Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Гезиттер: Кыздардын жүзүн тоспо!


“Фабула” гезити кыргыз кыздарынын бетин “чүмбөттөгүсү” келгендерге каяша макала жазып чыкты.

“Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Бийликте мыкты аялдар көп болсо, мамлекетибиз оңолот” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачты.

Кыргыз деген тээ кылымдардан бери эле аялзатын мал катары санап, паранжыга чүмкөбөгөнүн, үйүнө мейман келсе: “эркекке бетиңди көргөзбө!” деп ит сыяктуу сыртка кубалап чыкпаганын, кыздарын шамалдай эркин өстүргөнүн, кыздарын эркектен артык көрүп качан болсо бөпөлөп, сыйлап-урматтап турганын, эркек балдарын какыс-кукус кылган менен кыздардын чекесине чертпей багып келгенин билбегендер же билгиси келбегендер алсыз бийликтин азабынан арбып-дарбып баратканын белгилеп:

“Бешиктен бели чыгалек кыздарга хижаб кийгизүүгө үгүттөп жаткандарды колдой албайбыз. Дүйнөдө абийир дегенди эч качан хижаб жаппайт, жапкан да эмес, адамдын тазалыгын абийири менен уяты жабат. Аз күн мурда Фронтбек кызы “мектептер хижаб кийгенге тыюу сала берсе, анда балээни көрсөтөбүз, министр отставкага кетсин!” деп чыкты. Министрди кетирем десе эле кетире койгондой анын артында кимдер турат? Ушинтип эле ар кай жерден чыга калып, элдин мээсин чайкагандар көбөйдү. Кыргыз Умай энесиндей туу туткан Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Курманжан сыяктуулар хижаб-мижабы жок эле Манас менен Семетейди, Абдылдабекти жарык дүйнөгө апкелип, аларга эне, аларга кымбат жар болуп келген” деп жазды.

Автор макаласын аяктап баратып жакшылыктын бетин жамандык чүмкөөрүн, Күн менен Айдын бетин карарган булут чүмкөөрүн, кыргыз деген эл эзелтеден эле айжаркын кыздарынын Күндөй бетин күүгүмдөп тоспогонун, Айдай жүзүн караңгылап катпаганын айтуу менен эри өлгөн жесир катындарга окшотуп беш көкүл кыздарга жоолук салдыртып жаткандардын дагы бир жолу эстерине салды. Кыргыз күйөөгө берелек кыздарына эч качан жоолук салынткан эмес.

Ушул эле санга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Рыскелди Момбековдун маеги, депутат Талант Узакбаевдин: “Ал мага 5 миң доллар сунуштап, иниңди колдоп берейин деп кайрылды” деген маеги басылып чыкты.

“Алиби” гезити депутат Мыктыбек Абдылдаевдин “Премьерде эки жол бар: өз алдынча иш кылуу же президенттин көлөкөсүндө жүрүү” деген ат менен маегине орун берди. Аты эле айтып тургандай жаңы өкмөт башчысынын орду жөнүндө сөз болот.

Ушул эле санга жаңы өкмөт тууралуу ой-пикирин билдирген саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев:

– Бул өкмөт канчалык жанталашпасын мамлекетти оңдоп жибере албайт. Анткени ага шарт жок. Баягы уруучулук, жердешчилик-кландык система партияларга айланып алып бүгүн бизди башкарып жатат. Бүгүнкү өкмөттү Жантөрө өзү түзгөн жок. Фракциялар түздү. Кесипкөйлүгүн карап да коюшкан жок. Анткен менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, финансы министри Ольга Лаврова, 1-вице Жоомарт Оторбаев мыкты кадрлар,–деп жооп берди.

Гезиттин бул санына “Алибинин” биринчи редактору болгон Элнура Кулуеванын “Бабырбек Жээнбековдун күрөшчүл позициясы бааланышы керек” деген ат менен интервьюсу жарык көрдү. Элнура маегинде Бабырбек Жээнбековдун “Алиби” гезитин ачкан кездеги саясий эркин, анын Бакиев бийлиги журналисттерди жанчып, сабатып, алтургай өлтүртүп турганына карабастан жалтанбаган көкжалдыгын, адам катары айкөлдүгүн, калыстыгын айтуу менен тилекке каршы анын күрөшчүл позициясы бийлик тарабынан бааланбай келатканын баяндады.

“Алиби” гезити 24.kg маалымат агенттигинен Расул Мурат аттуу автордун “6 айда Кыргызстанга чет жактан 33,5 миң тонна эт келген” деген аталыштагы макаласын жарыялады.

Макалада Кыргызстанга Кытайдан жарым жылда ушунча тонна эт келгенин, анын 30 миң тоннасы тооктун, эки жарым миң тоннасы чочконун, бир миң тоннасы уйдун эти экенин, булардан тышкары 500 тоннадай сосиска, колбаса жана башкалар келгенин, Казакстан сырттан келүүчү этке чектөөлөрдү киргизсе, Кыргызстанда этти киргизүүгө да, алып чыгууга да чектөө киргизилбегенин, маселен “Буштун буту” деген лакап аты бар тооктун буттары Кыргызстанга АКШдан келерин, баасы коммерциялык сыр болгондуктан так айтылбай тургандыгын, мисалы ушул эле тоок этинин бир килограммы Латвияда биздин баа менен 35 сом болсо, бизде 100-110 сомдон сатыларын, ошол эле учурда Кыргызстан Араб өлкөлөрүнө эт сата баштаганын, маселен соңку эки жыл ичинде биздин өлкө араб мамлекетине тирүүлөй 31 миң кой сатканын жазып чыкты.

Журналист Канышай Мамыркулованын "Ички иштер министри качанкыга чейин “жээндерин” коргойт?” деген макаласын коомчулукка тартуулады. Анда Ислам Кошокбаев деген милициянын опери ыңгайы келген жерде эле “мен министрдин жээнимин” деп мактанып, мурдун балта кеспей дардактаарын баяндады.
XS
SM
MD
LG