Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:04

Муфтийди үч жылга шайлоо сунушталды


Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы уставынын долбоорун талкуулаган коомдук угууда муфтий үч жылдык гана мөөнөт менен иштесин деген сунуш айтылды.

Буга чейинки чуулгандуу фактыларды эске алып ажылык жана каржы иштерин муфтийдин түз милдетинен алуу сунушталууда.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы уставынын долбоору буга чейин түштүк облустарда талкууланса, 28-февралда Бишкекте талкууланды. Уставды жаңылоо боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы Чубак ажы Жалиловдун айтымында, долбоорго кескин өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Андагы негизги өзгөртүүлөр муфтийди шайлоого жана уламалар кеңешине тиешелүү. Маселен, жаңы долбоордо муфтий үч жылга шайланса, уламалар кеңешинин саны 35тен, 21 адамга кыскартылууда.

- Мурдагыдай болуп, муфтий, анын орун басарлары, казылар, алардын орун басарлары да уламалар кеңешинин мүчөсү боло албайт. Муфтий бир шайланганда үч жылдык мөөнөткө шайлана турган болуп жатат. Ошондой эле уламалар кеңешинин төрагасы буга чейин болуп келгендей муфтий эмес, башка адам болуп, жыл сайын алмашып турмакчы. Булардан тышкары уламалар буга чейин жылына эки жолу чогулуп турса, жаңы уставга ылайык, туруктуу иштей турган болууда.

Жогорудагылардан тышкары, жаңы уставга билим берүүгө жана казы-имамдарды шайлоого байланышкан да өзгөртүүлөр киргизилген. Уставды иштеп чыгууда ушул айдын башында президентке караштуу Коргоо кеңешинде айтылган сын-пикирлер жана сунуштар эске алынды дейт Жалилов.

- Уставга диний билим берүү боюнча атайын бөлүм киргизилди. Андан тышкары, кайрымдуулук фонддор боюнча бөлүм кошулду. Булардан тышкары, мамлекет менен муфтияттын ортосундагы карым-катнаш мындан да терең болсун деп, казыларды шайлоодо, ал гана эмес муфтийдин өзүн шайлоодо мамлекеттик органдар менен кеңешип, алардын пикирин эске алууну сунуштап жатабыз.

Муфтияттын уставынын жаңы долбоорун талкуулаган жыйынга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү, диний ишмерлер жана эксперттер катышты. Талкууда негизинен талаш-тартыш муфтий канча жылга шайланышы керек деген маселенин тегерегинде болду. Муфтий узак мөөнөткө, керек болсо өмүр бою шайлансын деген да сунуштар айтылды. Эксперт Данияр Мурадилов эң башкысы ажылыкты уюштуруу ишин жана каржы маселесин муфтийдин түз милдетинен алганда гана жаңы өзгөртүүлөр натыйжасын берет деген ойдо.

- Муфтийдин алдынан ажылык жана каржы маселесин алып таштоо керек. Эгер ошондо муфтий болом деген адам уставдагы шарттарды толук аткарса, анда өмүр бою шайлана берсин. Муфтийдин тегерегиндеги талаш эмнеден улам болуп жатканын баарыбыз тең билип жатабыз. Кыскасы, адамдардын баары “мен муфтий болот элем” деп, жанталашпай, тескерисинче “жоопкерчилиги чоң экен” деп, качкыдай болушу керек.

Жогорудагыдан тышкары, муфтийдин шайлануусунун башка да мөөнөттөрү сунушталды. Уставга жаңыдан киргизилип жаткан диний кайрымдуулук уюмдар жөнүндөгү бөлүм, алардын иш-аракеттери Кыргызстандын салт-санаасына, кулк-мүнөзүнө ылайык жүрүп жаткан-жатпаганын көзөмөлдөп турууну көздөйт.

Ал эми диний билим берүү жаатындагы өзгөртүү да ушундай максатта киргизилген. Чет өлкөдө диний билим берген окуу жайлардын тизмесин да түзүү сунушталды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын алдыдагы байкоочу кеңештин төрайымы Назира Курбанова чет жерге билим алууга кеткен адам сөзсүз муфтияттын макулдугун алышы керек деген эреже уставга жазылыш керек деп эсептейт.

- Бул жерге бир пункт киргизип коюу керек. Чет өлкөгө диний билим алууга кетип жаткандар Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына келип, макулдашсын деп киргизип коюңуздар. Анан окууну бүтүп келгенден кийин кайра дипломун дагы текшертсин. Ошондо көп көйгөйлүү маселелерди муфтият өзү эле чечип коймок.

Талкууда айтылган сунуштарды, алымча-кошумчаларды эске алуу менен устав долбоорунун акыркы варианты 4-мартта өтүүчү Кыргызстан мусулмандарынын курултайында бекитип берүү үчүн делегаттарга сунушталат. Андан соң жаңы уставдын негизинде ушул эле күнү муфтий да шайланышы керек. Азырынча баш муфтийликке азыркы милдетин аткарып жаткан Максат ажы Токтомушевден башка адамдын талапкерлиги атала элек.
XS
SM
MD
LG