Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

Каттооң кайсы жерде?


Милициянын жарандардын катталган жерин текшерүүсүнө көбүнчө базардагылар кабылат.
Милициянын жарандардын катталган жерин текшерүүсүнө көбүнчө базардагылар кабылат.

Кыргызстандын ар кайсы аймагынан Бишкекке келип, негизинен базарларда соода менен күн өткөрүп жаткандар шаарда каттоосу жоктугунан жапа чегүүдө.

Алар милиция каттоосу жоктордон акча талап кылып, кол тийгизгенге чейин барышат деп даттанууда. Милиция жетекчилиги болсо мындай дооматтарды четке кагат.

Ош базарында май токоч жасап саткан Мырзабектин Бишкекте каттоосу жок. Ошол үчүн милиция формасын көргөндө "жүрөгү лакылдап кетет экен":

- Эки жолу кармашып, колумду сындырышты. Жанымда болгон 200-300 сомдой акчамды, телефонумду тартып алышты. Ош базарында милициялар “каттооң жок” деген шылтоо менен кармап, тоноп атышат. Ишенбесеңер, өзүңөр кечке маал келип көргүлө...

Мырзабекти жанында отурган соодагерлер да коштой кетишти. Арабада дарбыздарын жайнатып отурган орто жашап калган киши да атын атабоосун өтүнүп, буларды кеп салды:

- Он беш күн мурда эле бирөөнү каттооң жок деп колун кайрып, аялы чуркап барса аны да сабашып... Элдин баары чуркап барып ажыратып калышты. Милиционерлер паспортуң жаныңда болсо деле “чай пулу” таштап кетпейсиңби деп сурап турат...

Ошол эле учурда милиция башчылары мындай дооматтар менен макул эмес. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Канатбек Досов бул боюнча бир да арыз-даттануу болбогонун айтат:

- Ош базарында бизден сырткары прокуратура көзөмөл кылат, өзүбүздүн ички коопсуздукту караган кызмат, башка мамлекеттик кызматтар, ишеним телефону бар. Биз арыз түшсө карайбыз. Ушул убака чейин бир да кызматка кайрылуу келген эмес. Ар ким айтса ишене берсек, туура эмес болуп калат.

Досов милиция кызматкерлери бардык эле жарандарды текши текшербесин да кошумчалады:

- Милиция шектүү гана адамдын документин талап кылышы мүмкүн. Андай адамдар өзү эле билинет. Ал эми паспорту жанында жок болсо, жанында далилдеп бере турган киши болуш керек. Кимдир бирөө далилдей албай, бир топ убакыт өтүп кетет. Ал учурда протокол толтуруп, убактылуу кармоочу жайга жайгаштырабыз. Ал жарандын туулган жерине кабар жиберилип, жооп келгенден кийин бошотулат.

Коомчулукта болсо жашаган жери боюнча каттоо системасы эскиргенин, аны түп-тамырынан реформалоо зарылдыгын айткандар чыга баштады. Маселен, Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун координатору Каарманбек Кулуевдин пикиринде, совет доорунан калган бул система адамдын эркиндигин чектеп, укугун басмырлайт:

- Советтер Союзунан калган абдан жай, мамлекеттик кийлигишүүсү өтө зор системаны жоготуп туруп, анын ордуна жаңы, мобилдүү, элге ыңгайлуу каттоо системасын киргизүү зарыл.

Бул маселе азыр парламенттик деңгээлге чейин жетип, каттоо институтун жоюш керекпи, же жөнөкөйлөтүү орундуубу деген талкуулар жүрүүдө. Мындай реформа башталган кезде деле аны ишке ашыруу бир топ убакытты талап кылышы мүмкүндүгүн түкшүмөлдөгөндөр да бар.

XS
SM
MD
LG