Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Эл ырыскысын эңшергендер


Энергетик Сапар Аргымбаевдин интервьюсу “Алиби” гезине жарыяланды.

“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин Баткен сапарын чагылдырган материал менен жаңы санын ачты.

Гезит “Көйгөйлөр” деген жаңы рубриканын алдында үч кабарчынын макаласын тартуулады. Журналист Мундузбек Тентимишовдун макаласы маркум Насирдин Исановду эскерүүгө арналды. Мырзакат Тыналиевдин макаласы “Улуттук банк өз озуйпасын аткарып жатат. Аны ким кандай түшүнүүдө?” деген ат менен жарык көрдү.

Чыгыш поэзиясынын улуу өкүлдөрүнүн бири Хафиздин күндөрү өтүүдө. Буга карата “Кыргыз туусу” гезити Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматовдун котормосун басты.

“Алиби” гезити Кубатбек Айбашовдун “Электр энергиясынын баасын көтөрүү кайра козголууда” деген макаласына окурман көңүлүн буруп, министр Осмонбек Артыкбаев тариф келерки жылуулук сезонунан кийин көтөрүлөрүн жана кымбаттоо калктын 20 процентин камтый турганын кабарлады.

Ушуга улай эле “Түндүкэлектр” Ачык акционердик коомунун деректирлер кеңешинин мүчөсү Сапар Аргымбаевдин “Электр энергиясынын тарифин көбөйтпөй эле кризистен чыксак болот” деген маеги жарыяланды. Сапар мырза “Түндүкэлектр” Ачык акционердик коому ушул жылдын башынан бери электр энергиясындагы жоготууларды 9 айдын ичинден 22 проценттен 16 процентке чейин түшүргөнүн, эгер жыл аягына чейин 16 процент менен чыкса, бюджетке 300 млн. сом киреше кирерин, ал эми келерки жылы 12 процентке чейин түшүрөрүн, жоготууларды кыскартуунун баары “акылдуу эсептегич” койгондон кийин болгонун баяндап берди.

Сапар Аргымбаев ортомчу электр ишканалар мамлекеттин акчасын мыйзамдуу түрдө эле көз көрүнөө жеп келатканына, маселен өлкө боюнча элден акча чогулткан 2 миң инспектор барын, булар аркылуу жетекчилер жээрин, андан тышкары кабинетте отуруп алып ручканын учу менен эле болжолу 400-450 млн. кВт саатты ортомчу ишканалар аркылуу нак акча кылып жегендер барын, мындай көз боёмочулардын ичинде азыркы иштеп жаткандар да кирип алганына токтолуу менен, жакында “Элдин ырыскысы энергетикадан колуңарды тарткыла!” деген элдик кыймыл түзүлгөнүн жар салды.

“Алибинин” бул санына “Замирбек Үсөнбаевди коргоо комитети" түзүлүп, 7 пункттан турган резолюция кабыл алынганын, анда өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев менен министр Султан Раев мыйзамды тебелеп, эч себепсиз кызматтан бошоткондугу үчүн депутаттык комиссия түзүүнү суранары, З. Үсөнбаевди кайрадан ордуна коюну, трайбализмге жол берүү көрүнүшүнө көңүл бурууну, Башкы прокуратура менен күч органдары маданият тармагындагы финансылык тартип бузуу боюнча козголгон кылмыш иштерин аягына чыгарууну тездетүүнү суранганын билдирди.

“Фабула” гезити Алмаз Темир уулунун “Өз жолубузду табалы” деген макаласын сунуш кылды. Автор бардык байлыгы бар туруп өнүгө албай аткан өлкөнүн келечегине ой калчаган.

Журналист Айбек Шамшыкеевдин “Көлбаевдин тобундагы криминалдар кармалды” деген макаласы жарыяланды.

“Республика” фракциясынын депутаты Нурбек Алимбековдун интервьюсу “Мен да өзүнчө партия түзүп кетип калышым мүмкүн” деп аталды. “Кумтөр” маселесин кеп кылган депутат меморандум эч нерсени чечпестигин, ошондуктан мамлекеттик комиссия түзүп, ага ар бир фракциядан кен тармагын жакшы билген адистерден кошуу керектигин, негизги пайданы акция менен эмес, алтын менен бөлүшүү маселесин ишке ашыруу боюнча тапшырма берүү жагы каралып жатканын, маселен 100 тонна алтын казылса, анын 40 тоннасы бизге калып, калган 60 тоннанын 20сын ар кандай чыгымдарга жумшаса, 40 тоннасы инвесторго калышы керектигин, Монголия мамлекети чет элдик алтын казгычтар менен так ушундай ыкмада иштеп жатканын мисалга тартты.

“Санжыра борбору” дирекциясынын деректири, жазуучу Асыкбек Оморовдун “Байыркы ата-бабалардын жерине саякат” аттуу жол баяны жарык көрдү.

Филология илимдеринин доктору Абдыкадыр Садыковдун “Мидинди окуп, үйрөнүп бүттүкпү же куйма кулак Оторбаев жөнүндө” деген макаласы да “Фабуланын” ушул санында.
XS
SM
MD
LG