Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:28

Эт жегендер кутулат...


“Барометр” гезити миллион калктуу Токионун көчөлөрүн “тыгындан” алып чыккан жапондуктардын “алтын башын” баяндаган макаланы басты.

“Барометр” гезити бүгүнкү санына “Кыргызстанды Бажы биримдигине киргизүү үчүн “жол картасы” түзүлмөй болду”, "Ак илбирсти колдойлу”, “Дүйнөлүк кулчулуктун рейтингинде Кыргызстан 81-орунду ээледи” деген макалаларды жарыялады. Кытай 84-орунда. Казакстан 85-орунда. Ал эми Өзбекстан 49-орунда.

Айзатбек Бешов аттуу автордун “Барометрдеги” макаласы “Мунай эмбаргосу Кыргызстанга сабак болобу?” деп аталып, макалада элди электр кубатын сарамжалдуу пайдаланууга чакырды. Бул боюнча айрым чет өлкөлөрдүн электр кубатына жасаган мамилесин мисалга тартты.

Гезитте мындан тышкары “Унаа тыгынын жеңген Токио. Жапондор унаа тыгынын кантип жеңди? Алардын тажрыйбасын бизде - Бишкекте колдоно алабызбы?” деген кызыктуу жана өтө керектүү макала басылып, анда автомашиналар шаардын көчөлөрүнө батпай кетип, өткөн кылымдын 60-70-жылдарында тыгын жетер чегине жетип, элдин башын оорута баштаганда жапон өкмөтү ойлонуп отуруп, бир нече жылдан кийин шаарды дүйнөдөгү жол кыймылы эң туура уюштурулган мегаполистердин катарына кантип кошкондугу жөнүндө баяндалды. Бул макаланы “Барометр” гезитинин бүгүнкү санынан окуп алсаңар болот.

“Планета” гезити кечээ Ички иштер министрлигиндеги Академиянын мурдагы башчысы Алмаз Базарбаев менен анын орун басары Рахматулло Амираев ири суммадагы пара алгандыгы үчүн соттолгонун, бир кызыгы Свердлов райсоту Базарбаевге 100 миң сом айып пул салып, 3 жылга чейин мамлекеттик кызматка иштөөгө тыюу салган өкүм токуп, ал ошондой эле пара алган анын орун басары Амираевди 11 жылга кесип жибергенин кабарлады.

Депутат Нарынбек Молдобаев Кумтөр боюнча маек куруп: “Бүгүн биз 2009-жылкы келишимди эч кандай жокко чыгара албайбыз. Анткени ал келишимде: “Бул акыркы бүтүм, сотко да кайрылганга болбойт, парламенттен кайра кароого да жатпайт” деп бадырайып жазылып турат, ал эми денонсация деген бул - ошол 2009-жылкы келишимди “тааныйбыз, бирок жокко чыгарабыз” деген эле сөз” деп айтты.

Жыл башында Кыргызстандын айрым жарандары согуш жүрүп аткан Сирияга “момун мусулмандарга жардам беребиз” деп аттанганы тууралуу кабар тараганын эске салган басылма, кечээ жакында Кызыл-Кыя шаарынан кеткен бир жигит ошол жакта каза болуп, сөөгү да ошол жакта калганын, диний фанатизмдин арты ушундай дайыны да, даңкы да жок өлүм менен аяктай турганын маалымдады.

“Планета” гезити булардан сырткары Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы Садык Шер-Нияз менен маек курду. Кезинде айтыш өнөрүн алга сүрөп алып чыккан Садык алгач Элмирбек экөө түнү менен айтышып чыкканын, өчүп бараткан акындардын өнөр отун кантип тутантканын айтып берген. Кино окуу жайын бүтүргөндөн кийинки биринчи ишин чоң кинодон баштап, Курманжан датка тууралуу тартып аткан фильмди бүтөйүн деп калганын айтты.

Эльвира Жолдошеванын макаласы “Филармониядагы чыр” деген ат менен жарык көрдү. Коомдук ишмер Шамшыбек Медетбеков Кыргызбай Осмоновду филармонияга деректир кылып дайындоо катын министр Султан Раев өкмөткө статс-катчы менен кеңешпестен өзү жалгыз жөнөткөнүн, минтүүгө болбостугун, анткени прокуратурада каралып жаткан Кыргызбай Осмоновдун иши жабыла электигин, териштирүүлөр дагы эле жүрүп жаткандыгын билдирген.

Айтылуу ишкер Аскар Салымбеков башында турган “Эмгек” саясий партиясынын өлкөгө, элге кайрылуусу бүгүн жарык көргөн “Планета” гезитине басылып чыкты. Кайрылуу “Кемени чайпалта берсе, ал чөгүп кетет”, “Партия өлкө келечегине иштейт”, “Өзгөрүүлөр мезгили жоготууга гана эмес, ошондой эле жаңы мүмкүндүктөргө алып келет”, “Эмгек ар бирибиздин жана жалпы улуттун пайдубалы”, “Ийгилик ачкычы-адамдардын жана коомдун сапатында”, “Өлкөнүн күчү - аймактарда” деген темалардан турат. Кайрылуу: “Милдетибиз-саясий жаңы маданият, колунда бар орто классты түзүү, таянганыбыз - Мекендин жыргалчылыгына арналган Эмгек, партиябыздын максаты - башкалар менен теңата атаандаша алган бакубат Кыргызстан!” деген чакырыктар менен аяктаган.
XS
SM
MD
LG