Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

"Шайлоо базарга айланды"


Бүгүн чыккан гезиттерде парламенттик шайлоонун жыйынтыктары, 50-абактан качкандарды издөө операциясы, Евразия экономикалык биримдикке киргенден кийинки өлкөнүн экономикалык абалы, добуштардын сатылышы, таластыктардын төө буурчак көйгөйү, башкалаанын таштандыдан арыла башташы сындуу орчун окуялар чагылдырылды.

22-октябрдагы “Азия ньюс” гезити “Кризис-менеджерлер келбесе Кыргызстанды жоготуп алабыз” деген макала менен жаңы санын ачты. Басылма саясат таанучу Марс Сариевге шилтеме берип, Кытайдан келчү арзан товарларды сатып өткөрүүнүн кыныгын алган кыргызстандыктар эми Евразия экономикалык биримдикке кирип, анын пайдасын көрөбүз деген алдамчы үмүткө жетеленип жатканын белгилеп, “ЕАЭБдин алкагында Орусияны пайдаланабыз деген аракеттен эч натыйжа” чыкпастыгын эскертет.

Ушул эле басылма жаңы парламентке жалаң сатып алуу, сатууну гана билген бизнесчилер келгенин, алардын интеллектуалдык деңгээли төмөн экенин, андыктан алар жакшы иштеп, мыкты мыйзамдарды кабыл алат деп күтпөй эле коюш керектигин, “алдыдагы беш жыл да жалаң мушташ, интрига, көшөгө артындагы оюндар менен” өтөрүн жазды.

Шайлоо алдында депутаттарга берилчү артыкчылыктар менен жеңилдиктердин баарынан баш тартышарын убада кылган эл өкүлдөрү эми кызматтык кымбат баа машинелерин таштап, комитет фракциялар чогулуп бир "Минивен" минип алышса деле болорун саясат талдоочу Сабыр Муканбетов айтып чыкты. Анын гезиттеги маеги “Что делать?” деп аталат.

Депутаттар унаасын жайгарган соң Сабыр Муканбетов Кыргызстандын аймактык-территориялык бөлүнүштөрүнө токтолуп, аны кыргыз урууларынын атынан улус деп бөлүп коюу сунушун билдирген. Ошондо республика ашып барса 17 – 18 улуска бөлүнөт экен. Улут боло албай атып урууга бөлүнүүгө каршы чыкчуларга жооп кылып саясат талдоочу “бабалардын, уруулардын атын тарыхка ташка тамга баскандай кылып калтыруудан биз эч нерсе уттурбайбыз. Ар улустун эли түбү бир тууган экенин билип чоңоёт. Ич ара атаандашуу болуп, “тигилер тигинтип атыптыр, булар минтип атыптыр” деп атаандаштык шартында мыкты өнүгөрүн айтып маегин жыйынтыктаган.

Ушул эле басылмада ички иштер министри Мелис Турганбаевдин “Террористтер атылат!” деген маеги жарыяланган. 50-абактан качкандарды издөө иштерине токтолгон министр "алар аз күндө кармалышат же атылышат. Саналуу күндөр калды, чыдай тургула”, деген жообун узаткан.

50-абактан качкан Азамат Мүсүралиевдин кантип жок кылынганы “ПолитКлиника” гезитиндеги “Террорчулар түрмөдөн качып жүрөт дешет, этият бол” десем, “ошолордун бири - менмин” деп айтты” деген макалада баяндалган.

Басылмада парламенттик шайлоонун кандай өткөнү туурасында “Бийлик шайлоону таза өткөрдү, бирок партиялар ага даяр эмес экен” деген макалада кеп болот. “Жер-жерлерде капчыктуу партиялар бир добушту 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин баалап, шайлоо участкаларынын алдын базарга да айлантып жиберген учурлар кездешти,- деп жазат Акылбек Чынтемиров.- Эл ичинде да беш жылдык келечегин арзыбаган акчага карматкан мекендештерибиз болду”.

Басылмада төө буурчак баасы таластыктарды беймазага салып жатканы да баяндалган. Былтыркы жылы президент өзү кийлигишип төө буурчактын бир килосу 120 сомдон бааланса, быйыл анын тазаланганы 35 сомдон, тазаланбаганы 25 сомдон сатылууда. Академик Жамин Акималиевдин айтуусунда, төө буурчак баасынын төмөндөп кетишине эгиндин сапатынын начарлап кетиши, анан да эл аралык базардын таасири тийүүдө. Илимпоздун болжолунда, төө буурчак баасы 45 – 50 сомдун тегерегинде болмок.

Ушул эле гезиттин жаңы санында жарыяланган “Республика Ата-Журт” партиясы мандат үчүн каргыштан да коркушпайбы?” макалада аталган партия мүчөсү Аида Исмаилова шайлоого барар алдында ант берген текстти окуганын, бирок жетиштүү добуш алганына карабастан мандат албай калганын билдирген. “Ошентип айтканым менен, эгер тиешелүү добуш албай калсам, анда мен айтканымды аткарып, баш тартып, антымды аткармакмын. Бирок мен тиешелүү добушту алгам”, дейт Аида Исмаилова.

“ПолитКлиника” гезити Нарымбаев-Коркмазов сотуна кайрылып “Телефон чалып койгону үчүн 50 миң долларбы?” деген суроону камтыган макала жарыялаган.

“Жаңы агым” гезитинин бүгүнкү санында Темирбек Алымбековдун “Биометрикалык шайлоонун “окей”, “опейлери” деген макаласы басылды. Автордун маалымдашынча, Кыргызстандын шайлоого катышууга катышууга укуктуу 3,7 миллион калкынын 2,7 миллион шайлоочусу добуш берүүгө киргизилген. Анын 1,5 миллион ашууну шайлоого катышкан. Шайлоо аяктаганы менен анын жыйынтыгы чыгарылып, парламент депутаттарынын ишин баштоосу кечеңдөөдө.

Ал арада тизме чатагынан тажаган демейде “быш” этпеген БШК төрагасы арыздан колу бошобой аткан талапкер "республикачыларга" карап: “Бул силердин ички партиялык көйгөйүңөр. Бири-бириң менен соттошкула, атышкыла, өлтүрүшкүлө, а бизге иштеш керек” деп жолго салды" деп жазат макала автору. Ал эми парламентке келгендер көпчүлүк коалицияга биригип, өкмөттү түзүшү керек. Бул иш да кечендеп, үч ирет оңуна чыкпай калса президент парлапентти таратууга аргасыз болот.

Шайлоого талапкер катары катышкан белгилүү дарыгер Калдарбек Абдырамановдун маеги да гезиттин жаңы санында жарыяланган. Айтылуу дарыгер эгемендик тушунда бир да жаңы оорукана курулбаганын, мамлекет медицинага көңүл бурбай койгонун, Кыргызстанда жыл сайын жүрөк-кантамыр ооруларынан 20 миң адам каза табышарын айтып келип, шайлоо атаандаштыгынан кандай нерселерге күбө болгонун мындайча билдириптир: “Шайлоо бул чоң базарга айланыптыр, пулуң болсо кулуңмун деген нерсе элдин канына сиңип, добуштар идея үчүн эмес акчага берилип калыптыр. Саясат балит дегенин угуп, билип жүргөм, бирок саясатты балит кылган кимдер экенин аңдай албай жүргөм, эми баарын түшүнгөндөй болдум”.

Кыргызстандыктар жаңы парламентти капчыгына карап тандап алганын “Общественный рейтинг” гезити аркылуу саясат таануучу Зайнидин Курманов жарыя кылды. “Олигархтар бийлигин алып келип алдык, алар адилет коом кургусу келбейт, ойлогону жалаң акча болуп калгандардан андайды күтүүгө болбойт”, дейт Курманов.

Бишкектин акыр-чикир маселеси чечилгенин шаар башчы Кубанычбек Кулматов “Комсомольская правда Бишкек” апталыгы аркылуу жарыя кылды. Мэрдин айтуусунда, ушу тапта шаар таштандысын тазалагандар 60 миң сомго чейин акча таап жатышат. Жакынкы аралыкта бул иштер толук автоматташтырылган системага өтөт. Ушуну менен президенттин тапшырмасы да аткарылганын шаар башчы шардана кылды.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG