Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Чакан Кыргызстанда чоң саммит


“Де-факто” гезити ШКУнун саммитине карата айрым эксперттердин оюна орун берди.

“Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинен эмнелерди күтүүгө болот?” деген суроо менен “Де-факто” гезити айрым эксперттерге кайрылды.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев: Мурун КМШ мамлекеттери чогулган кезде “чай ичип” гана тарап кетсе, азыр андай болбойт. Кытай кошулган жерде ар бир кадам иш бүтүрүү менен аяктайт. Андыктан Орусия менен Кытай бириккен бул саммитти оюнчук катары санаган кишилерди ойлонбой туруп жыйынтык чыгаргандар десек болот.

АКШга Сирияны бербейбиз деп Кытай менен Орусия биригип турат. Бул жолку саммитте дүйнөлүк саясаттан тартып, жергиликтүү майда саясатка чейин талкууланып, эң чоң маселелер чечилет. Бул уюмга Иран, Ооганстан сыяктуу өлкөлөр да кызыгууда. АКШ Сирияны басып алса, Кыргызстанды эсепке да албайт. Орусия менен Кытайга кол салуу коркунучу бар. Демек Кыргызстан үчүн экономикалык, саясий жана коопсуздук жактан абдан пайдалуу. Бул уюмдун келечеги кең,-деп,

Саясий эксперт Бакыт Бекетаев: Бизге окшогон майда мамлекет үчүн Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу уюмдар өтө керек. Уюмдун келечеги Кытай менен Орусиянын кадамына жараша болот. Экономикалык жактан уюмдун банкын түзүп, көп сандаган акча аркылуу келечектүү долбоорлорду ишке ашырса болот,-деп,

Саясий эксперт Аалыбек Акунов: Саммит бизге чоң пайда алып келет. Мурда улуттук мамлекеттердин бөлүнүп чыгуусу күчтүү болчу. Азыр дүйнөдө мамлекеттердин биригүү процесси жүрүп жатат. Эгерде биз Евробиримдикке мүчө болгонубузда азыркы бизди минип турган коррупциянын тизесин сындыра чапмак. Эл аралык уюмдар коррупцияга катуу сокку болот. Шанхай кызматташтык уюму бизге ашыкча талаптары жок эң ыңгайлуу уюм болуп эсептелет. Ошондуктан келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек,-деп жооп берди.

“Фабула” гезити аркылуу журналист Баратбай Аракеев “Адамды уйдан бөлчү маданият жана билимсиз жаштар” деген макаласын тартуулады. Анда китеп окуган адам менен китеп окубаган адамдын айырмасы жөнүндө кеп болот.

Параписихолог Мелис Карыбеков маегин “Кийинки президент менин досум болот” деп атады.

Депутат Курманбек Осмонов “Осмоновду сындырып, майын сызгыргыла” деп команда беришиптир” деген аталыш менен маек курду.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, генерал Мелис Турганбаев менен журналист Айбек Шамшыкеев Бишкек шаарынын коопсуздугу тууралуу аңгемелешти.

Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун 75 жылдыгына карата жазуучунун жубайы Айнура Стамованын “Асанбек Стамович өмүрдө мага аска тоодой жөлөк болгон экен” деген аталыштагы маеги тартууланды.

“Жаңы агым” гезити “Түштүк магистралындагы той өткөрүүчү “Ала Тоо” рестораны Өмүрбек Бабановдуку экен деп жүрсөк жакындан бери анын чыныгы кожоюну Мамлекеттик архитектура агенттигинин деректири Каныбек Нарбаевдин аялы экен деген кеп тараганын, “Ала Тоодон” башка дагы бир катар ресторандары, соода жайларын мына ушул башкы архитектордун жубайы көзөмөлдөп турарын угуп оозубуз Ошту карады, эгер мунусун жалган десе Нарбаевдин пикирин угууга да даярбыз” деп,

Шаар бийлиги Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине шылтап көчө жээгинде максым саткандарды, гезит күркөлөрүн, жер төлөдөгү соода түйүндөрүн, буларга кошуп селсаяктардан бери тазалап жиберди” деп жазды.

"Алиби” гезити “Жаркын келечекти өз колубуз менен курууга милдеткербиз” деген ат менен айтылуу ишкер Аскар Салымбеков негиздеген Прогрессивдүү демилгелер фонду өткөргөн “Алтын Тирек” сынагы тууралуу фонддун директору Амангелди Жумадиловдин маегине орун берди.

Маегинде ал ушул жылдын февралында аталган фонд “Кыргызстандын идеялык картасы” деген долбоорду баштаганын, максаты дүйнө жүзүндөгү прогрессивдүү, өзгөчө ою бар, таланттуу кыргызстандыктарды таап, аларды бириктирип, акылы менен ойлорун мамлекеттин жана коомдун түйүндүү маселелерин чечүүгө багыттоо жана өлкөнүн өргө жылышына жардам берүү максатын көздөгөнүн баяндап берди.
XS
SM
MD
LG