Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:32

Радикализм жаңжалдарды сүйөт


“Кыргыз-түркмөн кызматташтыгы жаңы баскычка көтөрүлдү”. Бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити мына ушул баш теманын алдында эки президенттин жолугушуусун баяндады.

"Кыргыз туусу" кыргыз-түркмөн ортосунда баш-аягы 15 келишимге кол коюлганын, жакында Бишкек-Ашхабад аба каттамы ачыларын, түркмөн президенти мындай көп келишимге кол коюу Түркмөнстан менен Кытай мамлекеттеринин жолугушуу учурунда гана болгонун белгилегенин кабарлады. Аталган гезит биометрикалык маалыматтын бир пайдасы бир эле адам эки ирет добуш бере албай каларын, эгер быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд. кубдан ашса кышында Казакстандан электр энергиясын сатып албай каларыбызды, УКМК кыргыздарды интернет аркылуу жихадга чакырган саткынды аныктаганын, ал Кетмен-Төбө жергесиндеги Токтогул районунун С. У аттуу кишиси болуп чыкканын маалымдады.

Гезит ошондой эле бүгүнкү санына “Имарат Строй” курулуш компаниясынын башкы директору, республиканын эмгек сиңирген куруучусу Бейшенбек Иманалиевдин ишмердүүлүгүнө арналган эки беттен турган көлөмдүү макала жарыялады. Компания өзүнүн негизги ишинен тышкары көптөгөн жакшы иштерге жардамын аябай жасап келатканын, мисалы Кочкор районундагы канча жылдан бери токтоп калган Ак-Жар айылындагы 275 орундуу мектепти куруп жатканы тууралуу ошол мектептин директору Акыл Тургуналиева “Бейшенбек агабызга чоң рахмат!” деген ыраазылыгында айтып берди.

“Де-факто” гезити өкмөт башчысы Темир Сариев тыным албай иштеп жатканын, чек арадан чыр чыгары менен отпускасын таштап кайра жумушка чыкканын белгилеп, өкмөттүн бүгүнкү ишин чагылдырган макаланы премьер-министрдин сөзү менен “Бизде бир гана жол бар, ал–өнүгүү жолу” деп атады. Каныбек Кадыралиевдин макаласы “Беш жылда тапкан “төшөк” сабагы же бөйрөктөн шыйрак чыгаргысы келген Нарматова жөнүндө” деген ат менен, Ардакбек Каныбек уулунун “Чечилбеген чек ара чыры” деген макалалар, маектер, башка дагы бир топ кызыктуу баяндар жарык көрдү.

“Айбат” гезити дин боюнча аалым Кадыр Маликовдун “Радикализм фазалары” деген макаласына окурмандардын көңүлүн бурду. Эксперттин айтуусунда, 1-фаза–салафизм идеясын жайылтып, мечиттер аркылуу такфиризмге үндөп жаткандардын башкы максаты - жаштарды тездик менен радикализмге тартып, жихадчыларды даярдоо болуп атканын, буга өлкөнүн сот системасындагы коррупциялык схеманын терең жайылганы, социалдык акыйкатсыздык, жакырчылык, билимдин төмөндүгү себеп болуп жатканын, булар ар дайым Орусия, Иран, Кытайды туура эмес саясат жүргүзөт деп айыптарын, мектептен окууга, медицинага жана балдарды эмдетүүгө каршы чыгарын, өздөрүнөн башкалардын баарын “каапыр” деп аташарын, ошондой эле алар биз кийинип жүргөн кийимдерге чектөөлөрдү коюп, мамлекеттик кызматта иштегендерди жек көрүүгө үндөп, күч органдарынын ишмердигине каршы турарын,

2-фазасы ИМчилер “Хизб ут-Тахрир" менен бир идеяда турарын,

3-фазасы булардын активдүү иштеши үчүн ар кандай ызы-чуулуу жыйындар, чек ара чатактары, улут аралык жаңжалдар абдан ыңгайлуу жагдай болуп саналарын, булардын жашыруун имамдары тарабынан даярдалган жихадчылар ушундай көпчүлүк катышкан учурдан пайдаланып чаң-тополоң салганга, теракттарды уюштурганга, саясий ишмерлерди өлтүргөнгө барышарын айтты Кадыр Маликов.

“Фабула” гезитиндеги Баратбай Аракеевдин баяндамасы “Бизде баары бар, тартип менен ниетти оңдош гана калды” деп аталды. Свердлов райондук милийса бөлүмүндө иштеген милийсалардан кордук көрдүм деп ооруканадан маек берген журналист Нестан Бектурсунованын бардык үмүтү эми ички иштер министри, генерал Мелис Турганбаевде калганын, ал кантип жабыр тартканын гезит кабарчысына айтып берди.

“Салбуурун “ федерациясынын президенти Алмаз Акуновдун маеги “Кыргыз кыргыз болбой калган убак келбесин” деген ат менен жарык көрдү.

“Вечерний Бишкек” гезити эки президенттин жолугушуна арналган макаласын “Түркмөн жылдыздары Ысык-Көлдө жанат” деп атап, эки мамлекет тең түркмөн газы менен электрэнергиясын Өзбекстан аркылуу Кыргызстанга алып өтүү маселесин биргелешип чечерин сүйлөшкөнүн, мындай келишим буга чейин эле бар экенин, анткени жакында Өзбекстан менен Кыргызстандын аймактары аркылуу Түркмөнстандын газ түтүгү Кытайга тартылганы жатканын жазды.

“Мародерчулук” деген рубриканын алдындагы “Өрттөөгө заказ берилген” деген макалага көңүл бурсак, жакында эле Чүй облсотунан кылмыш иштерге байланыштуу томдор жоголгонун, кара беткапчандар кирип барып, мародерчулукка байланаштуу сегиз томдун алты томун уурдап чыгып, издерин жашыруу үчүн өрт коюп кеткенин, шектүү деген үч кишинин ичинде пенсиядагы милийса да болгонун, оперлер кылмыштын изин суутпай таап чыкканын, тинтүү учурунда биринин үйүнөн сотко тиешелүү бир нече баштык чыкса, экинчисинин үйүнөн уурдалган алты том чыкканын, буга заказ бергендер мародерчулук боюнча жазасын өтөп түрмөдө жаткан Абдулла Юсупов менен Абдували Акжолов болуп чыкканын, жаткан жайларын тинткенде чөнтөк телефондор менен бир канча сим-карталар табылганын, иликтөө иштери кызуу жүрүп жатканын, дагы далай “кызыктар” алдыда экендигин баяндады.

XS
SM
MD
LG