Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:12

Капчыктуулардын каршылыгы


“Алиби” гезити генерал Бакирдин Субанбековдун пиво заводу, депутат Туратбек Мадылбековдун мал сарайлары жөнүндө жазып чыкты.

“Фабула” гезити Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиевдин өткөн сандагы маегинин уландысын басты.

Кечээ күнү кечке маал Балыкчы шаардык кеңешинин “Данакер” деп аталган фракциясынын депутаты Алтынбек Коеналиевди жана анын досун белгисиз бирөөлөр атып кетишкенин, редакциянын маалыматы боюнча балыкчылык депутат кылмыш дүйнөсүнө аралашып келген деген кептер бар экенин;

17-февралда Нариман Түлеевдин уулу Бакыт Түлеев “ДосКредобанктын” 21 миң 391 нускадан турган жөнөкөй аталыштагы акцияларын сатып алганын, бул деген аталган банктын 270 млн. сом турган уставдык капиталынын 8 процентин түзөрүн, эске салсак, 2012-жылы Нариман Түлеев “Дос Кредобанктын” 20 проценти өзүнө таандык экенин билдиргенин, бирок Түлеевдин байлыгын жакшы билгендер “Дос-Кредобанк” толугу менен Нариманга таандык” деп белгилеп жүрүшкөнүн жазып чыкты.

“Алиби” гезити “Алибинин” ишеним телефону” деген рубриканын алдында чакан кабарын жарыялады. Ал кабарда генерал Бакирдин Субанбеков Кара-Балтанын пивозаводун эбак эле менчиктештирип алганын, ошол заводдун жерин азыр чуу болуп жаткан Кытайдын нефтини кайра иштетүүчү Жунда ишканасына 3 млн. долларга сунуш кылганын, баасын уккан кытайлар жыгылып кала жаздаганын, албаганда кайда бармак элең деген Субанбеков айтканынан кайтпай катуу турганын, ал эми депутат Туратбек Мадылбековдун ошол аймакта 3-4 сарайы барын, депутат дагы он чакты сарайды салдыра коюп, кытайлар ар бирин 80 миңден сатып алалы десе 300 миңден берсең берем деп көшөрүп атканын, дагы бир кейиштүүсү Кара-Балта шаарындагы №7 мектепти эки жыл мурда шаардык депутаттын бири менчиктештирип ала койгонун окурмандарга маалымдады.

“Алибинин” бүгүнкү санында мындан тышкары саясат таануучу Токтогул Какчекеев “Украинанын бийлигине улутчулдар келди” деген ат менен интервью берди.

“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин “Мамлекеттик туу–биримдиктин белгиси” деген сөзү менен бүгүнкү санын ачты. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министринин орунбасары Назаркул Ишекеевдин “Тил-Мекен тагдыры” деген аталыштагы макаласы жарык көрдү. Министрдин орунбасары бардык жалпы билим берүү мекемелеринде кыргыз тили боюнча жазуу түрүндөгү класстан-класска көчүрүү сынагын милдеттүү түрдө киргизүү келечекте оң натыйжаларын бере турганын жүйөөлүү далилдер менен бекемдеди.

“Кыргыз туусу” “Жаңы Ала-Тоо” журналынын “Арча” деп аталган сыйлыгынын баш байгеси же 100 миң сом бул жолу “Эрөөл” деп аталган повести үчүн Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакировго, 2-сыйлык “Таймаш” деген повести үчүн жазуучу Өмүрбек Караев менен “Два солдата из стройбата” деген повести үчүн жазуучу Владимир Лидскийге ыйгарылганын кабарлады.

Ушул эле гезитке сандан санга жарыяланып келген курч окуялуу, документалдуу “Таш бараң” деп аталган повестин Молтой Туман аттуу псевдоним менен жарыялап келген жазуучу Жуматай Абдрахманов менен журналист Мырзакат Тыналиевдин маеги да жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG