Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:29

Элди дүрбөткөн "сырдуу" муздаткыч


Эски муздаткыч менен оңой акча табуу азгырыгы азыр Нарындын айылдарына жетти.
Эски муздаткыч менен оңой акча табуу азгырыгы азыр Нарындын айылдарына жетти.

Кыргызстанда соңку айда Зил үлгүсүндөгү советтик эски муздаткычты издегендер көбөйдү.

Ысык-Көлдүн жергиликтүү телеканалдарынан жүгүртмө сап менен кетип жаткан “Совет мезгилинде жасалган Зил маркасындагы муздаткычтарды сатып алабыз” деген жарнама бир айдан бери көлдүктөрдүн арасына бүлүк салды.

Кыялды кыйнап мингендер

Эскилиги жетип иштен чыгып, ыргытып жиберейин десе оокат көрүнүп, сарайдын бурчунда тыгылып жаткан муздаткычты 5-10, керек болсо 20 миң долларга сатып алабыз десе, ким эле кыймылдабай жөн жатсын? Жарнамада көрсөтүлгөн телефон номуруна чалып, анын баасын билгендер бир айдан бери айылдарды түрө кыдырып, сырдуу муздаткычтын сырына деле кызыкпай акчасына кызыгып, пайдасы жок оокаттын арты менен байып кетүүнү кыялданып, ак эткенден так этип жаткан кездери.

Чолпонаталык ишкер Анвар дагы алардан кем калбай, өзү аз келгенсип, Бишкектеги досуна кабар берип, чогуу бизнес кылуу кыялы болгонун кеп салды:

- Өзүм аз келгенсип, досумду да жинди кылдым. Бул жактан Бишкекке чалып, экөөбүз эле калып калыптырбыз, элдин баары 10-20 миңден таап жатыптыр дедим. Ал болсо угуп алып безилдеп, жарым сааттан кийин: “Ой ,экөөбүз уктап калыптырбыз. Элдин баары бир айдан бери издеп жатыптыр”, - деп кайра мага чалды. Кыскасы ызы-чуу бүткөндө биз угуптурбуз. Бишкектен бир балдар чалган эле, мен алардын телефондорун досторума берип, текшерип көрсүн дегем. Бирок мага чалгандар ошол бойдон жоголуп кетти. Казакстанга алпарып сатабыз деп бул жакта жакшы эле ызылдап, муздаткыч издедик. Жайнап чыгып жатты. Караколго чалсак бирөөлөр "Биз таптык, 5 миң долларга сатабыз" дешкен, баралы десек кайра 10-20 миң долларга кымбаттатып жиберип, айнып калдык. Ичинде бирдеме бар экен, телефон салса иштебей калыш керек экен дейт. Бирок баарына эле телефон салсак иштеп эле жатат.

Телефондон айтылган кабар Бишкекке чагылгандай тарап, бир апта ичи далай кишини санаасы менен байытып, көп иштен алагды кылды көрүнөт. Жадагалса “машинем бузук” деп оңдотконго акча таппай, жөө жүргөндөр кайдан-жайдан акча таап, такси жалдап, Кант, Токмок, Кеминди түрө кыдырып кетишти.

Жумушун таштап, төртөө бир машинеге түшүп алып, эки күн бою муздаткыч издеп, 10 чактысын таап, бирок бирөөсү да алам деген кишинин купулуна толбой жок жерден убараланганын Асылбектен угалы.

- Эми машинеге май куйдук, жолдон тамак-самак ичтик, көп эле акча чыгым болдук. Көп жерге бардык. Көп жерде "сатып жатабыз, сатып алып жатабыз" деп жатышты. Бирок барсак эч нерсе жок. Алабыз деген менен алчулар деле жок. Телевизордон жарнама чыгып жатса, элдин баары издеп жатса, чын эле го деген ой кетти да. А негизи болбогон нерсе экен, эч нерсе жок.

Бул күндөрү көз ачып жумгуча долларга маарып, байып кетүү үмүтү нарындыктарды аралап жүргөн кези. Нарын шаарынын тургуну Нурбектин айтымында, башта мындай муздаткычтардын баасы 500-1000 доллар болуп жатса, эми 5 миң долларга көтөрүлгөн экен. Ал үйдө жаткан эски муздаткычын сүйрөп чыгып, майлап-сүттөп, сатууга камдап, кардар күтүп жатат.

- Нарында элдин баары эле муздаткычты издеп киришти. Бирок “саттым” дегендерди уга элекмин. Өзүм деле бирөөнү сатайын деп жатам. Үйдө бир эски муздаткыч бар болчу, маркасы туура келет го деп ойлоп жатам. Бүгүн негизи бизге кечинде ошол муздаткычты көргөнү бирөөлөр келмек. Башка жактан келген бир байке болчу, чынын айтсам аны тааныбайм деле.

Ошентип өлкөдө сырдуу муздаткыч бизнесине аралашып, “муздаткыч сатам” же “алып сатам” дегендер четтен чыкканы менен негизги алчу кишинин дайынын так билген киши жок. Ал киши бирөөнүн группалашы, же байкеси, же шаардан келген бир киши, же телефондун артындагы бейтааныш үн. Ошол номурлардын бирине биз дагы телефон чалып, дайынын, максатын биле албай койдук. Муздаткыч алабыз дегендердин номурлары эчак өчүрүлүп, тейленбей калган экен.

Алдамчылыктын жаңы түрү

Психолог Назира Кубанычбектин айтымында, адамдын оңой жол менен акча табууга болгон кызыгуусу көз боёмочулардын негизги куралы. Бирок азыркы жагдайда муздаткыч алабыз деп коюп, дайынсыз калып жаткан тараптардын эмне максат менен мындай чынжыр уюштуруп жатканынын өзү да кызык. Бирок кандай болгон күндө да элди алдамчылыктын алдын алуу үчүн атайын маалыматтык иш-чаралар жүргүзүлүшү керек.

- Мисалы буга чейин телефон аркылуу алдагандар көп болгон. Бирок ошолор деле элге сабак болгон жок. Баары эле түшүнүп, көрүп, билди да. Эгер тажрыйба аларды үйрөтпөсө, анда атайын кыска метраждуу фильмдерди тартып, социалдык роликтерди көбөйтүү керек. Анткени көбүнчө мындай алдамчылыкка айыл жериндеги эл көп азгырылат.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы болсо “муздаткычтан алдандык” деп азырынча эч кимден арыз түшө электигин билдирди. Алар оңой акчанын артында дайыма шектүү тараптар болоорун эскертип, элди мындай нерселерден сак болууга чакырууда.

- Жанагындай сатабыз, же сатып алабыз дегендерге эл көп көңүл бурбай эле койсо. Себеби бул коз боёмочулукка окшошуп жатат. Бир сыйра толкундан кийин алдангандар арыз менен кайрылат болуш керек. Азыр эч ким арыз бере элек, - дейт Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казабаев.

Анын айтымында, 1990-жылдардан кийин дагы Кыргызстанда Лениндин сүрөтү бар бир сомдук сөлкөбайлар баалуу болоору айтылып, мүшөктөп тыйын чогултуп, эч жакка өткөрө албай убара болгон учурлар кездешкен.

Соңку кездери шылуундар адамды алдоонун заманбап түрлөрүн ойлоп тапканы маалым. Буларга интернеттеги “алтын капчык” (көп акча алыш үчүн бир аз акча которуп коюуну сунушташат) “куттуктайбыз, сиз белек утуп алдыңыз!” (айтылган белекти алуу үчүн, белгисиз бир компанияга акы төлөө керек) деген алдамчы кабарларды, телефондук аферисттерди (тууганың кырсыкка кабылды деп жардамга акчаны бирдик менен котортуу талабын коюшат) жана акча пирамидаларын кошууга болот.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG