Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

Маевка окуясында жабырлануучулар сот өкүмүнө нааразы


Маевка, 20-апрель, 2010-жыл
Маевка, 20-апрель, 2010-жыл

Маевка окуясында жабырлануучулар менен мамлекеттик айыптоочулар соттун өкүмүнө нааразы болушууда. Соттолуучулардын адвокаттары чечим туура болгонун белгилешүүдө.


Жабырлануучулар нааразы

Бишкектин ылдый жагындагы Маевка айылында жер талаштан чыккан тополоңдо Жалал Агалиевдин үй-мүлкү талкаланып, өрттөлүп, мал-жандыктары уурдалган. Эми Ж.Агалиев окуя боюнча Аламүдүн соту чыгарган өкүмдү адилетсиз деп баалап, нааразы болууда. Анын айтымында, сот жабырлануучулардын катышуусуз өкүм чыгарган.

- Сотко бир жолу бардык. Төрт кишини көрсөтүштү. Аларды тааныбайбыз да, өзүбүз качып кеткенбиз. Андан кийин сотко чакырган жок. Бул акыйкат эмес да. Адам өлтүрүштү, үйдү күйгүзүштү, талкалашты. Биз нааразыбыз. Билбейм кандай болот.

Маевка, 20-апрель, 2010-жыл
Апрель айында түрк, күрт, орус жана кыргыз улутундагы 7200дөн ашуун түтүн жашаган Маевка айылынын ылдый жагындагы айдоо аянттарын миңден ашуун адам ээлеп алууга аракет жасаган. "Жердин ээсибиз" деген тарап жерлерин коргоп калууга чыккан. Натыйжада эки ортодо чыр чыгып, тополоңдо жалпысынан 5 адам каза тапканын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлаган. Жергиликтүү тургундар жер талаштын артынан 7 үй өрттөнүп, бир канча турак-жай жана унаалар талкаланганын айтышкан.

Ошол эле айылдын бир четинде жашаган кыргыздардын өкүлдөрү айылдын түрк улутундагы тургундарынын айрымдары өздөрү ок атып, кырдаалды курчутуп жибергенин белгилешкен эле.

Маевканын тургуну Кызханым Карибованын жолдошу да ошол тополоңдо өлтүрүлгөн. Ошол күнү анын үйү толугу менен өрттөлүп, мал-жандыгы жоголгон. Ал соттун өкүмүн адилетсиз деп баалап жатат.

- Албетте бул адилетсиз чечим. Бул жерде канча адам болгон, болгону ошол беш кишини кармаптырбы? Ошол күнү 120 адамды кармап, эмнеге жазалабай кое беришти? Беш кишини сотоп, калгандарын кое берген адилеттүү чечимби? Эгер мени сотко чакырбаса кантип барам? Мен сот болгонун да билген жокмун. Жабыркагандардын бирөө да сотко катышкан жок. Өздөрү отуруп алып эле соттоп атышабы, мен түшүнбөйм. Күйөөмдү өлтүргөн боюнча өзүнчө сот болот деп айтышкан. Эми күтүп атабыз. Ал эми үйлөрдүн өрттөлгөнү боюнча соттун чечими бул күлкү келтирерлик. Эмне деп айтаарымы да билбейм. Чынымды айтсам, мен сотко ишенбейм. Мен бир гана Аллахка ишенем.

Кызханым учурда 13 жана 15 жаштагы эки баласы менен жалгыз турат. Эми ал адам өлтүрүү боюнча сот өзүнчө болорун угуп, бирок акыйкат сот болоруна көзү жетпей турган чагы. Күйөөсү Казакстандын жараны болгонун, экөө жомоктогудай бактылуу жашаганын эскерип көзүнө жаш алды. Кызханымдын айтымында, алардын өздөрүнө тиешелүү жерлери деле жок экен.

Аламүдүн райондук соттун өкүлү жабырлануучулардын "биздин катышуубузсуз эле сотту өткөрө бергиле" деген арыздары бар экенин “Азаттыкка” ачыктады.

Беш адам соттолуп, бирөө камалды

Соттун 13-декабрда чыгарган өкүмүнө ылайык, Исабай Ашыров Кылмыш-жаза кодексинин “массалык тополоңго катышуу”, “ачык түрдө тоноо” беренелери менен жети жылга эркинен ажыратылды. Убактылуу өкмөттүн апрель айындагы "мунапыс боюнча" кабыл алган декретине ылайык, бул мөөнөттүн үчтөн бир бөлүгү дагы кыскармакчы. Андан сырткары Хайрулло уулу Талантбек, Чыңгыз Кубанычбеков, Эдилбек Калмурзаев жана өспүрүм Шамил Гамзамидин уулу үч жылдан беш жылга чейин шарттуу соттолушту.

Соттолуучулардын жактоочусу Динара Медетова сот туура чечим чыгарды деп эсептейт.

- Биз өкүмдү кылган күнөөлөрү үчүн, бардык иштин жагдайларын эске алып туура эле деп ойлоп жатабыз.

Ал эми жети жылга соттолуп жаткан Исабай Ашыровдун жактоочусу Батырбек Субанкуловдун айтымында, жабырлануучулардын нааразылыгы негизсиз. Адвокаттын пикиринде соттолуучуга максималдуу мөөнөт берилген.

- Анткени угузулган айып боюнча “массалык башаламандыкка катышуу” санкциясы үч жылдан сегиз жылга чейин. Жети жыл берип атса, анан кантип аз деп айтабыз. Айрым соттолуп жаткандар өздөрү жабырлануучу болуп, чачма ок тийген.

"Жоопкерчиликке бардыгы тартылган жок"

Өлкөнүн башкы укук коргоочусу Турсунбек Акундун баамында, апрель айындагы кырдаалды, ошондогу элдин толкундоосун эске алганда соттун чечими негиздүү эле болду. Бирок акыйкатчы Маевка окуясына катыштыгы бар бир топ адамдардын жоопкерчиликтен чыгып кетиши туура эмес деген ойдо.

- Апрель окуясы болуп турду, элдер толкундап, саясий эйфория баш ийип турду. Кандай кылмыш болгондо да бул саясат менен байланыштуу да. Элдин баары жер басып алып атты. Сот деле кандайдыр бир жагынан негиздүү эле чечим чыгарса керек деп ойлойм. Башкы кылмыш болсо жанагыдай үйлөр талкаланып атса, адам өлтүрүү болуп атса, анда жөнөкөй, жеңил чечим болду деп айтсак болот. Оор, жеңил деп айта албайм. Бирок ал жерде буга көп адам катышкан болчу. Эмнеге бир эле адам соттолуп атат? Ушул жагы мени акыйкатчы катары түйшөлтөт. Кеп жазанын азында, көбүндө эмес, көп адам жазасын албай, жоопкерчиликтен чыгып кетти.

Эми жактоочулар жана мамлекеттик айыптоочулар Аламүдүн райондук соттун чечимине нааразылыгын билдирип, соттун жогорку инстанцияларына даттанууга ниеттенип турушат.

"Азаттыктын" архивинен: Маевкадагы өрттөнгөн үйлөр

Бишкектин ылдый тарабындагы жер талаштан чыккан тополоңдо Маевка айылында 10 чакты үй өрттөлдү. 20-апрель, 2010-жыл

Маевкадагы өрттөнгөн үйлөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

XS
SM
MD
LG