Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:05

Курман айтта ынтымакка басым жасалды


Бишкектеги эски аянтта окулган Курман айтка президенттик жарышта биринчи келген Алмазбек Атамбаев катышып, биригүүгө чакырды

Бишкектеги Курман айт намазы Кыргызстандагы улуттарды биримдикке үндөө тилеги менен башталды. Айт намазына катышкан Алмазбек Атамбаев үгүт өнөктүгүндөгү эң башкы - биримдик ураанын улантып, бул ыйык күндө өлкөдөгү бардык адамдарды бир тууган деп атап, жалпы жарандарды ынтымакка чакырды:
Тынчтык ар бир үйдөн, ар бирибизден башталат. Эгер бир үйдө ынтымак жок болсо, көчөдө тынчтык жок болсо аны башка бирөө алып келип бербейт.
Алмазбек Атамбаев


- Эгер тынчтык болсо Кыргызстандын келечеги абдан кең болооруна ишенемин. Тынчтыкты болсо бирөө алып келип бербейт, асмандан же башка бир мамлекеттен. Тынчтык ар бир үйдөн, ар бирибизден башталат. Эгер бир үйдө ынтымак жок болсо, көчөдө тынчтык жок болсо аны башка бирөө алып келип бербейт. Муну унутпайлы бир туугандарым. Тынчтык ар бир адамдын өзүнөн, ар бир адамдын жүрөгүнөн башталат. Ошондуктан, бирөөнү кемсинтпейли. Себеби баарыбыз бир тууганбыз.
Бул жолку айт намазы атка минерлердин көп келгени менен айырмаланды
Чубак ажы Жалилов


Муну менен катар Атамбаев эл башкарып жаткандарды ыйманга үндөп, алардын моюнунда өтө чоң жоопкерчилик турганын жана алар эл астында гана эмес Кудай алдында да жооп берээрин эскертти.

Бул жолку Курман айт намазына чогулган элдин саны мурдагы жылдарга караганда көп болгону байкалды. Муфтий Чубак ажы Жалиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул жолку айт намазына 150 миңден ашуун адам катышты. Ал быйылкы айт намазындагы дагы бир өзгөчөлүк катары намазга келген атка минерлердин саны да арбын болгонун белгиледи:

- Быйылкы Курман айт намазы көп эл келгени жана алардын арасында атка минерлер да мурдагыдан көп болгону менен айырмаланды. Бул жакшылыктын жышааны. Дагы бир эске ала турган нерсе, 200 миңге чукул адам катышса да эч бир тартип бузулбай, аянтыбыз айт намазына чейин кандай таза болсо, ошондой таза бойдон калды. Дүйнө жүзүндө Меке шаарындагы ажылардан кийин эле Биздин Бишкегибизде да айт намаз ушундай шаан-шөкөт менен, ушундай көп сандагы жамаат менен окулат.

Деген менен коомчулукта акыркы жылдарда Кыргызстанда саясатчылардын исламга маани бере башташын мамлекеттик бийликтин исламдашына жооруган дооматтар да айтылып келет. Серепчи Уран Ботобековдун айтымында, саясатчылардын мындай кадамынын түпкүрүндө саясий максат жатышы мүмкүн.

- Исламга карата саясатчылардын активдүү аралашуусун мен эки түргө бөлүп карайт элем. Биринчиси, шайлоочуларга алынайын деп атайын жасалма жол менен аракет кылгандар байкалат. Ошол эле жума намазга барып, телевизордон көрсөтүп жатса көрүнүп калайын, исламды туу туткан электоратка алынайын деген саясатчылар да бар. Экинчиден болсо, бул нерсе шайлоо алдында абдан күчөп кетти. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Себеби, Кыргызстандын 70 пайызы исламды туу тутунган электорат.

Ошол эле учурда Ботобеков исламдын ар кандай агымдары күч алып турганда мамлекет башчыларынын нукура исламды туу тутуп, башкаларга үлгү көрсөтүшүндө пайда бардыгын кошумчалады.

Кыргызстанда айт намаздары эгемендүүлүк жылдарынан тарта борбордук аянтта окулуп келет. Буга чейин Кыргызстандын мурдагы президенттери аянтта эл менен кошо намаз окуган эмес.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG