Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Апрель эскерүүлөрү: эстен кеткис өргүү


… 2010-жыл. 7-апрелде таң атпай милициянын машинелери «Форумду» көздөй чапкылап баратышат.

«Оппозиция дагы акция өткөрүп жаткан го» деп койдум жанымдагы кызыма. Анда мен «күйүп» бараткан отпускамды алып, Көлгө төркүлөп кетип бараткам.

Бишкекте эл толкуп жатканын, түнү бою оппозициячыл саясатчылар камакка алынганын Балыкчыдан өтүп калганда уктум. Кесиптештерим окуя ушунчалык тездик менен өнүгүп жатат, кишилер өлүп атат дешти. Машинанын радиосун жаным калбай бурайм, бир да маалымат таппайм. «Азаттыктын» үнүн болсо бийлик эчак өчүргөн. Кыска толкун кармалбайт... Кан күйүп атса мага айылчылаганды ким койду, кайтыш керек дейм. Оюмда - чабалекейдей безилдеп, окуяларды чагылдырып жетишпей жаткан кесиптештерим. Аңгыча «Азаттыктан» облустагы кырдаалды байкоо тапшырмасы берилди.

ххх
Ысык-Көл облустук администрацияга жеткенде кеч бешим болуп калган. Бийликти ыңкылапчылар колуна эчак эле алып, деми сууп турган кези экен. Губернатор Кыдыкбек Исаев ордун өзү бошотуп берди дешти. Сынган-бүлгөн эч нерсени байкай албадым. Болгону кабылдаманын жанында Курманбек Бакиевдин сүрөтү алкагы, айнеги менен кошо талкаланып, тепсендиде жатат.

Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Эл аябай эле сээлдеп калганын, облустук бийлик алынары менен далайы, анын ичинде аттуу-баштуулары дароо Бишкекке кеткенин айтышты. Ошентсе да администрациянын алдында тургандарды аз дебес элем.

Имараттын ичинде да, сыртында да топ-топ жыйындар өтүп жатат. Бишкекке жардамга барабыз деп жамаатташкандар, машине издегендер, май издегендер толтура. Активист аял-эркектин бир нечеси түнүндө талап-тоноочулуктан сактаналы деп, сакчыларды топтоп атышат. Бир маалда облустук милиция жетекчиси баштаган бирин-экин атка минерлер келип, кулатылган бийлик үчүн кечирим сурашты да, катуу убадаларын берип, элдин катарына кошулушту.

ххх
Тартип кызматында иштеген иним Жети-Өгүз районунда (кийинчерээк Ысык-Көл, Түп, Тоң райондук бийликтеринде деле эч кандай каршылашуу болбогондугун уктум) бийлик ыңкылапчылардын колуна күндүз эле өткөнүн айткан. Бирок Кызыл-Сууга караңгы талаш келсек, эл үйүнө кайта элек экен. Жергиликтүү лидерлер тобу баш-көз болуп жүргөндөй. Көпчүлүгү - жаштар. Бишкекте кан төгүлүп жатат, барабыз деп, машиненин, майдын аргасын издеп жүрүшөт. Озунгандары май куюучу жайларды күч менен эле шыпкап кетишкенин айтып атышты.

Айылдын чыга беришине келсек беш-алты киши Бакиевдин сүрөтү тартылып, кан жолдун үстүнө туурасынан илинген чоң паннону түшүрүп, бүктөп, автоунаага жүктөп жатышыптыр. "Эмне кыласыңар?" десем "Чөп жапканга жакшы. Суу өткөрбөйт. Жок дегенде бир ишке жарасын" деп күлүп койду бирөө.

ххх

Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Ошентип, бир жылдан бери жете албай жаткан төркүнүмө удургуган санаа менен түн ортосунда кирип келдим. Эси-дартым - Бишкек. Күйөөм да, уулум да иштеген жерибизди тоноп кетпесин деп, күзөттө турабыз дешет. Эки сиңдим чалышат, күйөөлөрүбүздүн дайынын билбей жатабыз, аянтка кеткен бойдон жок, кайдан табабыз деп.

"Снайперлер терип атат", "кан төгүлүп атат", "өлүктөр ооруканаларга батпай кетти" деген өңдүү телефон кабарлары үрөйүмдү учурат. Же радиодо, же телевизордо эч нерсе жок. Түн ортосу оогон кезде эл Ак үйгө кирди, бийлик оппозициянын колуна өттү деп уктум. Таң аптайт.

ххх
Таңга жуук уктап калыптырмын. "Азаттык" ойготту. Өңүмбү-түшүмбү? Иним радиону болушунча чоңойтуп коюптур. Короону эмес, көчөнү жаңыртат. Акыркы айларда КТР тургай, жергиликтүү толкундар да бизди обого чыгаруудан коркуп калышкан. "Байкуш «Азаттыгым», азаттыкка чыктыңбы?" деп кыйкыргым келди. Бирок үн-сөзсүз, дем албай Бишкектен кабар алып аттым. Маалыматка адам ушунчалык зар болорун мынчалык сезген эмес экемин. Аябай ыйлагым келди. Ыйладым. Ичимде баары аралашып кетти…

ххх
Кызым менен жээнимди машинага салдым да, жолго чыктым. Аңгыча Шайыр (Эркин уулу - веб редактор) чалды: "Жаңы бийлик Кубатты («Азаттыктын» директору) Улуттук радиону башкарууга алып кетти. Прага сизди тез кайтып келип, ишти колго алсын деп атат". Бир аздан кийин радиодон Өмүрбек Текебаев Кубат Оторбаевди Улуттук телерадионун жамаатына тааныштырды деген кабар берилди.

ххх

Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл
Токмоктогу автовокзалдын айланасында, кара жолдун жээгинде киши жайнайт. Кыргыздардын эмгегин "жеген" дунгандарды талкалайбыз деген ураан көтөрүп, жалаң жаштар 8-апрелде кайра көчөгө чыгышкан экен. Мен айланма жол менен кет деген кеңештерди укпай, окуяны байкайын деп, машинемди көпчүлүктү көздөй айдадым.

ххх
Кең-Булуңга жакындап калганда колдоруна айры, күрөк, таяк көтөрүп, жөө-жалаңдап бараткандардан, элди толтуруп алган номурсуз чоң-кичине машинелерден жол тийбей калды. Артка да кайта албайм. Сүр көрсөтүп өтүп кетейин деген аракетим эч кимге жаккан жок. Алдыда бараткан беш-алтоо таяктары менен талкалап ийчүдөй тап беришти. Аңгыча башка эки өспүрүм бала машинемдин алды-артындагы номурларын заматта жулуп ыргытып ийишти. Мага тотугуп калган бир аял, эки киши арачы түшүп, машинени эптеп артка бурдурду да, Кең-Булуң ылдый айланма жолго салып ийишти. Антпегенде кандай болот эле, азыр да элестете албайм.

Кудай жалгап бул чатак ырбабай басылды. Эки улуттун аксакалдары арачыга түшүп, тынчытканын ал жерге барган кабарчыбыз (Эланора) айтып келди. Бирок бул өңдүү ар кандай себептерге байланган толкундоолордун, нааразылыктардын арааны узакка жүрдү. Акыры июнда чыккан улут аралык жаңжал апрель ыңкылбанынан кийин элдин башына түшкөн дагы бир мүшкүл, дагы бир сыноо болду.

ххх
Келерим менен аянтка жөнөдүм. Сыр бербей, менменсип турган борбордук аянт бир күндө мүңкүрөп калыптыр. Канга боелуп, ызага, ыйга толуп, шыйкыры качыптыр. Миңдеген адамдар каршы-терши агылып, куран окуп жатышат. Кан төгүлгөн жерлерде гүлдөр жатат, абдан көп гүлдөр… Кайран жигиттер, күлгүндөй болгон арман жигиттер…
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG