Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Суу кордогон пенде болдук...


Иллюстрация
Иллюстрация

“Общественный рейтинг” гезити Борбор Азиядагы эң узун Сыр-Дарыя кантип ууга айланганын баяндады.

“ПолитКлиника” гезити “Президентке кат” рубрикасынын алдында Бишкектин тургуну Амангелди Сопубековдун “Президенттен келсе эмне кылайын? Бар анда, өзүнө текшертип ал” деди прокуратура кызматкери” деген катын жарыялоо менен бүгүнкү санын ачты.

Бул санда “Ата-Журт” партиясынын негиздөөчүсү Базарбай Темишовдун “Камчы, Акмат, Садыр мени кантип алдаган?” деген макаласы, белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиеванын “Окуучу кезде агайымды жактырып” деген аталыштагы маеги, айтылуу куудул Күмөндөр Абыловдун “Насыбайга жиберсем, өзүң вино алып келип атпайсыңбы” дегени жана башкалар бар.

“Жаңы агым” гезити бул санын “Оторбаев “Кумтөрдүн жаназасын окуду” деген баш тема менен ачты. Тынчтык Алтымышевдин “Сот менен прокуратура көңүлдөш болгондо”, “Алтын дагы бир өкмөттү алып тынабы?”, “Бишкек – Кара-Балта жолу курулат” деген, Мелис Совет уулунун “Падыша элди кууй албайт, эл падышаны куушу мүмкүн” деген макалалары бар.

Ушул эле санда 75 жаштагы Токтобек Керимбаевдин “Уулум Билимбек эч күнөөсүз 10 жылга кесилип жатат” деген каты жарык көрүп, анда уулу Билимбек Токтобеков жөндөн жөн эле Нариман Түлеевдин куруна кыпчылган бойдон ак жеринен соттолуп, төрт айдан бери камакта жатканын, күбөлөр күнөөсүз экендигин айтып барбаган жери калбаганын, бирок эч бир жыйынтык жоктугун, “күнөөсү жок киши да ушинтип соттолобу?” деп атасы күйүп-бышып кеп кылды.

“Азия ньюс” гезити журналист Асланбек Сартбаевдин “Бүгүнкү саясий элита Бакиевди кечээ кандай сатса, Атамбаевге да ошондой мамиле” деген, Сабыр Муканбетовдун “Алашалбырт” деген, Бегимай Бакашеванын “Энергетика каатчылыгы: свет дагы кымбаттайт, эмне кылабыз?” деген, Ийгилик Болсунбаевдин “Биздин коомубузга оппозиция эмес, ашкере арабдашуу коркунуч туудурууда” деген макалалары, “Президент 97 жаштагы согуш ардагерин угабы?” деген ат менен Алмазбек Атамбаевге жолдогон Бөлөкбаев Көкүш атанын каты жарык көрдү.

“Баягы асаба” гезити “Ажонун аптыракатын айланасындагылар кетирет” деген баш тема менен ачты. Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров маек куруп, “Тазалык" деген ишкана боюнча эч кандай акча албаганын, көмүрдү болсо жарым жыл издөөдө жүргөн кишинин көрсөтмөсү менен жалган айып тагышканын, Арпачиев менен жердеш экендиги чындыгын, бирок ага да, Самаковго да тиешеси жоктугун, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү деп да жазышканын, чынында эч бир партияга мүчө эместигин, эгер бийликтин айтканынан чыкпай, сот каралоо өкүмүн чыгарып койсо андан эч нерсе жоготпостугун, анткени ага козголгон кылмыш иши саясат экени кенедей баладан бери түшүнүктүү болуп аткандыгын айтты.

Окумуштуу Сатылган Жорупбеков макаласын “Алдамчы шайлоодон качып, элдик курултайды мыйзамдаштыралы” деп атады.

“Асман плюс” гезити жаңы санын “Бишкек шаарынын мэри Кулматовду кимдер сөгөт?” деген баш тема менен ачты. Кардиохирург Калдарбек Абдраманов “100 миң долларга биздин врачтар 100 балага операция жасамак” деп маек курду.

Динара Бейшеналиеванын “Кылмышка жол ачпайлы” деген ой-толгоосу, ошондой эле түрмөдө жатып ырларын жарыялаган Тамара Тынаеванын ыр менен жазылган арман каты бар. Ушул эле санда бою 2 метр 20 сантиметрлик жигит менен Динара Бейшеналиеванын кызыктуу маеги жарык көрдү.

“Айат” гезити экс-президент Роза Отунбаеванын “Сабырдуу, рационалдуу жашашыбыз керек” деген маегин, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашеванын “Өлүм жазасын киргизүү тууралуу маселени чечүү Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат” деген маеги тартууланды.

Орус тилдүү “Общественный рейтинг” гезити “геосаясат” деген рубриканын алдында башкы макаласын “Ооганстандагы чоң оюн” деп атады. Дагы бир макала “Орусиянын Азияны карай бурулушу” деген аталыш менен сунушталды.

Александр Медниковдун макаласы “Борбор Азиядагы эң узун дарыя ууланган болуп чыкты” деп аталып, акыркы үч жылдан бери Сыр-Дарыяны изилдөөгө алган окумуштуулар дарыянын суусу алтургай сугатка жарабай тургандыгын аныкташканын, анын суусу менен сугарылып өскөн жер-жемиштердин же башка айыл чарба азык-түлүктөрү онкологиялык ооруларды пайда кыларын, илгери биздин ата-бабалар сууну өтө ыйык тутуп, сууга бир нерсе ыргытмак турсун, сууга түкүртпөй сактап келсе, бүгүн көрүнгөн таштандынын баарын сууга төгө берип, акыры ичип турган сууну да кор кылганыбызды, ал айланып келип эле өзүбүзгө каргыш болуп тийерин билбей жатканыбызды баяндады.

Ошентип адам баласынын айбандыгына чыдабай суу да ууга айлана баштады.

XS
SM
MD
LG