Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Министр болом дегендердин убадасы


Кечки Бишкек
Кечки Бишкек

“Асаба” гезити ИИМ министринин милдетин аткаруучу М. Турганбаев, “Азия ньюс” гезити Маданият министринин милдетин аткаруучу А. Максүтов, “Асман плюс” гезити депутат Д. Тербишалиев менен интервьюларды окурмандарга тартуулады.

“Асаба” гезити бүгүнкү санына гезит окурмандары менен түз байланышка чыккан ички иштер министринин милдетин аткара баштаган генерал-майор Мелис Турганбаевдин “Кримтөбөлдөрдүн баары мени жакшы тааныйт” деген аталыштагы суроо-жоопторун эки бет менен толтура жарыялады.

Уюшкан кылмыштуулук кайрадан күч алды деген суроого генерал Турганбаев кудай буйруп парламенттен бекип калса, башын канжыгага байлап коюп иштеген, иштин көзүн билген жигиттерди өз ордуна кайра алып келерин, алакандай Кыргызстанды тартипке салыш 2-3 айдын ичинде эле ишке ашарын, аткаминерлердин автожолдордо МАИлерди тоготпогондугу тууралуу суроого ал мындан ары тартип бузган аткаминерлер сөзсүз өз жазасын аларын, анткени мыйзам адамдардын кызмат даражасына карбастан бирдей колдонулушу керектигин, кримтөбөлдөрдүн баары аны жакшы тааный турганын, арасында чектен чыгып кетип көпкөндөрү да барын, баарын орду-ордуна коерун, отургузчусун отургузарын, түрмө болгон соң кылмыш да болорун, кээде биздин бизнесмендер өзүлөрү криминалдарга тизе бүгүп барышарын, азыр көптөгөн оперативдүү маалыматтар колунда барын, бирок аларды ачык айтууга мүмкүн эместигин, эң башкысы милийса менен калктын ортосундагы ишенимди чыңдаарын айтты.

Журналист Кайрат Кенжебай уулунун ушул эле “Асаба” гезитиндеги баяны “Жети манасчы жети күн, жети түн “Манас” айтышты” деп аталып, улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата Тоңдун Ак-Өлөң айлындагы Саякбайдын аян алган жеринде жети күн тынбай Манас айтылганын, Саякбайды эскерүү салтанаты эртең өтөрүн, Улуу манасчыга арналган комплекс ачыларын, Балыкчы шаарында төрт жарым миллион сомдук эстелиги орнотулганын, кыргыздын боз үйүн жасоо боюнча атагы чыккан, дүйнөгө эң мыкты боз үйлөрдү берген Тоң району 60 боз үйдү тигип, меймандарды тосорун маалымдады.

“Азия ньюс” гезити маданият министринин милдетин аткаруучу Алтынбек Максүтовдун “Маданиятыбыз жабыркады, мен ыза болгонумдан баш көтөрдүм” деген аталыштагы интервьюсун басты.

Ал өкмөткө киргенде маданият жөнүндө мыйзам зарылдыгын айтып чыкканын, кыргыз эли башынан улууларын кадырлаган эл болгонун, андыктан карыларды бөпөлөп алчу мыйзам керектигин, айрыкча маданият үчүн албан эмгек сиңирген, тажырыйбасы мол карыларыбызды пенсия берип туруп айдап жибербей, театрларга, иштеген маданий мекемесине келип тургудай, акыл-кеңешин айтып тургудай шарт түзгөн мыйзам керектигин, буюрса ишти ушундай мыйзамды кабыл алдыруудан баштарын айтты. Өзү жөнүндө кеп кылган Алтынбек 23 жылдан бери маданият тармагында иштээрин, келинчеги экөө 20 жылдан бери Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрында иштегенин, Арсен агайы аялына бир бөлмө үй алып бергенин, аны Кант шаарына жакын айылдагы чоңураак үйгө алмаштырып, азыр ата-энеси менен ошол айылда чогуу туруп, шаарга келип-кетип иштээрин, иш көп болгондо киностудиядагы бөлмөсүнө же тааныштарыныкына түнөп каларын айтты.

Кабарчы ага:-Сени жайсаңчы деп чыгышты, жайсаңчысыңбы?-деген суроого Алтынбек Максүтов:- Саякбай атабыздын 120 жылдыгына байланыштуу 7 күн Манас айтып жаткан балдарга барып, эмне жардам берейин, режиссер катары иш-чаранын башында мен туруп берейин деп тамак-ашына тыйын таштап келгенин, ошондон келгенде эле “Каякта жүрдүңүз, ичип кетипсиз, сиз деген жайсаңчы турбайсызбы?” деп оюна келбеген сөздөрдү айта башташканын айтып: “Чынын айтсам мен Бүбү Мариям дегенди тааныбаймын, ушу күнгө чейин ал кишини көрө да элекмин, деги эле жайсаңчы эмесмин” деди.

“Асман плюс” гезити депутат Данияр Тербишалиевдин “Парламентте да кылмышкерлер бар” деген интервьюсу менен бүгүнкү санын ачты. Данияр келерки шайлоого “Префренциалдык добуш берүү” мыйзам долбоорун сунуштап атканын, анткени парламенттин ичинде Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бар деген кеп көптөн бери эле айтылып келатканын, жаңы мыйзам ушундай адамдардын депутат болуп өтүп кетүүсүнө тосмо коерун билдирди. Депутат андан аркы сөзүндө парламенттик башкаруу системасы биздин өлкөдө эртелик кылат дегендер реформаны каалабаган адамдар экенин, эгер мунубузду бүгүн эртелик кылат дей берсек, эртең ал кеч болуп каларын белгиледи.

XS
SM
MD
LG