Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:22

Бийликтин күчүн кыш сынайт


“Фабула” гезитине Бажы биримдиги боюнча саясат таануучу Игорь Шестаков интервью берди.“Кыргыз туусу” гезити “Кымбат нерсе аялуу жана барктуу болот” деп айткан президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүн шилтеме кылган макала менен жаңы санын ачты.

Ошондой эле кыргыз президенти “Газпромдун” төрагасы Алексей Миллер менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, анда Миллер 330 млн. куб метр жаратылыш газын миң куб метрин 165 АКШ доллардан Жамбыл ГРЭСине жеткирүү тууралуу чечим кабыл алгандыгын, бул деген Казакстандан Кыргызстанга келе турган электр энергиянын өздүк наркын кыйла төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берерин жазды.

Ушул эле “Кыргыз туусу” журналист Нарынкүл Назаралиеванын “Кара-Кечени ок атышууга жеткирбейбиз” аттуу макаласын тартуулады. Макалада көмүр карьериндеги азыркы абал чагылдырылган.

“Алиби” гезити депутат Туратбек Мадылбеков менен маек курду. Маегин “Карышкырга кой кайтартып” жаткандарга каршыбыз” деп атаган депутат “Ата Мекен” фракциясы жаңы шайланган энергетика министрине каршы болгонун, ишти анын кандай алып кетерин эми убакыт көргөзөрүн, бирок “атамекенчилер” энергетика тармагындагы башаламандыктарга каршы чыгуу аракетин токтотпостугун, анткени качантан бери эле айтылып келаткан Ширшовдун схемасы иликтенбей келатканын, эми депутаттык комиссия түзүп, суу кантип жоголуп жатканын, мыйзамсыз иштерге неге жол берилгенин эксперттер менен кошо иликтеп чыгышарын белгиледи.

“Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытовдун интервьюсу “Чылпагын алабыз деп көзүн оюп албашыбыз керек” деген ат менен жарык көрдү. Ал Кумтөрдү улутташтырабыз деп чамынбай туруу керектигин, азыр канадалыктар менен биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө сүйлөшүп жатканын, болгону эл аралык сотко берип, акцияларды камакка алып, ишке тоскоолдук кылып жатышканын, азыр Канаданын сотуна документтерди жөнөтүп, арестке алынган акцияларды бошотуунун аракетин көрүп жатканын айтты.

“Фабула” гезити өткөн аптанын аягында Талас облусунун 70 жылдык мааракеси белгиленип, мааракени белгилөөгө өкмөттөн бир тыйын да бөлүнбөгөнүн, бирок каражат жагын Таластын азаматтары өзүлөрү көтөргөнүн, жалпы акчалай фонд 6 млн. сомдон ашканын, алсак белгилүү ишкер Райкан Алканов 200 миң сом, “Учкун” ачык акционердик коомунун башкы директору Рыскелди Момбеков 150 миң сом, профессор Оморбай Нарбеков 100 миң сом, ички иштер министринин орунбасары Какен Сатыбалдиев 50 миң сом, бажы кызматынын орунбасары Жеңиш Исаков 50 миң сом кошушканын, бирок байлыгы боюнча Кыргызстанда башкы орунда турган Бабанов Талас облусунун мааракесине салым кошпогонун жазып чыкты.

Ушул эле “Фабула” гезити депутат Ыргал Кадыралиеванын “Дискредитация методу колдонулгандан кийин кол салуу болот” деген аталыштагы интервьюсун сунуш кылды.

Саясат таануучу Игорь Шестаков маегин “Бажы биримдиги тууралуу маалымат жетишпей, имиш сөздөр күч алууда” деп атап, өлкө президенти менен кыргыз өкмөтүнүн Бажы биримдигине кирүү демилгесине каршы маалымат согушу ачык жүрүп, аны чет жактан финансылап жатышканын, официалдуу эмес маалымат булагынан билдиргендей, ал каражаттын көлөмү ондогон миллион доллар экенин, маалымат туура жетпеген жерде имиштер күчөрүн, мындай имиштерди Бажы биримдигине каршы болуп жаткан күчтөр эпчилдик менен пайдаланып жатканын, эл аралык эксперттердин берген баасында, Кыргызстанга Кытайдан чыгарылган товарлардын айлануусу 6-8 млрд. долларга жетерин, Биримдикке киргенден кийин чек аралардан адамдардын ден соолугуна зыян апкеле турган сапатсыз товарлар өтпөй каларын, мына ушундан улам каршылаштар азыркы өкмөт менен премьер-министрдин отставкага кетишин талап кылып, ушул жылдын аягына чейин Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү планын үзгүлтүккө учуратууга умутулуп жатканын билдирди.

“Фабуланын” жаңы санындагы интервьюсун депутат Нарынбек Молдобаев “Бардык тармакта чала иш жүрүп, кемчиликтер толтура” деп атап, кыш канчалык кыйын болбосун, эл деген эң биринчи тынчтык керектигин түшүнүп калганын, митинг-пикет дегенден чарчап бүткөнүн, бирок өлкөдөгү оор кырдаалды пайдаланып, элди көтөрүп, пикет-митинг кылып, бийликти кулатууну самагандар жок эместигин, бирок бийликке жалпы элдин нааразылыгы күч деп айтууга болбостугун белгиледи.

XS
SM
MD
LG