Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:04

Ишке ашпаган үмүттөр...


7-апрель, 2013-жыл. "Ата-Бейит" мемиориалдык комплекси.
7-апрель, 2013-жыл. "Ата-Бейит" мемиориалдык комплекси.

8-апрелде “Кыргыз Туусу”, “Алиби”, “Фабула”, “Обон”, Тамчы кабар” жана башка гезиттер жарык көрдү.

Бүгүнкү гезиттердин башкы темасы: Апрель окуясынын 4 жылдыгы, жаңы өкмөт, оппозициянын сунуштары, маданият кызматкерлеринин нааразылыгы, кыргыз кино тармагындагы коррупция.

“Кыргыз Туусу” Апрель курмандыктарын эскерүү бийик парз экенин, баатырлар эл биримдигин, Кыргызстандын эркиндигин сактап калганын, учурунда окко учкандарды угузуу оор болгонун жазып, фоторепортаж, эскерүүлөргө орун берди.

Гезит өкмөт мүчөлөрү дайындалып, ишке киргенин, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын долбоорлоо башталганын баяндап, дин, соода жана көзү ачыктарга ишеним көйгөйлөрү тууралуу макалаларды жарыялады.

Кадамжайдагы “Баяман баатыр” базары атайылап өрттөлүп, 24 контейнер күйүп, ишкерлер 27 миллион сом зыян тартканын, базар учурда кооптуу абалды баштан кечирип жатканын, аны тартып алууга жергиликтүү күч органдарынын жетекчилери кызыкдар экенин укук коргоочу Качкын Булатов айтып, гезит аркылуу коңгуроо какты.

“Фабула” гезити "Мелис Карыбеков качырып, Туйгунаалы Абдраимов абдарып...” деп экөө күрөшүп жатканын чагылдырган фотоколлаж менен жүзүн ачты. Бул гезит да кечээ Апрель революциясынын 4 жылдыгы жупуну белгиленгенин жазды.

“Жоомарт Оторбаевдин жолу жаманбы, ким билсин, өкмөт башчылыкка отураар замат Таласта милиция менен эл чабышты. Көп өтпөй Бишкекте ысык суу менен жылуулукка баа өстү. Эми жакында электр энергиясына болгон бааны көтөрүп, көпчүлүктүн көңүлүн чөгөргөнү турат. Жоомарт Кайыповичти жеп-ичпеген, таза экен, саясаттын сасык оюндарынан алыс экен деп макташат. Анысы чын болсо энергетикадагы эбегейсиз коррупцияны тыйып, сауналар менен хансарайлардан акчаны жыйып, карапайым калкыбызга “катылбаса” жакшы болмок...” деп баса белгилеп, макаланын аягына үч чекит коет.

Ушул гезиттеги журналист Баратбай Аракеевдин “Үмүттөн кеткен кеп” деген макаласында 25-премьер-министр Жоомарт Оторбаевден дале үмүт өчпөй турганы, ал Акаев тушунан бери эле бийликке илешип келатканы, анын тазалык сапаты, өлкө экономикасын көтөрүүгө бир нече даяр жолдор, чет элдик варианттар бар экени, бирок Кыргызстанда жеке кызыкчылыктар мамлекеттик кызыкчылыктан жогору коюлуп келатканы тууралуу кеп кылат.

“Фабула” гезити Камила Талиеванын маданият министри болуп дайындалышына нааразы болгон жаш акын-жазуучу, журналисттердин пикирлерине орун берди.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев саясат, ыйман, чындык, өлкө келечеги, парламенттик башкаруу, учурдагы бийлик, Аскар Акаев менен чогуу иштегенине сыймыктанары тууралуу айткан кеңири маеги “Фабула” гезитинде жарык көрдү.

“Алиби” гезитинде журналист Дайырбек Мейманов "4 жылдан бери эмнеге жетиштик? Эмнеден өксүп келатабыз? Элдик революциянын максаттары ишке аштыбы?" деп суроо коюп, жооп издеди.

"Мындан 4 жыл мурда карапайым элибиз кландык бир үй-бүлөнү багып келсе, азыр соодагер, бизнесмен, арасында криминалы, коррупционери аралашкан 5 партияны багып келаткандай туюм калтырат. 7-апрель окуясына 4 жыл болсо да кандуу окуянын күнөөкөрлөрү алиге чейин жазаланбай келатат. Элдик революция үчүн канын төккөн эр-азаматтардын үмүт-тилектери ишке ашпай келатат" деп жазат Дайырбек Мейманов.

Ушул гезитте "Улуттук оппозициялык кыймылдын" төрагасы Равшан Жээнбеков революциядан кийинки реформалардын токтоп калуу себептерин талдоого алып, учурдагы кечиктирилгис иш-аракеттер планы, 5 кадам тууралуу баяндайт.
"Биринчи кадам: өлкөгө көз карандысыз, профессионалдуу, кечиктирилгис реформаларды жүргүзө турган күчтүү өкмөт зарыл. Бул үчүн өкмөт башчылыкка президентке көз карандысыз мамлекеттик менеджер шайланып, ал өз командасын түзүүсү керек. Экинчи кадам: чечкиндүү саясий чечимдерди кабыл алуу зарыл. Үчүнчү кадам: шайлоону түп-тамырынан бери өзгөртө турган реформа керек. Төртүнчү кадам: Конституция мамлекеттик бийликке борборлошуудан кетүүнү иш жүзүнө ашыруусу зарыл. Бешинчи кадам: президенттен, парламенттен эгемендүү сот системасын түзүү керек. Кыргызстандын күтүүгө убактысы жок",- деди Равшан Жээнбеков.

“Бийлик оппозициядан күнөө издебеши керек” деген маегинде Садыр Жапаров 10-апрелде өтө турган митингде кандай маселелер көтөрүлө турганын кеп кылат. Таластагы Шыралжын кенинин айланасындагы талаш-тартыш, кайчы пикирлер, “Талас эл ынтымагы кыймылынын” төрагасы Серен Шейшеновдун “Бизге оппозициясы да, бийлиги да бир тыйын” деген темадагы маеги “Алиби” гезитине чыкты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG