде жооп берүүсүнө сот тыюу салды. Муну биз Орунбековдун укугун бузуу катары бааладык. Ошондой эле сот жараянын тасмага тартууга уруксат берилген жок.

Буга чейин президенттин беделине шек келтирди деген негизде сотто эки милион сом айыпка жыгылган журналист Дайыр Орунбеков кийин мамлекет башчысы маалымат жыйынында ар-намысымды тебеледи деп сотко берген. Анда президент Атамбаев журналист айыпка жыгылган акчаны кимге иштеген болсо ошолор төлөсүн деп айткан. Ошондой эле Атамбаев президент болбогондо Орунбековду ордуна коймоктугун эскерткен.

Анын артынан эле президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов соттон утулган журналист Орунбеков менен публицист Уран Ботобековду криминалдын коргоочусу жана Бакиев режимине кызмат кылуучу катары сыпаттаган.

Айырмачылык доонун өлчөмүндөбү?

Доогер журналист Дайыр Орунбеков президентке карата доо арыздын мазмунун төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Президентке биз тууралуу айткан сөзүн төгүндөсүн деп сотко доо арыз даярдаганда эле “эмнеге силер өзүңөрдүн ар-намысыңарды бир сомго бааладыңар?” деп сурагандар болду. Биз аларга “адамдын кадыр-баркын миллиондогон акчага баалаганга болбойт, анын баасы чексиз деген негизде президенттен айырмаланып, эптеп эле бирөөнүн оозун жабуу үчүн олчойгон эки миллион сом өндүрүп алууну максат кылбастан, символикалуу түрдө бир сомго гана доо койдук” деп жооп бердик.

Сотто президенттин кызыкчылыгын адвокаттан башка мурдагы судья, юрист Чынара Мусабекова коргомой болду. Юрист Мусабекова журналисттин президентке доосун негизсиз деп баалады. Анын айтымында, доо арызда көрсөтүлгөн учурларды Жогорку Соттун пленумунун токтомуна ылайык, кадыр-баркка шек келтирүүчү жагдайлар катары кароого мүмкүн эмес.

Анткени Чынара Мусабекова доо арызда президенттин оозунан чыккан сөздөр кайсы бир конкреттүү фактыга карата айтылбагандыктан аны кылмыш жасалганы тууралуу чындыкка коошпогон маалымат же ар-намыска шек келтирүү катары кароого болбойт деп сотто каршы пикир билдирди:

- Президенттин оозунан чыккан сөздү чындыкка коошпогон жалган маалымат же болбосо мазактоо катары кароого болбойт. Доогер арызында көрсөткөн президенттин “кимдир бирөөнүн же кайсы бир жакта” деген сыяктуу сөздөр конкреттүү бир фактыларга байланыштуу эмес, жалпы мүнөздөгү эле фразалар менен айтылган. Аларды чындыкка коошпогон маалымат деп атоого болбойт. Анан дагы башка айткан сөздөрүндө кадыр-баркка шек келтире тургандай деле эч нерсе жок.

Мына ушуга байланыштуу президенттин кызыкчылыгын коргогон Чынара Мусабекова соттон Дайыр Орунбековдун доосун канааттандыруудан баш тартууну сурады.

Биринчи Май райондук соту журналисттин президентке жана анын аппарат жетекчисине берген доо арызын экиге бөлүп кароо чечимин кабыл алган. Ошондуктан 1-февралда президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязовго карата доо арыз каралды. Анда анын адвокаты Ниязовдун криминалды колдойт деген сөзүн тастыктоо иретинде Орунбековдун сайтына жарыяланган адамдардын пикирлерин далил катары келтирди. Бул доо арыз боюнча кошумча материалдар талап кылынгандыктан сот дагы улантыла турган болду.

XS
SM
MD
LG