Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

“Ахмадийлер” катталбай жатканына нааразы


Кыргызстанда "Ахмадий" жамаатынын миңден ашуун мүчөсү бар.
Кыргызстанда "Ахмадий" жамаатынын миңден ашуун мүчөсү бар.

Кыргызстандагы “Ахмадий мусулман жамааты” ишмердүүлүгүнө тыюу салынып, каттоодон өткөрбөй жатканына нааразы болууда.

Бул жамааттагылардын айтымында, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия укугунан ашкере пайдаланып жатат. Ал эми мамлекеттик мекемелер “Ахмадий” агымы коопсуздукка коркунуч жаратаарын белгилешүүдө.


Коопсуздукка коркунуч туудурабы?


“Ахмадий мусулман жамааты” деп аталган уюмдун өкүлү Сагынбек Токторбаевдин айтымында, жыл башынан бери Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы аларды кайра каттодон өткөрбөй жатат.

- Негизи биз Кыргызстанда 2002-жылдан бери ырасмий катталган болчубуз. Ал эми бул жакта жүргөнүбүзгө он жылдан ашып калды. Биздин мүчөлөрүбүз Кыргызстан боюнча Ошто, Ысык-Көлдө жана Чүй аймагында бар.Учурда миңден ашык мүчөбүз бар.

"Ахмадийлер" Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга каттоого албай жатканына нааразы болуп буга чейин да "Азаттыкка" кайрылган болчу.

Мыйзам боюнча кандай гана диний уюм болбосун, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан каттоодон өтүшү зарыл. Аталган мекеменин кызматкери Юсуб Балтабаев “Ахмадий” агымынын катталбай жаткандыгын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Булардын диний ишмердүүлүгү Кыргызстандын аймагында токтотулган. Ага тийиштүү органдардын “Ахмадий” жамааты тууралуу аныктамалары, ошондой эле Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын тыянактары себеп болгон. Башкача айтканда, алардын ишмердүүлүгү Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч туудурат деп токтотулган.


Адашкандарбы?


Маалыматтарда “Ахмадий” агымын 1880-жылы индиялык Мырза Гулам Ахмад аттуу адам негиздеп, өткөн кылымда ал башка аймактарга да тарала баштаганы айтылат. Бирок дүйнөдөгү абройлуу мусулман аалымдары ахмадийлерди исламдын негиздеринен четтеп кеткен агым катары санашарын диниятчылар белгилешүүдө. Учурда бул уюмдун баш кеңсеси Лондондо турат.

“Ахмадий” диний агымы буга чейин Кыргызстанда ишмердигин жигердүү жүргүзүп келаткан. Алар 2009-жылы Курандын кыргызча котормосун чет өлкөдөн 3 миң нускада бастырып, Кыргызстанда таратууга жетишкен. Бирок Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы анын бурмаланып которулганын айтып, колдонууга жана окууга жараксыз деген өкүмүн чыгарган.

Муфтияттын Фатва бөлүмүнүн жетекчиси Жоробай Шергазиев “ахмадийлерди” адашкандар деп атады.

- Негизи айта турган болсок, алар шарият боюнча туура эмес жолдо. Алардын Кудайга ширк келтирген жерлери көп. Мисалы, мен Египетте да окугам. Ал жакта да буларды туура эмес деп айтышат.

Канткен менен серепчилердин оюнча, Кыргызстанда диний кырдаалды туруктуу деп айтууга болбойт. Ошондон уламбы, өлкө бийлиги буга чейин диний саясатын өзгөртө тургандыгын билдирген. Ал эми айрымдар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын макамын көтөрүп, анын иш алып баруусун күчтөндүрүүнү жана түзүмүн кеңейтүүнү сунушташууда. Ошол эле кезде бул мамлекеттик мекемени жоюп жиберүүнү сунуштагандар да жок эмес.
XS
SM
MD
LG