Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:36

Ниязалиева: Бала асыроо мыйзам менен жөнгө салынды


Бала асыроо маселелери боюнча Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева кеп салат.

“Азаттык”: Парламент “Үй-бүлөлүк кодекске” өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорду жактырды. Эми бул өзгөрүүлөргө ылайык, мындан ары Кыргызстандагы балдарды асыроо маселеси менен өкмөт алектенет экен. Ушул тууралуу кыскача маалымат бере кетесизби?

Дамира Ниязалиева: Мурун юридикалык жактан өзүнчө боштук бар болчу. Билим берүү министрлиги жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кандайдыр бир эрежелерди киргизгенге укуктары бар эле. Бирок чынын айтканда "мобул мекеме уруксат берет" деген сөз мыйзамда жок болчу. Ошонун негизинде Билим берүү министрлиги, жергиликтүү бийлик мыйзамды өзү билгендей түшүнүп, ар кандай туура эмес иштер жасалып кеткенине баарыбыз күбө болбодукпу.

Парламенттин төртүнчү чакырылышында атайын комиссия иштеп, эл аралык бала асыроодогу бир топ коррупциялык схемалар аныкталган. Ошонун негизинде бул жерде жоопкерчилик кимде эле, кайсы мекемеге бериш керек деген суроо чыкканда бир дагы мыйзамдан жооп ала алган жокпуз. Ошондон улам “Үй-бүлөлүк кодекске” жаңы жобо киргизилип жатат.

Негизинен мындай өзгөртүү парламенттин төртүнчү чакырылышындагы депутаттардын кароосунан өткөн. Апрель окуялары болуп кетип президент кол койгонго үлгүрө албай калган.

“Азаттык”: Бул эми чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандан бала асырап алууга уруксат берилди дегенди түшүндүрөбү? Бул маселеде чет өлкөдөн келген долбоорлорго, гранттарга кызыгып депутаттар алардын кызыкчылыгын сүрөйт деген сөздөр бар. Бул канчалык негиздүү?

Дамира Ниязалиева: Бул такыр туура эмес көз караш. Анткени жанагы эки жылдан бери америкалык үй-бүлөлөр багып алабыз деген 65 баланын экөө каза болуп калды. Ал экөөнүн тең катуу оорулары бар болчу. Алардан башка дагы эл аралык асыроону күтүп жаткан балдардын 95 пайызы оорулуу десек болот. Андай оорулуу балдарды биздин жарандар албайт. Эгер алгылары келсе азыр эле барышсын, көрүшсүн. Мисалы сифилис менен ооруган баланы ким алат? Анан бул балдардын арасында өтө кымбат, биздин өлкөдө эмес, чет мамлекетте операцияга муктаждары бар.

Билбейм, депутаттар долбоорлорго сатылып ушинтип атат деп айтканга кандай кишинин оозу барат? Тескерисинче биз балдардын кызыкчылыгын коргоп ошолор өлбөй, адам болсо экен, сакайып кетсе экен деп, биз багып албагандан кийин балдар үйүндө өмүр бою калбай, үй-бүлөдө чоңойсо экен деген ураан болуп жатат.

“Азаттык”: Дагы бир талаштуу жагдай, ушул сыртка алып кеткен балдардын органдарын сатат деген калыптанып калган сөздөр бар. Сиздер чет өлкөгө кеткен балдарга кепилдик бере ала аласыздарбы?

Дамира Ниязалиева: Албетте. Мына азыр жоопкерчилик өкмөткө жүктөлдү. Ал жерде балдарды бергенге гана уруксат берилбейт, алар жоопкерчилик да алып жатышат. Чет өлкөлүк жарандар асырап алган балдар 18 жашка чыкканга чейин алардын абалын тактап билип турушат. Керек болсо бир жылда 2-3 жолу сүрөттөрдү, видеолорду жөнөтүп, кат жазып кабар алып-берип турушат.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG