Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Ээнсиреген энергетика


“Дело №...” гезити өкмөттүн кышка даярдыгын сынга алган макала менен жаңы санын ачты.

“Дело №...” гезити ушул жылдын 12-сентябрында Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Кубанычбек уулу Кененбайды сабап өлтүргөндүгү үчүн ошол эле мектептин 11-классынын окуучулары Надырбек уулу Даниярбек 10 жылга, калган үч окуучу 3 жылга түрмөгө кесилип кеткенин малымдады.

“Бийликке эмне үчүн келдиңер эле?”. Мына ушул суроону койгон гезит бүгүнкү санына: “Бул өкмөт дагы Бакиевдин өкмөтүнүн кейпин кийди. Чиновниктерди иштей ала тургандыгына же профессионалдыгына карабайле мурдагыдай жол менен дайындоодо. Эл болсо үшүгөндөн кыжыры кайноодо...” деп билдирди.
“Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев электр жарыгын өчүрүү болбойт деп элдин ишендирген эле, кийин бул сөзүн кайра артка алды. Эми болсо күнөөкөрлөрдү издеп жатат. “Бербестин ашы бышпас” деген ушул” деп,
“Кыргызстандын өнөр жай жана энергетика министри Автандил Калмамбетов кандай министр экенин бул кыш көрсөткөнү калды. Ал дагы энергетика тармагын ушундай абалга алып келген күнөөлүүлөрдү издөөдө” деп,

“Түндүкэлектр” ачык акционердик коомунун генералдык деректири Искендер Кадыркулов адистиги боюнча зоотехник. Анын энергетика тууралуу билими бар экенин айтуунун да кажети жок. Мээсинде аз-маз акылы бар өлкөдө уйчуманды токко жакын жолотпойт болчу” деп,

“Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун генералдык деректири Тургунбек Кулмурзаев ноябрдын отузунда жаңы жылга чейин газ өчпөйт деп айткан. Кулмурзаев айтты деп эл чын эле ишенген. Эми минтип газы да жок, ашы да жок, карайлап ачка отурат” деп жазды.

Ушул эле бетке “Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин сотунда анын бир тууганы журналисттин тилин сууруп алам деди” деген макала басылып, ушул күндөрү соту болуп жаткан Нариман Түлеевдин адал акчаларды кандай жолдор менен адалдаган коррупциялык схемасын гезит өткөн сандарынын биринде жарыялаганы үчүн анын бир тууганы гезиттин журналистин тилиңди сууруп алам деп сот залынан коркутканын эстетип, “Түлеев соттолуп атканда ушинтип опузалап жаткан тууганы, кокус Түлеев бийликте болгондо кандай кыларын элестетип көрүңүз, мына ушул сөздү укканда журналисттерди уруп-сабаган, ал тургай өлтүрүп салган Бакиевдин заманы эске түшөт экен” деп белгиледи.

“Дело №...” жумалыгы Бакиев темасын андан ары улантып, “Жакында эле Беларус президенти Лукашенко өзүнүн ардактуу коногу Курманбек Бакиевге пенсия сурап, кыргыз бийлигине кайрылганын уккандардын бир даары муну шылдың катары кабыл алса, бир даары кудай жалгап уурдап кеткен акчасы түгөнгөн окшойт, ортого Лукашенкону салып, пенсия суратып жатканына караганда, болбосо Минскиге жакын жерден 2 млн. долларга сатып алган үч кабат үйүндө жылуу-жумшак жашап жаткан Бакиевге эмне жетпейт эле деп кубанганын баяндады.

Бул маселе боюнча жооп берген Социалдык фонддун башкармасынын начальниги Жеңишбек Муканбетов, экс-президенттер пенсияга чыкканда ага чейин алып келген айлыгынын 75 проценти өмүрүнүн акырына дейре пенсия катары чегерилерин, тилекке каршы Акаев да, Бакиев да өз элин тоноп алып качып кеткендигине байланыштуу экс-президент деген даражадан кол жууганын, ошондуктан аларга пенсия катардагы жарандарга кандай өлчөмдө чектелсе, ошондой эле өлчөм менен чектелерин, бирок ал үчүн экөө тең Кыргызстанга келип, пенсияга чыгат элем арыз жазып, тиешелүү уюмдарга кайрылышы керектигин айтты.

Кыргызстандын үч президенттеринин ичинен азыр жалгыз гана экс-президент деген даражасы бары Роза Отунбаева, ал экс-президент катары 80 миң сом пенсия алат.

“Ошентип чындап эле Курманбек Бакиев пенсияга ушунчалык муктаж болсо, Бакиев Беларус бийлигине кымбат болсо, анда аны Александр Лукашенконун өзү төлөп берсин, Кыргызстан Бакиевге бүгүн сокур тыйын да карыз эмес, тескерисинче Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстандан уурдап кеткен 24 миллион сомду кайтарып берүүнү ойлонсун. Мындан сырткары анын Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча да күнөөсү бар” деп жазды.

“Ар ким өзү каалагандай жинди болуп жатат” деген рубриканын алдындагы “Акыр заманга кимдер кандай даярданууда?” деген макала басылды.
XS
SM
MD
LG