Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Ынтымакты ыдыраткандар мамлекетти жайлайбы?


Кыргыз гезиттери.
Кыргыз гезиттери.

3-апрелде чыккан гезиттер жаңы өкмөт түзгөн коалицияны сындады.

“Баягы Асаба” гезити бүгүнкү санын “Таякчан Атамбаев" деген фотосүрөт менен ачты. Парламенттеги фракциялар ары-бери тартышып, акыры коалиция түзүп, анын курамына мурдагылар кайра киргенин, өкмөт башчылыкка Жоомарт Оторбаев келгенин, “Ынтымакты” ыдыраткандар кайра “мамлекеттүүлүктү” жайлабаса болду деп жазды.

Ушул эле гезит "Жоомарт Оторбаев кандай премьер-министр болот? Элдин ишеничин актай алабы?" деп суроо койду. Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев Оторбаевдин жакшы жактары менен кемчиликтерин айтып, “Ал артынан сөз ээрчитпеген, ичип-жебеген таза жигит. Бийлик, демократияга европалык көз менен карайт. Кемчилиги - эл, элет жашоосун билбейт, чечкиндүү эмес” деди. Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров “Чоң саясий оюндардын 1-сериясы гана бүткөнүн, учурда соодалашуу болуп жатканын, жаңы өкмөт башчынын чарбачылык тажрыйбасы жоктугун, ал Кыргызстанды алдыга сүйрөп кете албасын гезитке курган маегинде айтты.

“Азия ньюс” “Текебаевдин фантастикасы” деген фотоколлаж менен ачылды. Жаңы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жана анын командасы сынга алынды. Жаңы өкмөт эмес жаңы оюн, “устукан” талашуу жүрүп жатканын, бийликке элдин ишеними эбак өчкөнүн, бул өкмөттөн деле эч кандай жакшылык күтпөстүгүн коомдук ишмер Акылбек Атабаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Осмоналиев, Айнуру Алтыбаева, серепчи Токтогул Какчекеев айтып, талдоого алышкан.

“Акыйкат” партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов интервью берип, ал дагы учурдагы бийликти сынга алды. Ал жетекчилер өзгөргөнү менен бийликтин маңызы өзгөрбөй, элден четтеп калганын, коррупция кайра күчөгөнүн, учурдагы оппозициянын абалы, тышкы саясат тууралуу ойлорун билдирген.

“Учур” гезити митинг менен бийликке келгендер эми кайра митинг өткөрүүгө тыюу салып жатканын, 7-апрелде кан бекер төгүлүп, үмүттөр акталбай калганын, сөз эркиндиги үчүн күрөш жүрүп жатканын, оппозиция курултайы кийинки мөөнөткө жылдырылганын, Өмүрбек Текебаев жеке кызыкчылыгы үчүн коалицияны 3 жолу бузганын гезит талдоого алган.

Генерал Артур Медетбековдун маегинде Украина менен Кыргызстандагы окуяларга анализ кылынат. Анда Кыргызстанда эгемендик, бүтүндүк сакталып калганын, ошол учурдагы Убактылуу өкмөт мүчөлөрү чет өлкөлөргө качып кетүүгө даяр болуп калганын, 2010-жылдагы окуялардан кийин Кыргызстанда эч нерсе өзгөрбөгөнүн, сот, укук коргоо тармагында, аскердик куралдуу күчтөрдө эч кандай реформа болбогонун, криминал менен бийлик тыгыз аралашып кеткенин, чек ара көйгөйлөрү күчөгөнүн кенен айтып берген.

Бул гезит да жаңы өкмөт башчыга ичи чыкпагандардын пикирлерине орун берди. Жогорку Кеңештин эркин депутаты Өмүрбек Абдрахманов "Жоомарт Оторбаев Атамбаев менен Текебаевдин колуна “суу куйганды” гана билет, ал бир да реформанын демилгечиси болгон эмес, өкмөт өзгөргөнү менен система ошол бойдон өзгөрбөй калды" деди.

“Айат” гезити 3-апрелдеги жаңы санында Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовду, биринчи вице-премьерлик кызматка көтөрүлгөн Тайырбек Сарпашевди, маданият министрине талапкер болуп жаткан Камила Талиеваны сынга алган макалалар чыкты.

“Асман-плюс” жаңы санында вице-премьерлик кызматка сунушталып жаткан Элвира Сариева Темир Сариевдин аталаш тууганы, карындашы экенин, бийликти Текебаевдин командасы толук колго алганын, Жоомарт Оторбаев Атамбаевдин досу экенин, экөө 20 жылдан бери ынак мамиледе болуп келатканын, 3-4 айдан кийин бул өкмөт да кетээрин, учурда саясий оюндар гана жүрүп жатканын баяндады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG