Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Муфтият үй-бүлө күтүү маданиятын үйрөтүп жатат


Муфтият 14 жаштан жогорку улан-кыздарды туура үй-бүлө куруу боюнча окута баштады. Бирок айрым ата-энелер диний окууларсыз деле балдарды туура тарбиялап, чоң турмушка аттантса болот деп эсептейт.

Бул жерден алар аялды же күйөөнү туура тандоо, аял менен эркектин ортосундагы психологиялык айырмачылык, бирге жашоодогу этика жана анын юридикалык аспектилери, арам менен адалды айырмалап билүү, талак менен нике тууралуу дарстарды уга алышат.

Исламда аялдын орду айкын айтылган

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынан курска алгач 14 жаштан жогорку 20дай кыз-келиндер катышат деп айтышкан эле. Бирок курстун биринчи күнү дарс окуулуучу зал толуп, отурганга орун табылбай калды. Жалаң эле кыздар эмес, жашы 40тан өтүп калган аялдар, баласын көтөрө келген келиндер да жүрдү.

“Үй-бүлө этикасы жана психологиясы” окуусуна катышкандардын теңи хижап кийгендер экен. Алардын көбү кыздар.

Өзүн Гүзал деп тааныштырган хижапчан кыз сабакты ачып, исламда аялдардын ролун түшүндүрө баштады. Келгендердин көбү дунган, уйгур жана шаардык кыргыздар болгондуктан дарс орус тилинде окулду.

- Ислам аялдарга өзгөчө орун берген. Мисалы, Курани каримде эркектердин кандай укугу жана жоопкерчилиги болсо, аялдар да ошондой укукка жана жоопкерчиликке ээ. Бирок албетте, эркектердин орду аялдарга караганда жооптуурак. Бирок укуктары бир. Ошондуктан Мухаммед пайгамбар өзүнүн окууларында аялга, ошондой эле эркекке да жакшы мамиле кылуу Аллага жагаарын айтып келген. Ошондой эле аялдар эркектерге аманат катары берилген.

Сүйүү никеден кийин келет

Бир саат 10 мүнөткө созулган курста Гүзал исламда бала менен кыздын орду бирдей экенин, бирок аялдардын негизги милдети карьера жасоо эмес, турмушка чыгуу, бала төрөө, тукум көбөйтүү экенин, сүйүү никеден кийин пайда болоорун, ага чейинки сезимдер шайтандын азгырыктары болушу ыктымалдын саймедиреди.

Гүзал "үй-бүлөдө күйөөңө жасаган жакшы мамиле, балдарга жакшы тарбия берип, ата-энени сыйлаган үчүн Кудай сени алкай турганын" айтып берди. Кыз-келиндер өздөрүнө жаккан же жакыныраак тема тууралуу сөз болуп жатканда баштарын ийкеп, “ана көрдүңбү” дегендей, же “аа, ошондой турбайбы” дегенсип, бири-бирине жылмайып, кээде каткырып отурушту.

Курста алдыңкы орундарда ар бир сөздү качырбай, кунт коюп угуп отурган хижапчан эки кыз көзүмө урунду. Алардын бирөө 16 жаштагы Бегайым экен. Ал курбусу менен келиптир.

- Жашообузда кийин эмнелер болорун билебиз. Келечекте кандай учурлар болот жана ага кандай мамиле жасаш керек экенин үйрөнүү үчүн жана мусулман катары билим алганы келдик. Үй-бүлөлүк турмушта ар кандай учурлар болот. Мисалы күйөөң менен урушуп кеткенде... Кайнене деген бар. Ушунун баарын билиш керек деп ойлойм.

22 жаштагы кийинки маектешим атын атагысы келген жок. Ал ислам негиздерин, шарият мыйзамдарын билип алган соң үй-бүлөдө майда-чүйдө маселелер чыкпайт деп ишенет.

- Биз аял болгон соң турмушка чыгабыз. Ошондуктан күйөөнүн алдында кандай милдетибиз бар, алардын биздин алдыбызда кандай милдеттери бар экенин билип алган бизге пайдалуу болот деп ойлойм. Турмушта ар кандай маселе чыкпай койбойт. Аларды алдын ала эмнени кылуу керек, эмнени кылбоо керек дегенди билип алсаң, кыйынчылык деле болбойт деп ойлойм.

Эркек аялдын корс мамилесин жактырбайт

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Мамбеталиевдин айтымында, курс өткөрүүгө үй-бүлө баалуулуктарын билген, тажрыйбалуу, мурда-кийин улан-кыздарга кеңеш берип жүргөн жана юрист адамдар тандалган.

Сабак үч багытта, юридикалык, психологиялык жана шарият боюнча өтүлөт. Сабак берчү адамдарды муфтияттын фатва бөлүмү текшерүүдөн өткөргөн.

Асел айым да мурда-кийин өзүнүн тааныштарына, кошуна-колоңго шарият боюнча кеп-кеңешин берип жүрчү экен. Жогорудагыдай курс ачуу да Аселдин идеясы болуптур.

- Эркектердин психологиясы биздикинен такыр айырмаланат. Алар аялдар сымал эмоционалдуу, сезимтал эмес. Алар көбүрөөк логикалык жактан ойлонгон, катуураак жана сырды ката билген, кээде корс келет. Аял киши ушундай нерселерди жана кандай жагдайда өз оюн айтып, жеткириш керектигин билиш керек. Эркектер аялдын "бул мага керек, ушуну алып бер" дегенин же маңдайына отуруп алып "ушун кыл" деп өкүм сүйлөгөнүн табиятынан жактырышпайт.

Үй-бүлө күтүү динден эмес, адамдын өз дээринен

Ошол эле учурда түгөй тандоону сөз жок эле Муфтиятта үйрөтүү зарыл эмес деп эсептегендер бар.

Акын, Кыргызстан маданиятына эмгек сиңирген ишмер Меңди Мамазаирова ата-энелер балдарга туура жол көргөзүп, чоң турмушка аттантса боло турганын айтууда.

- Исламды кыргыз коомунда бардыгы эле тутунбайт. Үй-бүлө күтүү маданияты адамдын өз дээринен, жан дүйнөсүнөн, айлананы кабыл алуусунан, үй-бүлө дегенди жакшы түшүнүүдөн келет. Үй-бүлөнү көңүлдөгүдөй, талаптагыдай куруу үчүн биз, ата-энелер турмушка берип аткан кыздарды да, балдарды да катуу даярдашыбыз керек. Ушул нерсе бизде жок. Эгер биз дини жок эле чыныгы чоң турмушка бала-чакабызды даярдасак азыркыдай көп ажырашуулар болмок эмес.

Курс дагы 13 күн болот. Андан соң ушундай эле сабак эркектерге да өткөрүлөт экен.
XS
SM
MD
LG