Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Ош: "Улуттар биримдигинин" тарапкерлери митингге чыкты


Оштогу митингден, 14-март, 2012.
Оштогу митингден, 14-март, 2012.

Митингчилер БШК шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган үч участокто кайра шайлоо өтүшүн талап кылышты.

Митингчилер аталган партияга Ош шаардык кеңешинен 23 мандат тийиши керек деп жатышат. Саат 10до митингчилердин саны 300-500 адам экени айтылган. Уюштуруучулар азыр, түшкү саат бир жарымда чогулгандардын саны 2 миңден ашканын айтса, милиция жана көз каранды эмес байкоочулар митингде 1,5 миңдин тегерегиндеги киши бар экенин билдиришти.

Мунун алдында БШК Оштогу шайлоонун жыйынтыгы чыгып, "Улуттар биримдиги" партиясы 23 эмес, 21 мандат алганын жарыялаган. Ош шаардык кеңешинде 45 депутаттык орун бар. 21 орун менен аталган партия жергиликтүү кеңеште көпчүлүктү түзө албай калат.

- Ош шаарындагы үч участок боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды - №5273, 5283, 5288. Калганын эсептеп жыйынтык чыгардык. "Улуттар биримдиги" 21 мандат алды. Добушка жараша болду. Ойлоп чыгарганыбыз жок. Мыйзамда "минтип эсептейсиңер" деп жазылып турат. Ошондой эсептедик. 23 мандат алышыбыз керек болчу дегендер айтканын далилдеп беришсин, - деди бүгүн "Азаттыкка" БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров.

Митингчилердин айтымында, БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган үч участокто аталган партия 90-100% колдоого ээ болгон.

- Ак-Тилек кичи районунда жана Жапалак айылында жайгашкан үч шайлоо участогунда биздин партия 3 675 добуш алган. Бирок дал ушул участоктордун жыйынтыгын БШК жокко чыгарып жатат, андыктан ал жерлерде шайлоо кайра өткөрүлсүн деген талап коюп жатабыз, - деди "Улуттар биримдигинин" төрагасы Таалайбек Сабиров.

Митингчилер аталган үч участокто кайра шайлоо өткөрүү жана "Улуттар биримдиги" партиясына шаар кеңештен 23 орун берилсин деген талаптары эртеңге чейин аткарылбаса кайра чыгышаарын айтып, бүгүн түштөн кийин тарап кетишти.

4-мартта өткөн Ош шаардык кеңешине шайлоодо аталган партия алгачкы жыйынтыктар боюнча 47,35% добушка ээ болгону айтылган.


  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG