Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

БУК болгон оппозиция


“Учур” гезити журналист Сабыр Мукамбетовдун жаңы түзүлгөн оппозициялык кыймыл тууралуу макаласын басты.

Нуржамал Байболова “Азия ньюс” гезитине берген маегин “Атамбаев текеберленбей, оппозиция менен сүйлөшүүгө барышы шарт” деп атады.
Ушуга улай эле “Чарба айдыңы” деген рубриканын алдында “Жаңы жолдогу түгөнбөгөн эски ырлар” деген ат менен адис-аграрчы Бекболот Талгарбеков маек куруп, Кыргызстанга айыл чарба реформасын кандайча алып келгенин кенен кеп кылды.

Адабиятчы Абдыкерим Муратов Токтогул ашык болгон Алымкандан төртөө табылганын сүйүнчүлөп, кызыктуу аңгеме курду.

“Мекен инфо” гезити депутат Чыныбай Турсунбековдун “Кумтөр боюнча жаңы келишимдин токтомун кабыл алуу менен алдыга жылуунун алгачкы кадамы жасалды” деген маегин тартуулады.

“Асаба” гезити аркылуу Билим берүү министринин орунбасары Назаркул Ишекеев “Министрлик диплом сатпайт. Ар бир диплом атайын текшерүүдөн өткөн колдор менен берилет. Окуучуларга бирдиктүү мектеп формасын киргизүү максатында сынак жарыялады. Сынактын максаты 1-11-класстардын окуучуларынын мектеп формасына бирдей талапты иштеп чыгуу менен улуттук маданиятты сактоону көздөйт” деп айтты.

Омбудсмен Бакыт Аманбаев ушул гезитке берген маегинде Орусияга барып, орус бийлиги киргизген кара тизмени канткенде азайтса болот деген маселенин тегерегинде сүйлөшүп келгенин, мындан дароо эле оң жыйынтык чыгат деп айта албастыгын, бирок аракеттер жүрүп жатканын билдирди.

“Учур” гезити белгилүү журналист Сабыр Муканбетовдун “Бок жаман эмес жок жаман” деген макаласын басты. Автор жазгы саясий өнөктүк өлкөдө оппозициялык маанайдагы күчтөрдүн биригиши менен башталып, жума башында Бириккен Улуттук Оппозициялык Кыймыл же кыскартканда БУОК деген аталыштагы жаңы бирикме түзүлгөнү тууралуу кабар желдей тараганын белгиледи. Автор андан ары кезинде адегенде Акаевге каршы КЭК, кийин Бакиевге каршы БЭК дегендер түзүлгөнүн, бул оппозиция да ошого окшотобуз деп “Бириккен Оппозициялык Кыймыл” деп аташса аббревиатурасы БОК болуп калып, анан ага “улуттук” деген сөздү кошуп БУОК деп аташса, “төрт тамга болуп кетти, удача деген үч тамга менен келчү эле, “БУК” эле болсунчу деп бир пикирге келе алышпай, анысын кийинки жумада боло турган презентациясында тактамай болушканын, илгери эки карганын бири "БОК жаман" десе, экинчиси "БОК жакшы" деп талашып атса, дагы бири учуп келип, “БОК жаман эмес ЖОК” жаман” деген экен, болгонуна каниет кылып, оппозиция эми “БУК болобу же бугу чыкпай БОК болобу, анысын убакыт көргөзөр, а биз болсо колдоп коелу, армандары калбасын” деп жазды.

“Асман пресс” гезитине экс-президент Аскар Акаев “Акылман элим акыры калыс баасын берет деп ишенем” деп интервью берди. Акаев Орусияга үй-бүлөсү менен үстүндөгү кийип турган костюму менен эле чыгып кеткенин, болгон байлыгы Кыргызстанда калганын, Майрам Акаеванын саясат менен иши жоктугун, эң жакын адамы Кубанычбек Жумалиев экенин, ал келип-кетип турарын айтты.

“Айат” гезити депутат Каныбек Осмоналиевдин билим, мектеп, жергиликтүү бийлик тууралуу, Чубак Ажынын ыйман тууралуу кызыктуу маектери жарыяланды.

“Тил маданияты” гезити жаңы санын “21-февраль эл аралык эне тил күнү” деген баштема менен ачып ага макаласын арнады.

Профессор Абдыкалый Туйбаев “Журналисттер божомолдонгон маалыматтардан качыш керек” деп маек курду.

Публицист Жолдош Турдубаевдин көркөм баалуулуктар боюнча айткан ойлорунун корутунду бөлүгү “Тил маданиятынын” бүгүнкү санында.
Акын Кыялбек Урмамбетовдун жаңы ырлары өзүнүн жана көлдүн сүрөтү менен кошо гезиттин бир бетине толо жарык көрдү.

Кыргыз эл артисти Курмангазы Азыкбаев өз колу менен жасап, өзү дүйнөгө даңазалап келаткан улуттук музыкалык аспаптар туурасында айтып берди.
XS
SM
MD
LG