Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Өлкөнү алдыга түрткөн күч - улуттук сезим


“Мекен инфо” гезити саясатчы, экономист, профессор Акылбек Жапаров менен маекти басты.

Акылбек Жапаров учурда Кыргыз экономикалык университетинин профессору экенин, балдарга сабак берерин, лекциясын бул жактагыларга эле эмес, Москвадагы Эл аралык университеттин экономика факультетиндеги студенттерге да окуп жатканын, ал тургай ошол окуу жайдын кафедра башчысы болорун билдирди.

Бажы биримдигине токтолгон Акылбек Жапаров коом бүгүн бай-кедей жана орто катмар болуп бөлүнүп калганын, Бажы биримдигине киргенде кедейлер кыйынчылык тартып, орто катмардагылар менен байларга көбүрөөк пайда түшөрүн, бир жагынан утулсак, бир жагынан утаарыбызды, рынок ачылары менен Орусия, Беларус, Казакстандын товарлары бизге кымбат келерин, эки-үч жыл өтө кыйын болорун, буга чейин башка жактан келген “акылмандардын” айтканы менен болуп, “кудай башка салганын көрөбүз” деп жашай бергенибизди айтты.

Экономист Эл аралык валюта фонду эмне кыл десе ошону кылып, өз башыбызды иштетип, өз жолубузду издегенге мойнубуз жар бербегенин, дүйнө эли азыр эки агымга түшүп алганын, бири интернет кишилер экенин, аларда Мекен деген түшүнүк жок, кайсы жерде жашоо жакшы болсо, ошол Мекенге айланганын же кыргыз айткандай “иттин Мекени ит аягы” болгонун, экинчи агым өнүккөн Сингапур, Корей, Кытай, Жапония сыяктуу “мен жапонмун”, “мен кытаймын” деп сыймык, намыс менен жашагандай, бул дүйнөдө өлбөй сакталып калыш үчүн “мен кыргызмын” деп башты сайып, намыска түшө турган кез келгенин, ошондо гана оңоло турганыбызды айтты.

“Мекен инфо” гезити андан ары журналист Олжобай Токтосуновдун саясат айдыңындагы айрым окуяларды анализге алган кабарларын тартуулады.

Саясий партиялар жөнүндө: Шайлоо алдында партиялардын биригүүсү башталганын, “Ата-Журт” менен “Республикадан” кийин Алтынбек Сулаймановдун “Бир бол” партиясы менен Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясы бириккенин, айрым саясат сакчылары бул экөөнүн салмагы Бабанов менен Ташиевдикине жетпейт деп жатканын, бирок Алтынбекте да, Адаханда да катылып жаткан күчтүү резервдер болушу мүмкүндүгүн, дагы бир жагдай, “Ата Мекен” менен “Ар-намыс” биригип кетсе, саясатта даана кызык оюндар баштала турганын белгиледи.

Депутат Самаков жөнүндө: "Манас" үчилтигин, кыргыздын башка дөөлөттөрүн ЮНЕСКОго каттатып, чапкылап жүргөн менен депутаттын үстүнөн кара булут айлана баштаганын, маселен, жерлерди мыйзамсыз сатып алган, акчага бай арабдардын миллиондогон долларга алдаган, көпчүлүктүкүн өзүнө ыйгарып алып баатыр көрүнгүсү келет дегендей өтө опурталдуу дооматтар коюлуп келатканын, мына ушуларга эми “депутат эмне деп жооп берер экен?” деп,

КТРКнын башкы директору Султан Жумагулов жөнүндө: Кандай болсо да КТРКга толук укуктуу жетекчи болуп Султан Жумагулов келгенин, бир жагынан карасаң Султан мырза кыргыз журналистикасындагы күчтүү өкүлдөрдүн бири экендиги талашсыздыгын, “эми КТРКда программалар оңолуп, өзгөчө алып баруучулардын деңгээли жогорулар бекен? Айрыкча канча акча болсо да бере коюп, эптеп эле эфирге чыгууну эңсегендердин таламайында калбас бекен? Дүйнөдөгү мыкты телеканалдарды кой, жаныбыздагы эле Казакстандын “Хабарынын” деңгээлине жете алар бекен? Аз калды, жакында эле билине баштайт” деп жазып чыкты.

Аталган гезит “Бажы биримдиги мигранттар үчүн кандай таасир тийгизиши мүмкүн?” деген суроого жоопту эмгек мигранттарынын өкүлдөрүнөн издеп көрдү.

“Мекенчил жаш” коомдук бирикмесинин төрагасы Темирлан Бекболотов: - Москвада жүргөн мигранттардын көбүнүн жумушка уруксат кагазы жок. Мына ошол маселенин баары чечилет. Терс жагы болсо рубль менен сомдун баасы теңелип калды. Мигранттардын эмгеги акталбай жатат. Союзга киргени калдык. Артка жол жок. Буюрса баары жакшы болот, - деп,

“Кыргыз биримдиги” коомдук уюмунун төрагасы Абдыганы Шакиров: - Мигранттар үчүн терс жагы болбойт. Терс жагы Кыргызстанга тиет. Анткени мигранттар жөнөткөн акчага азыркыдай товар сатып алалбай калышат. Анткени баа кымбаттайт. Кытайдын товарлары да кымбат болот. Бирок айыл чарбасы менен өндүрүш жанданат. Эл ушул жагына оойт. Ал эми Москвадагы ишкер-бизнесмендер кыйналбайт,-деп,

“Эмгек мигранттары” кыймылынын төрагасы Эмил Жайчиев:

- Орус рубли менен кыргыз сомунун күчү бирдей болуп калды. Мисалы, Москвадан алган 15 миң рубль биздин акча менен 17 миң сомду түзүп калды. Мигранттар үчүн ишке орношуу эми кыйла эле жеңил болот. Менин оюмча жалпы Кыргызстанга деле таасири анчалык жаман болбойт. Бир гана товарларга болгон баа бир аз кымбаттайт. Майда барат соода менен алек болгондор жабылат. Мени Бажы биримдигин колдойм, - деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG