Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Кыргызстанды кыйратсам деген көп


“Эгерде жигиттерибиз террористтерди жок кылбаса, эртеси эски аянтта жүздөгөн киши каза болмок” деген баш тема менен бүгүнкү санын ачкан “Кыргыз туусу" гезити Жыпар Исабаеванын “Ааламаттан алдын алган “Альфага” ыракмат!” деген макала жарыялады.

Диний аалым Кадыр Маликов Борбор Азия өлкөлөрүн башаламан кылуу үчүн 70 млн. доллар бөлүнгөнүн, "Ислам мамлекети" деп аталган баш кесерлердин “Борбор Азия” кыймылы түзүлүп аракетке өткөнүн, ошондуктан сак болууну эскертсе, ардагер чекист Талант Разаков, "бизде терроризм жок" деп отура берүүгө болбостугун, Сирияга согушам деп кетип жаткандардын бетин ачып, УКМКнын иш аракетин баалаш керектигин, террорчулук деген бейкүнөө адамдардын өлүмү, жардыруу, окко учуу, үйлөрдүн өрттөлүшү болорун күн сайын экрандан көрүп жатканыбызды, мунун четин кечээ өзүбүздүн борбордон да көргөнүбүздү айтты.

“Вечерний Бишкек” гезити “Датка-Кемин” электр станциясынан 500 метр аралыкта курулганы жаткан цемент заводунун курулушун Темир Сариев келип токтоттурганын, аталган заводдун курулушуна өткөн жылдын август айында капсула салынып, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев завод курулуп калса, бир жарым миң кыргызстандык иш менен камсыз болору, заводдун өндүрүштүк кубаты жылына 1,2 млн. тонна цемент чыгарууга жетери, завод кытай тарабынан эл аралык эрежелердин негизинде курулары, эч кандай зыяны болбостугу айтылганын, эми кайра Темир Сариев тарабынан завод ишке кирчү болсо абага 598 тонна зыяндуу заттарды чыгарып турарын, бул заттар подстанциянын металл конструкцияларын жеп, дат бастыртып, электр жабдууларын бузуп жок кыларын, ошондуктан цемент заводу токтотулганын жазып чыкты.

“Фабула” гезити “Максаты ишке ашпай калган Максат Кунакунов кармалды” деген макала менен жаңы санын ачып, жакында эле Бишкекте жок кылынган террорчуларды курал-жарак жана акча менен жабдып жүргөн, мурдагы “акжолчу” депутат Максат Кунакунов кайдадыр качып кетмекчи болуп камынып калган “Манас” аэропортунан таңкы саат 4тө камакка алынганын, бул жигиттин атасы союз убагында Кыргызстандын финансы министри болуп турганын, өзүнүн жогорку билимдүү деген эки диплому барын, мындан тышкары Орусия Федерациясынын дипломатиялык академиясын да бүтүргөнүн, убагында Данияр Үсөновдун ишенимдүү иниси катары БТА деп аталган банкын башкарып турганын жазды.

Гезит Кунакунов өзү жаш болгону менен капчыгы калың, жетиштүү жашагандардын бири болорун, жөн өмүр сүрсө деле байлыгы кара башына жетмегин, акчага көптүбү же башкага көптүбү, эми эмне кыларын билбей куттуу кыргыз жеринде кутуруп, суусун ичип, нанын жеп өскөн Кыргызстанды жок кылыш үчүн аттанып чыкканын, эгер УКМК дагы тереңдеп казса Кунакуновдун артынан дагы далайлардын башы суурулуп чыгарын айтты.

Ушул эле гезит Данияр Нарымбаевди президент кызматынан кечээ биротоло кетиргенин, ошентип “отко күйбөс, сууга чөкпөс” атка конгон Данияр Ильич Кыргызстандын 4-президентинин тушунда абийири айрандай ачылганын, эми эл ичинде Нарымбаев жоопко тартылабы же тартылбайбы деген суроо тикесинен турганын кабарлады.

Баратбай Аракеев “Америка+Азимжан=айбандык!” деген макаласында “Кыргыздарды кыргыла!” деген ураан таштап, чаң-тополоң салып, милицияны өлтүргөнгө катышкан Азимжан Аскаров биздикиндей мыйзам болбогондо эбак өлүм жазасына тартылмагын, ошондуктан Америка тургай, бүтүндөй дүйнө чогулуп туруп каалаган сыйлыгын берген күндө дагы Азимжан Аскаров Ош окуясынын баш кесери бойдон кала берерин айтты.

“Фабуланын” бүгүнкү санына “Карабалталыктарды кокуйлаткан кытайлар...” деген ат менен Карыпбек Сереңов аттуу карабалталык аксакалдын каты жарыяланды.

Катта Кара-Балтадагы 217 гектар жерди кытай 49 жылга ижарага алып, мунайды кайра иштетүүчү завод курганын, бирок зыяндуу заттарды тазалап жок кыла турган жайын курбастан, Кыргызстандын экологдору кол койбогонуна карабастан заводду куруп салып, эми саркынды заттарын агызчу түтүгүн түз эле шаардын канализациясына туташтырып салып, бүгүн эми шаар тургундарынын үйлөрүнүн ичинен адам чыдагыс сасык жыт чыгып, жашоого болбой калганын, баары ооруй баштаганын, минтип отурса Чүйдүн сол тарабындагы эл өзүнөн өзү кырылып жок болорун жазып, бийликтин көңүлүн элдин көйгөйүн тезинен чечүүгө бурду.

XS
SM
MD
LG