Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Кимисине ишенебиз?


Гезиттер өкмөттүн айланасындагы окуяларды талдоого алышууда.

Бүгүн жарык көргөн “Алиби” гезити азыркы өкмөттү кетирүү сценарийинин автору Максим Бакиев болуп жатканын, камакта жаткан Абдулла Юсупов аттуу өзбек жигити Өмүрбек Текебаевдин жана анын шакирттеринин 7-апрелден кийинки төбө чачты тик тургузган маалыматтарды айтып берген тасманы КТР жетекчилиги көрсөтпөй койгонун, Кыргызстанда иштеген пенсионерлер кызмат акысын жана пенсиясын толук көлөмдө аларын өкмөт башчысы Бабанов билдиргенин кабарлады.

Ушул эле “Алиби” гезити “Республика” партиясы жарган “бомбанын” алдында калган депутаттар Өмүрбек Текебаев, Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков эми кантер экен, Булардын ысмы тарых барагына, Бакиевдердин 30дай мүлкүн, бир жарым тонна алтынын басып алып, жүктөтүп кеткен “мародер” катары жазылып калабы? Дегеле бул маселеге президент Алмазбек Атамбаевдин позициясы кандай болду экен? Эл эми чындап өлкө башчысынын оозун тиктеп турган чагы” деп жазды.

Ушул эле санга депутат Өмүрбек Абдракмановдун “Текебаев жеке кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик кемени чайпалтып жатат” деген маеги, укук коргоочу Качкын Булатовдун “Бекназаровдун эки жүздүүлүгү” деген макаласы, Бабырбек Жээнбековдун кайрылуу каты, Жетиөгүздүк ардагер Апыш Жылкыбаевдин бийлик ээлерине берген төрт сунушу жарыяланды.

“Жаңы агым” гезити Бабановдун күлүгү, Абдулла Юсуповдун тасмасы тууралу баяндап, Абдулланын Бакиевдердин үйүн тоноого “ата мекенчи” Болот Шер, Өмүрбек Текебаев, Райкан Төлөгөнов жана Туратбек Мадылбеков буйрук берди дегенине түшүндүрмө берген депутат Мадылбеков Абдулла деген жигитти өмүрү көрбөгөнүн, муну бир генерал уюштуруп курал катары пайдаланып жатканын, ал генерал ким экенин сүрөтү менен жарыялап, сотко берерин билдирди.

“Фабула” гезити Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратура катуу чабыша баштаганын, ГУУРдун башчысы Тилек Алибаевге кылмыш ишин козгогон прокуратура, анын сот тарабынан акталып кетишине кыжыры кайнай баштаганын, буга кошумча дагы бир окуя болуп өткөнүн, 7-август күнү башкы прокурор Аида Салянова терезелери караңгыланган машинасы менен баратканда МАИ кызматкерине токтобой кеткенин, ала таякчандар атырылып артынан сая түшүп, токтоталбай айласы кеткенде дөңөлөккө атып токтотконун, мындай кордукка чыдабаган Салянова МАИнин ошол эки кызматкерине кылмыш ишин козготконун, бул боюнча пикирин билдирген Ички иштер министрлигинин байкоочулар кеңешинин төрагасы Александр Лейтин мыйзам боюнча милиция кызматкерлери мыйзамга баш ийбегендерге табелдик куралды колдонууга укугу барын, анын үстүнө башкы прокурордун унаасынын номери Бакыт Козубаев деген башка адамдын “Мерседес” унаасына тийштүү экендигин айтып чыкты.
XS
SM
MD
LG