Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

"Алтындан азап"


Кумтөрдүн алтыны.
Кумтөрдүн алтыны.

Бүл күнү чыккан кыргыз тилдүү гезиттер Кумтөр, Бабанов менен Ташиевдин биригүүсү, энергетикалык кризис жана башка темаларга орун берди.

“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин Кумтөр боюнча чечкиндүү чараларды көрүү керек!” деп айткан билдирүүсүн жарыялады. Билдирүүдө: “Кыргыз Республикасынын улуттук байлыгы чарбалык талаштарда чет элдик компания же уюм тарабынан Кыргызстанга кандайдыр бир кысым көрсөтүүнүн жана соодалашуунун куралына айланган жагдайга жол берүүгө болбойт” деп айтылат.

Атамбаевдин билдирүүсүнөн кийин Кумтөр боюнча ойлорун айткан депутат Кожобек Рыспаев: - Мурдагы бийликтеги шылуундардын, эл-жеринен безип жүргөндөрдүн айынан кен байлыгыбыз ушундай күнгө туш келди, алтынын алып жатканы аз келгенсип, эми канадалыктардын минтип өлкөбүздү кысымга алып жатканы Кудайга жакпай турган иш, эми Кумтөрдү артка кайтарып алуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу зарыл.

Тоо-кен адиси Орозбек Дүйшеев: - Президент бул тарыхый маселе боюнча абдан туура билдирүү жасады. Кумтөрдү Акаев –Бирштейнге башкартса, Максим Бакиев-Елисеевдерге башкартты. Канадалыктардын мындай чечими туура эмес.

Эксперт Игорь Шестаков: - Мындай соттошуулар экономикабызды кыйындатары шексиз. Түзүлгөн келишим элдин эмес, бир ууч шылуун чиновниктердин гана кызыкчылыгын коргоо менен коштолгон. Эми Канаданын сотунда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого туура келет, - деп билдиришти.

“Араңдан кетсем мейличи, артымда элим гүлдөсүн!” деген ыр саптары менен улуу акыныбыз Токтогул Сатылгановдун Кетмен-Төбө өрөөнүндө өткөн 150 жылдык тою кандай болгонун акын жана журналист Бактыгүл Чотурованын баяндамасынан окусаңар болот.

Журналист Канышай Мамыркулованын “Жоопкерчилиги жок бийлик” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачкан “Алиби” гезити көзүн май баскан бийликти алмаштыруу революциясы алгач Таластан башталганын азыркы бийликке кулак кагыш кылып, "Бир кезде “Ош меники” деп опурулган Мелис Мырзакматов Оштун элине бир келип койбогонун, “Республика” менен “Ата Журт” партиялары бириккенин, Бабанов баягыларды эле сүйлөгөнүн, Ширшовдун схемасын жок кылып, ток уурдагандарды токтотуу, Осмонбек Артыкбаев менен Аскарбек Шадиевдерди тергеп, камасын деген талаптар менен төрт күндөн бери ачкачылык кармап олтургандар талаптары аткарылбаса, акыркы чараларга барарын эскерткенин жазды. Ушул эле санга интервью берген саясатчы Азимбек Бекназаров Осмонбек Артыкбаев жакшы иштегенин, болгон аракетин жумшаганын айтты.

Чынайым Кутманалиева менен маек курган саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Артыкбаевге эле эмес, кызаматтан түшкөн ар бир министрге кылмыш ишин козгош керек” деп айтуу менен Атамбаевдин саясый эрки барын, бирок революцияга катышпай туруп, кайсыл бийлик келсе ошол бийлик менен иштегенге көнүп алган адамдардын тузагынан чыга албай жатканын, Атамбаевди так ошолор жаман көрсөтүп жатканын, мамлекеттүүлүктүн теориясын түшүнгөндөр кызматка аз тартылып жаткандыгы үчүн жасаган иштерден майнап чыкпай жатканын, бирок министрлерди алмаштырып, кырдаалды оңдоонун аракетин көрүп жатканын колдоорун билдирди.

“Фабула” гезити “Маданият ишмерлери Орозбек Нусувалиевдин ишине баа беришти” деген баштема менен Бишкек эркин экономикалык аймагынын башчысы болуп иштеген Орозбек Нусувалиевдин иши менен таанышып, ал 23,5 гектар жерди мүлкү менен мамлекетке кайтаруу үчүн зор иштерди жасап жатканын Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов башында турган бир катар эл жазуучулары, эл артисттери белгилеп, жакшы иштеп жатканын көрүп кубанып, келип чайын ичип, батасын берип ккетишкенин кеп кылды.

Филология илимдеринин кандидаты Назгүл Турдубаеванын макаласы өмүрдөн өтүп кеткен, бирок артына кыргыз адабияты үчүн зор эмгектерин калтырып кеткен чоң окумуштуу Качкынбай Артыкбаев агайыбызга арналып, агайдын көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмагын белгилеп, ал кайта-кайта маселе коюп жүрүп, көк таштай көгөрүп жүрүп Улуттук университетке Жусуп Баласагындын атын койдуртканын жана анын илимдеги ишмердигин баяндады.

“Фабула” гезитиндеги Баратбай Аракеевдин “Жүз киши жана кыргыз” деген жаңы китебинин бүгүнкү каармандары Аскар Салымбеков, Шахра Талипова, Турсунбай Бакир уулу, Капар Батырканов болду.

XS
SM
MD
LG