Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Чоңдордун оюну башталды


Гезиттер депутат Болот Шердин кечээки билдирүүсүнө да кайрылышты.
Гезиттер депутат Болот Шердин кечээки билдирүүсүнө да кайрылышты.

Бүгүн “Фабула” менен “Алиби” гезиттери жарык көрдү.

“Фабула” гезити бүгүнкү санын “Болот Шердин Бабановго да, өзүнө да огу даяр...” деген баштема менен ачып, Болот Шер 27-августта брифинг өткөзүп, буга чейин өзү мүчө болгон партиянын чечимдерине карабай Бабановду жердеш катары да, иниси катары да колдоп келгенин билдирип: “Сен досторуңду кандай сатып келсең, мени да так ошондой саттың. Мен эч качан депутаттык мандатка да, генералдык чинге да, креслого да жабышкан жан эмесмин. Бирок акыйкаттыктан эч качан тайган эмесмин. Сен саясый дымагыңдын курмандыгына айландың. Ата-бабалардын жана балдардын ыйык ысмын сенин жалган кылмышкерлериң да булгай албайт. Сеникиндей телеканал, гезит, интернет сайттарым жок. “Жигитти намыс өлтүрөт” дейт кыргызда. Таластык эркектердин ар-намысы, абийри кандай болорун мен сага түшүндүрөйүн, эгер сенин мени каралаганыңдын кенедей эле жери чын чыкса анда колумдагы эки октун бири мага кадалсын, эгер сен түздүргөн комиссия мунун жалган жалаа экенин аныктаса анда экинчи ок сага кадалсын деп, октун бирин Бабановго жөнөткөнүн жазып: “башкасын билбейбиз, Болот Шер жөн айтчу эмес эле, Бабанов кантээр экен? “ деп кошумчалады.

Ушул эле гезит аткаминерлердин арасындагы кептердин кербени каякка баратканын, өкмөт башчылыгына кимдердин аты аталып жаткандыгын маалымдады.

“Фабулага” ошону менен бирге эле башкы прокурор Аида Салянованын көлөмдүү интервьюсу жарык көрдү. Башкы прокурор Түлеевдин, Сабировдун, Тилек Алибаевдин иштери боюнча айрым маалыматтарды тактады. Бабановго байланыштуу аргымак жана “Ата Мекен” партиясынын айрым мүчөлөрүнө СИЗОдо олтурган адамдардын көрсөтмөлөрү боюнча текшерүү ишитери жүрүп жатканын, бирок Абдулла Юсупов деген өз көрсөтмөлөрүн тез-тез өзгөртүп тургандыктан айткандарын улам текшерип турууга туура келерин, убакыт ушундан узарып кетерин айтты.

Аида Салянова Акмат Бакиев тууралуу суроого жооп берип жатып, Бакиевди жатак абагына чыгарган судья Байсейитовго кылмыш ишин өзү козгоп, ал судьяны жоопко тартуу боюнча Соттор кеңешине кайрылганын билдирди.

Аталган гезит мындан тышкары энергетиктер Эргешбай уулу, Б. Ажиева, Р. Исабекованын колу коюлган ачык катты жарыялады. “Өз элине, жерине кас чыккан шылуун жигиттер канчага чейин элин эзет? Элин, жерин ойлогон азамат чыгаар бекен? Же баарыбыз акчанын кулу болуп жүрүп мамлекетибизди да жеп коёр бекенбиз?” деп башталган ачык катта “Түндүкэлектр” ишканасындагы былык-чылыктарды, ал жерден кантип акча жасап, кантип жеп келаткандыктарын, бирин-бири сүйрөп келип кызматка коюп жаткан чоңдордун жакындарынын аттарын жарыя кылды.

“Өкмөт башына ким келет?” деген суроого жооп издеген “Алиби” гезити Амангелди Муралиев баштаган бир топ белгилүү адамдардын тизмесине кошуп айтылуу ишкер Аскар Салымбековдун да атын атады. Бирок башкаларга караганда өз таман-акы маңдай тери менен “Дордой” базарын түптөп, 20 жылдын ичинде мамлекеттик деңгээлдеги кубаттуу ишкананы түзүп, миңдеген адамдарга иш таап берип, кандай кыйынчылык болбосун банкротко учуратпай ийгиликтүү иштетип келаткан Аскар Салымбековго өкмөттүн тизгини тийсе, өзүнүн топуктугу, карапайымдыгы, иштин майын чыгара билгендиги менен таанылган бул адам мамлекетти да алдыга сүйрөп кетет эле деген ойду айтты.

“Алиби” гезити жаңы санын журналист Темирбек Алымбековдун коалиция түзүү маселесин талдоого алып, жаңы өкмөттү түзүү чатагы акыры барып парламенттин таркап кетишине да алып барышы мүмкүндүгүн, президенттин өкмөт түзүү тапшырмасын бир кезде өзү мүчө болгон КСДП фракциясына беришин калыстык болбой калды дегендердики жүйөөлүү экенин, маселен парламенттик көпчүлүктү түзгөн “атажуртчулардын” демин суутканы туура болбой калганын, мамлекеттин бүтүндүгүн ойлогон кишиге мындай ачык жеригендик жакшылык алып келбей тургандыгын жазды. Баары бир эми “өкмөт ким?” деген суроого президент өзү чекит коёрун белгиледи.

“Алиби” гезити “чыр дөбө” деген рубриканын алдында “Дастан Сарыгулов “май талкандан” алыстай албай жатат” деген ат менен Тогуз-Тородогу МАТСАЖ деген аталыштагы экологиялык фондунун төрайымы Абдыжапрова Нурбүбүнүн маегин тартуулады. Нурбүбү айым Тогуз-Тородогу алтын кенинин экологияга тийгизип жаткан зыянын ачыкка чыгарды. Дастан Сарыгуловдун айткандарына Тогуз-Торонун эли кошулбастыгын, бүгүн цианиддин бошогон идиштери терең көмүлүшү керек болсо, көмүлмөк турсун Дастан Сарыгулов иштеп тургандан бери эле коммерциялык жол менен сатылып келатканын шардана кылды.
XS
SM
MD
LG