Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:04

Байкоосуз сыйрылган чүмбөт


Кыргыз парламенти, 30-ноябрь, 2011-жыл.
Кыргыз парламенти, 30-ноябрь, 2011-жыл.

4-апрелде чыккан кыргыз гезиттери жаңы түзүлгөн өкмөттү сындап чыгышты..

“Жаңы Агым” “Тандаган Талиевага туш болот!” деген фотосүрөт менен ачылып, жаңы өкмөттүн курамы талдоого алынды. “Ошентип башынан шору арылбаган, саясий оюндардан башы чыкпаган, саясатчылардын жеке кызыкчылыктарынын курмандыгына айланган, экономикасы эңшерилген Кыргызстан дагы бир жолу өкмөттүү болду. “Жаңы” деп айтууга ооз барбайт, “эски” дейли десек, Жантөрө Сатыбалдиев, Токон Мамытов, Султан Раев жок. Калганы калыбында, “Ата Мекен” партиясы өзүнүн акыркы бет чүмбөтүн ушул коалицияны, өкмөттү куроодо байкабай сыйрып алды" деп кабарчы Тынчтык Алтымышев жазып, жаңы өкмөттүн курамын талдоого алды. “Ата Мекен” партиясы акыры максатына жетип, өтө назик, жумшак, тил алчаак, элпек Жоомарт Оторбаевди “пульт” менен башкаргандай башкарып, каалаган боткосун чалууга мүмкүнчүлүк алды. Буга чейин вице-премьерлик кызматты аркалап, кыял-жоругу менен атагы чыккан, жыл ичинде 12 жардамчыны алмаштырып, дагы ошончо катчыны кызматтан айдаган Камила Талиеваны маданият, маалымат жана туризм министри кылганы Куловдун акыл ресурсу деле эбак түгөнүп калганынын так далили" деп жазат Тынчтык Алтымышев.

Гезит 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуянын хроникасы, кытайлык кыргыздар, “Манас” аэропортунун сатыкка коюлушу, өлкөдөгү өтүшкөн коррупция, кыргыз-тажик чек ара көйгөйлөрү, маркум манасчы, акын Уркаш Мамбеталиев, мигранттар тууралуу макалаларга да орун берди.

“Де-факто” “Өкмөт “жууркан” алмаштырды, ичинде баягы эле тер, баягы жыт...” деген фотоколлаж менен бүгүнкү санын ачты. "Парламенттик шайлоо алдында Өмүрбек Текебаев өкмөттөгү, парламенттеги позицияларын кыйла бекемдеп алды. Жоомарт Оторбаевге өз командасын түзүүгө мүмкүнчүлүк бермек түгүл, аны ойлоп койгон жан болбоду. Анын сунушу менен өкмөт курамына кирген бир дагы талапкерди көрбөдүк. Бул өңүттөн алганда, өкмөттүн мындан аркы ишине, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга өкмөт башчы эмес, коалициялык көпчүлүк жоопкер болушу керек" деп жазат кабарчы Мирлан Дүйшөнбаев.

Гезитке сот реформасынын ишке ашпай калышы, 7-апрель окуясы, ага-ини Жапаровдордун Каракол шаарына чукул Жыргалаң Шахта айылынын турмушун талкалашы тууралуу макалалар чыкты.

“Фабула” журналист Баратбай Аракеевдин “Жаңы өкмөт келди. Жакшылыкчы?” деген макаласында эч кандай ири өзгөрүү болбогону, Өмүрбек Текебаев кийинки мезгилде каалаганын жасап жатканы, Жоомарт Оторбаев “кыздын баласындай чоюлган” чиновниктердин бири экени, орун алмашуудан эч кандай сумма өзгөрбөгөнү талдоого алынган.

Публицист Меңдибек Асылбековдун “Кадр саясатында “саяпкер” болсок” деген макаласында өлкөдөгү кадр маселелери тууралуу кеп болот. "Бизге туңгуч премьер-министр Насирдин Исановго окшогон өкмөт башчы керек. Анда билим да, интеллектуалдык көрөңгө, калыстык, тунуктук да, көк жалдык касиет да болгон. Кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн, тарыхын, маданиятын, нарк-нускасын, салт-санаасын, тилин-дилин жакшы билген. Улуттук колорити күчтүү болгон" деп жазат автор.

“Кыргыз туусу”. Журалист Азимжан Ибраимов “Апрель революциясынын идеялары ишке аштыбы?” деп суроо коюп, өзү жооп берет. Ал экономикада өсүш болгонун, өлкөдө коррупцияга каршы күрөш кеңири кулач жайганын, тышкы саясатта жемиштүү жүрүштөр жасалганын, бийлик таза шайлоого кадам таштаганын баяндайт.

“Эркин тоо” жаңы өкмөткө жашыл жарык, ак жол каалайт. Гезит ошондой эле азаттыкка алып келген 7-апрелдеги кандуу күндү эскерип, аталарынан айрылган үй-бүлөлөрдүн эскерүүлөрүнө орун берди.

Мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимов көзү тирүү болгондо быйыл 70 жашка чыкмак. "55 жаш курагында каза болгон өкмөт башчы Жумабек Ибраимов чынчылдыгы, тазалыгы, иш билгилиги менен айырмаланган" дейт эскерүү макаласында журналист Сымбат Максутова.

“Алиби” гезитинде бүгүн жаңы өкмөттүн курамы, Токон Мамытовдун ишмердүүлүгү, ал саясий карьерасына чекит койбостугу, учурдагы кыргыз киносу, өлкөдөгү экологиялык абал тууралуу макалалар жарык көрдү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG