Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:33

Ажылык сапардын санаасы


Сауд Арабия -- Медина шаарына түшкөн кыргызстандык зыяратчылар.3-октябрь, 2013.
Сауд Арабия -- Медина шаарына түшкөн кыргызстандык зыяратчылар.3-октябрь, 2013.

Кыргызстанда быйылкы ажылык зыяратка барчуларды ташый турган авиакомпанияга байланыштуу маселе чыкты.

Сауд Арабия Кыргызстан жазында атайын ачык сынак аркылуу тандап алган Fly Dubai компаниясына уруксат бербей, өзүнүн Flynas авиакомпаниясын сунуштап жатат. Анын билетинин баасы да 300дөй долларга кымбат болууда. Бул маселени чечүү үчүн муфтий баштаган топ жакынкы күндөрү Сауд Арабияга жөнөгөнү жатат. Ажылык зыяратка бир эле ай калгандыктан, мындай жагдайдан кооптонгондор да жок эмес.

Бишкек шаарынын тургуну Мелисбек Кадыров ажылык зыяратка апасын алып бармакчы. Чүчү кулактан утуп алып, муфтият аныктап берген 2400 долларды төлөп берип койгон. Эми авиакомпания боюнча маселе чыкканын, Сауд Арабия сунуштап жаткан авиакомпаниянын билет баасы кеминде 300 доллар кымбат болушу ыктымалдыгын угуп алып кейүүдө:

- Апам үч жылдан бери ажылыкка барам деп камынып жүргөн. Быйыл алып барып келем деп сөз берип, апам экөөбүз жөнөгөнү жатабыз. Кыргызстанда бир нерсени айтып, кайра айнымай табигый эле көрүнүш болуп калды окшойт. Президент баш болуп мындай-тигиндей болот деп бүгүн айтып алышат, эртеси болсо кайра болбой калды деп коюшат. Ушул нерсе Кыргызстанда көнүмүш болуп калды. Айыл жериндегилерге, ажылыкка деп акчасын топтоп сактап жүргөндөргө дагы 300 доллар кошуу кыйын болот. Анан калса, биз муфтият менен мына 2400 доллар бердик, ушуну менен ажылыкка алып барып келесиңер, башка тыйын кошпойбуз деп келишимге кол койгон эмеспиз да. Эгер андай болгондо айтып чыкмакпыз. Эми болсо эч нерсе дей албайбыз. Баары жогору жактан чечилет экен. Бирдеме десең, барбасаң барбай эле кой дейт да, аларга баары бир эмеспи.

Зыяратчыларды ташый турган авиакомпанияны тандап алуу үчүн апрель айында ачык сынак өткөн. Ага катышкан алты компаниянын ичинен билет баасын 1 300 доллар деп сунуштаган Fly Dubai жеңип алган.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Максат ажы Токтомушев 7-августта маалымат жыйынында бул компанияга Сауд Арабиясы уруксат бербей жатканын билдирди. Эр-Рияд кыргызстандык ажылар Бишкектен Медина менен Жиддага түз эмес, Дубай аркылуу учушуна каршы болуп жаткан экен:

- Fly Dubai биздин сынактан утуп алып, бардык келишимдерге кол коюлгандан кийин бизге 27-июнда Сауд Арабиядан кат келди. Анда силер биздин Flynas деген компания менен учсаңар жакшы болот деген сунуш бар экен. Бул Сауд Арабиянын коммерциялык компаниясы экен. Силер ушул биз сунуштаган компания менен учсаңар, үчүнчү тарап болбойт дешти. Биз алардан катты аларыбыз менен Fly Dubai компаниясынын башкы деректирине ушундай жагдай тууралуу кат жаздык. Алар болсо Дубай аркылуу учуу үчүнчү тарап эмес деп жооп беришти.

Муфтий Сауд Арабия кыргызстандык ажылардын Fly Dubai ташышына көнбөсө, анда өздөрү сунуштап жаткан авиакомпаниянын билет баасын арзандатууну сурашарын кошумчалады.

Ажыларды ташый турган авиакомпанияга байланыштуу түзүлгөн кырдаал боюнча муфтият, кыргыз өкмөт өкүлдөрү, Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчилиги, Fly Dubai болуп эки ирет жолугушуу өткөргөн. Бирок бир чечим кабыл алынган эмес.

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Эркин Исаков мындан улам жакынкы күндөрү Эр-Риядга жөнөп жатышканын маалымдады:

- Бул жерде кичине түшүнбөстүк болуп жатат. Биз жакынкы күндөрү Сауд Арабияга барып, маселени чечкенге аракет кылабыз. Ажылык сапарга дагы бир ай калды, бизде дагы убакыт бар.

Кыргызстан авиаишканалар ассоциациясынын төрагасы Таалайбек Окенов Fly Dubai эмнеге билетти салыштырмалуу арзан сунуштап жатканын түшүндүрүп берди. Ажылык сапарга бир ай калганда авиакомпаниянын алмаштыруу бир топ машакат жаратарын айтты:

- Буга чейин Mahan Air ажыларды 1,5 миң долларга алып барып келген. Булар болсо 1,3 миң доллар деп жатышат. Анткени чартердик каттамдын бир жаман жери ажыларды Сауд Арабияга алып барып, кайра бош учуп келчү, ажыларды алып кеткени барганда бош учуп барчу. Ошон үчүн алардыкы кымбаттыраак болот. Бул үзгүлтүксүз каттам болгондуктан баасы арзан. Эми минтип бир ай калганда авиакомпанияны өзгөртүү абдан кыйын. Анткени көп маселе жаралат. Мисалы Fly Dubai компаниясында жадыбал бекитилген. Ошол каттамга жараша Мединада, Жиддада мейманканаларда орундар ээленген. Эми анын баары кандай болот, белгисиз.

Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга ажылык үчүн 3 685 орун берген. Жакында эле чүчү кулак менен тандалган эки жүзгө жакын адам ар кандай себептен Мекеге бара албасы маалым болду. Эми ажылык сапардын так алдында жаңы авиакомпания тандалып, билет баасы дагы кеминде 300 долларга кымбаттай турган болсо, бир топ адам каражаттын айынан мусулмандык ыйык парзын аткара албай калышы мүмкүн.

Кыргызстанда ажылык сапар жылда эле чуулгандуу ар кандай окуялар менен коштолуп келет.

XS
SM
MD
LG