Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:07

Убайын берген миллиондор


“Фабула” гезити кыргыз парламенти ооруканага айланып калганын жазды.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын Кыргызстан менен Түркмөнстандын президенттеринин жолугушуусун баяндаган макала менен ачты.

“Эч бир элде кездешпеген феномен эле" деген ат менен манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине карата президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосунда “Мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн негиздери ата-бабаларыбыздан калган рухий мурас “Манас” эпосунда бар. “Манас” барда кыргыз бар, кыргыз барда Саякбай атабыздын жаркын элеси жана бизге улуу муундардан улап калтырган рухий мурасы жашай бермекчи” деп айтылат.

Журналист Мырзакат Тыналиевдин “Вице-спикерден келген “шиворот-навыворот” деген фельетону депутат Төрөбай Зулпукаровго багышталды.

Ысык-Көлдүн Өрнөк айылынын тургундарынын кыргыз элине кайрылуусу “Бириксек күчтүү мамлекет болобуз” деп аталып, мамлекеттин кызыкчылыгы деп колунан келгендин баарын жасап жаткан президентти, анын айланасындагы канатына канат болуп иштеп жаткан кызматкерлердин атан төөдөй ишин байкамаксан болуп, миллиарддаган байлыгыбызды ичип-жеп, элин-жерин сатып, анысы аз келгенсип саясатты курал кылып жүргөн куу кекиртектердин таманын жалап, кайра бийликке алып келүүгө аракет кылып жаткандарды көрүп, элибиз “ырыс алды ынтымак” дегенди унутуп койгонун, тынч жашоо гана өлкөнү өнүктүрөрүн ойлобогонбузду белгилеп: “Энергетикалык кризистен чыгара турган Датка-Кемин линиялары, Камбар Ата-1, 2 ГЭСтеринин, Түндүк-Түштүк жаңы жолунун, Кара-Балта менен Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна, деги эле кыргыз элине жакшылык алып келип жаткан жакшы иштерге, өлкө казынасына миллиондогон киреше киргизип жаткан эр-азаматтардын иштерине кубанбай, ооздорун куу чөп менен аарчып, өздөрүн эркинбиз деген маалымат каражаттары эмне үчүн элибиздин душманынан бетер жалаң гана жамандык жөнүндө сөз кылып, иштеп аткан адамдардын баскан-турганына, укум-тукумуна дейре асылып, болбогон бир ушактарды шыпыртышат?” деп жүйөлүү суроо коюу менен “Биз ынтымакта болгондо гана ырыс-кешиктүү, күчтүү мамлекет болобуз” деп айтты.

“Фабула” гезити “Сариева Талиеванын изи менен кетеби?”, “Жээнбеков жээликкенде”, “Финансы министри Ольга Лаврова коңгуроо какты”, “Ошто “Жаштар коому” “Кыргызгаздын" мурдагы жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевди жоопко тартылсын” дешти деген чакан маалыматтарды таратты.

Баратбай Аракеев макаласын “Аманбаеванын башы, Келдибековдун буту, Түлеевдин коркунучтуу оорусу бар. Кудай сактагай эле” деп атап, Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголору менен эле депутаттар “рак”, “инфаркт”, “жаны башына чыгып кеткен же жаны тизесине түшүп кеткен” сыяктуу укмуштуу оорулар менен ооруй баштаарын, мындан ары парламент дебей эле “Борбордук оорукана” деп атап алсак жарашарын, бир кездеги чынчыл, боорукер, тайманбас, айкөл, бирөөнүн ала жибине зыян кылбаган, улуусун урматтап, кичүүсүн сыйлаган кыргыздын урпактарына бүгүн анткорлук, коркоктук, жанын жеген алдамчылык, өзгөнү келесоо, өзүн акылман санаган тайкылык, бирөөнүн ийгилигин көрө албастык, ичи тардык, өзү тойсо да көзү тойбогон айбанчылык өңдүү дарт жабышканын, демек ушундай адамдар кыргызга жакшылык кылгандан мурда укум-тукумуна чейин кетпегендей болгон оорусунан өздөрүн оңдоп алса болбойт беле деп жазды.

“Де-факто”гезити КТРКда Космос Чыдынов деген жигит бар, Космос жаштардын өкүлү, эмне үчүн Космосту колдоого болбосун?” деп, бир кездеги Майрам Акаеванын “капчыгы” деген атка конгон Малабаев бүгүн “Ата Мекен” партиясынын тонун жамынып жүрөт” деп, ИИМдин 1-орун басары болуп иштеген Бактыбек Жусубалиев кызматынан өз каалоосу менен кеткенин, “ИИМдин башына жалаң эле атбашылыктар туруп алды” деген күңкүл сөздөр тийбесин деп, кызматташ агасы Мелис Турганбаевге жол бошотуп, жигитчилик кылганын, кыргыздын мыкты азаматтары илгертен дал ушундай адамдык сапатка ээ экенин далилдегенин маалымдады.

Ушул эле гезит Урмат Аманбаева тууралуу “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганса кутулуп кете алат” деген сүйлөм Кылмыш кодексинде жазылган эмес” деген, “Мамытовдун мантысын КСДП бышырабы?” деген, “Жорж Соростон демократия жана ачык коом” деген, “Кыргыз оппозициясы Саруудагы сценарийди кайрадан кайталоого ниеттенгендей” деген макалаларды басты.

“Жаңы агым” гезити чет өлкөдө дарыланбаса айыкпай турган болду деп адегенде Германияга, кийин Малайзияга кеткен депутат Акматбек Келдибеков азыр акчалуулар барсам деп самаган Дубайдын ысык кумуна кактанып, чет элдик кеңешчиси менен масилет куруп жатканын, бул жактан үй-бүлөсү да учуп барып, бактылуу үй-бүлө Дубайдын кымбат саналган Палм-Жуймейра районунда алданемедей жашап жатышканын, мындай кымбат районго капчыгы калың миллионерлер гана түтөөрүн, демек Келдибеков жыйнаган миллиондордун убайын көрүп жатканын кабарлады.

Ушул эле гезит ИИМ министри Мелис Турганбаев Орусияга жаңы өкүлчүлүк дайындап, буга чейин мигранттарды талап-тоноп, салык салып келаткан “черныйларды” кармап, Орусиянын полициясы менен бирдикте катуу чараларды көрөрүн билдирип, мигранттарды кубантып кайтканын билдирди.

“Алиби” гезити Таластын губернатору Койсун Курманалиева “Төө буурчактын айынан төө бастыга калганын”, депутат Өмүрбек Абдрахманов ЖК жыйынында: “Бири дагы 500 доллар айлыгына жашай албайт! Баарын чогуу алып барып камап койсо болот, баары коррупция менен оокат кылып жатат” деп аткаруу бийлигин каптап өткөнүн, буга чычалаган министрлер Алиясбек Алымкулов: “Агай, оозуңузга карап сүйлөңүз!” десе, Канат Сыдыков: “Далилиңиз жок болсо, мен сизди сотко берем” дегенин жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG