Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Сөз кусуру жана сөз эркиндиги


14-мартта жарык көргөн гезиттердин баары массалык маалымдоо каражаттарын ооздуктоого каршы мыйзамды токтотуу жөнүндө жазып чыкты.

Бүгүн, 14-мартта жарык көргөн гезиттердин баары массалык маалымдоо каражаттарын ооздуктоого каршы мыйзамды токтотуу жөнүндө жазып чыкты.

“Де-факто” гезити “Курулуп жаткан 14 кабат үйдүн үстүнөн миллиардер Машкевичтин кулагы көрүнүүдө” деген баштема менен жаңы санын ачты.
Гезит Бишкек шаарынын башкы милициясы, генерал Мелис Турганбаев менен маегин басты. Чубак ажы бул жолку баянын “Нооруз тууралуу кеп” деп атады. Журналист Мирлан Дүйшөнбаев президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, сөз эркиндигин ооздуктаганы жаткан мыйзам долбоорун кароонуу токтотууну суранды. “Де-факто” гезити ошондой эле Мамлекеттик дирекция курган үйдөн жарака кеткенин, камакта жаткан Акматбек Келдибеков үй камагына чыгарылбай тургандыгын, балага ат коюуда этият болуу керектигин, бүгүн айрымдар ата-энеси ак тилек менен койгон алданемедей аттарын арабдын аттарына өзгөртүп алып жатканын, кыргыздар “бала көтөрө албайт, чарчап калат” деп Манастын, Бакайдын, Каныкей менен Айчүрөктүн аттарын койгондон тартынып келсе, бүгүн балдар-кыздарга ат коюу жөрөлгөсү да бузулганын жазып, окурмандарды оюн айтууга чакырды.

“Фабула” гезити бул санын “Жапаров жалгыз калды. Аны Мотуев гана колдойт” деген баштема менен ачты. Гезит “Сөз эркиндигине кысым кылган мыйзамга көз карашыңыз кандай?” деген суроого ойлорун айткан адамдардын жообун жарыялады. ЭЛТРдин гендиректору Султан Жумагулов:

- Бул мыйзам өтсө, Кыргызстандын беделине доо кетет. Албетте, айрым журналисттер чектен чыгып, кесибине кыянаттык кылып жаткан учурлар да бар. Бирок Сөздүн кусуру жаман болот. Бирөөнү жөн жерден каралап, жаманатты кылсаң, Кудай сөзүз бир күнү сени же сенин бала-чакаңды же жакындарыңды тозогуна салат, - деп;

депутат Карганбек Самаков:

- Бул мыйзам демократиянын өсүп-өнүгүшүнө тоскоол болот, - деп;

депутат Абдыманап Кутушев:

- Мыйзамдын кесип жиберүү жагын жок кылып, акчалай айып салуу жагын гана калтыруу керек, - деп жооп берди.

“Алиби” гезити жаңы санын журналист Канышай Мамыркулованын “Эт чапкычтар менен “Галдирбайлар” деген макаласы менен ачты. Анда мамлекеттик чиновниктер, ошондой эле президент Атамбаевдин аппарат башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов жөнүндө сөз болот. Гезит Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева бир кызыктай буйрук чыгарганын, боюнда бар аялдар дарылануу үчүн өзүнө жаккан, каалаган догдурун тандоого тыюу салып койгонун кабарлап, министр “өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип калды” деп белгилеп, анткени чуусу чубалган сайын, "ана эмесе, мына!" деп чуу чыгарып турган №4 төрөтканада ымыркайлар уурдалып келатканын, ал эми кечээ жакында эле жин оорусу бар деген диагноз менен абактан бошоп алган Заур Магомедов чыгаары менен байларды тоноп, милиция кызматкерлерин ит аткандай атып оюн салганын, анткени аны оюн салдырган чөнтөгүндө врачтардын “жинди” деген справкасы болгонун, Динара Сагынбаева “Батукаевдин 4 эле күндүк өмүрү калды” деген медициналык кагазга да өзү кол коюп, башкы кылмышкердин түрмөдөн чыгып кетишине катыштыгы барын маалымдоо менен “Ушундай иштерди жасаган Динара Сагынбаева кантип саламаттыкты сактоо министри болуп жүрөт, ия?!” деп суроо койду.

“Жаңы агым” гезити “Бейиш Сирияда эмес, алданбагыла!” деген теманын алдында ой-пикирлер топтомун жарыялады. Журналист Тынчтык Алтымышевдин макаласы “ЖМКлар жалганчы эмес, мыйзамчылар алдамчы” деп аталып, биринчи окуудан өтүп кеткен, бирок журналисттердин кысымына кабылып жаткан мыйзам долбоору жөнүндө сөз кылды. Автор сүйлөсө тилинен чаң чыккан Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков, Феликс Кулов өңдүү саясатчылар кезинде кыйын кыстоого кабылганда массалык маалымат каражаттары, журналисттер арачалап жүргөнүн бат эле унутуп калганына кейиди.

“Кыргыз туусу” гезитиндеги журналист Нарынкүл Назаралиеванын макаласы “Жылуулаган үйдө капчыгыңа күч келбейт” деп аталып, үйдү жылуулап алуу үчүн бүгүн жаңы курулуш материалдарынын түрлөрү чыгып жатканын, ошону менен жылууланган үйлөр кышында жылуу, жайында салкын болорун, көмүрдү да, светти да үнөмдөп, тапкан-тергениңе зыяны тийбей, обужок чыгым болбой жыргап каларыңды баяндады. Бактыгүл Чотурованын макаласы “Эки элдин эрке жазуучусу Мирзохалим Каримов” деп аталып, белгилүү жазуучунун жаңы жарык көргөн “Кыз күйүтү” аттуу аңгемелер жыйнагынын бетачары тарых музейинде дүңгүрөп өткөнүн, Эл баатыры Сооронбай Жусуев анын “Жетим ата” деген аңгемеси боюнча кино тартса боло турганын кубанып билдиргенин, куттуктоо сөздөрүнүн баарын чын дилинен айтканын баяндап, жазуучунун элге бергенинен бере элеги көп экенин кошумчалады.
XS
SM
MD
LG