Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:40

"Бей-бечаралар"


“Дело №...” бул санын Түлеевге байланыштуу макалалар менен ачты.

Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити августтун 21ине чейин камакка алынган Нариман Түлеев тууралуу маалымат менен жаңы санын ачып, “Аябай “жакыр” Нариман Ташболотович” деген макаланы тартуу кылды. Гезит элге төбөсү көрүнгөн аткаминерлердин көбү өткөндө канча каражаты бар тууралуу декларация толтурганын, ошондо Нариман Түлеевдин иштеп тапканы 2011-жылы араң 488 миң сом болгонун, ошол эле убакта анын жакын туугандары 25 млн. 234 миң сом иштеп тапканын мисалга тартты.

Түлеевдин толтурган декларациясы менен таанышкан адамдын эң эле зээнин кейиткени бечара Наримандын деги эле эч нерсеси, кыймылсыз дегенден үйү да, кыймылдуу дегенден машинеси да жоктугу болгон. Түлеев Нариман кедей-кембагал болгон менен анын туугандарынын бир жарым миллион сомдук коттеджи, 1 млн. 606 миң сомдук квартирасы, 3 млн. 431 сомдук акциясы, Бишкекте атасынын атына катталган “Караван” соода борбору, Горький көчөсүндөгү “Таш-Рабат” оюн-зоок соода комплекси, Бөкөнбаев менен Панфилов көчөлөрүнүн бурчундагы 9 кабат үй, Эркиндик бульварынын жээгиндеги асман тиреген элиталык үйлөр, борбордун башка жерлериндеги көп сандаган турак жайлары, дагы башкалары бар экенин окурмандарга санап чыкты.

“Дело №...” гезити Түлеев адегенде Башкы прокуратуранын чакыруусун тоготпой коюп, анан мажбурлоо жолу менен камакка алынгандан кийин депутаттардын жоон тобу жетип келип депутат Түлеевди бошотуп кеткен учурун дагы бир жолу маалымдады.

Макаланын аягында күч органдары менен парламенттин кармашы тамаша эместигин, бирок кандай болгон күндө да депутаттар биринчи жолу, алар 20 жылдан бери жамынып келаткан кол тийбестик деген нерсе, чындап келгенде жөн эле жомок экендигин жон терилери менен сезгендей болушканын, аныгында эле кол тийбестик үчүн гана депутат болуп жүргөндөр толтура экендигин, кылмышы башынан ашса кол тийбестигине карабай туруп түрмогө тыгарын, муну эл да туура көрүп жатканын, эми кийинки шайлоолордо депутат болом деп парламентке жулкунгандар өзүнөн өзү азаярын белгиледи.

“Дело №...” жумалыгы андан ары Улуттук коопсуздук комитетинин абагында асылып өлдү делген инспектор Айбек Эшбаевдин иши аскер сотуна жеткенин, эми анын өлүмү боюнча Улуттук коопсуздук комитететинин төрт кызматкери жооп бере турган болгондугун кабарлады.

Аталган басылма Медет Садыркуловдун сот жүрүшүн баяндаган макалага окурман көңүлүн бурду.

Сотто биринчи жолу маркум Медет Садыркуловдун жубайы Айнагүл Садыркулова буларды айтып берген.

-2008-жылдын 30-декабрь күнү түшкү саат экилерде эшик шыңгыраганын ачсам, кыргыз жигит турган экен.

-Садыркуловдун квартирасыбы?-деп сураганынан:

-Ооба,-десем,

-Сиздерге берип жиберишти эле,-деп жаңы жылдык открыткасы менен пакетти сунду.

-Ким берип жиберди?- десем, билбейм деди да бурулуп кетип калды. Үйгө алып кирип ачсам пакетте адамдын кесилген кулагы менен сөөмөйү жаткан экен. Жаба койдум да балконго алып барып каттым. Күйөөмө ал күнү айтпай эртеси 1-январда айттым.

Гезит андан кийин бул ишти Медет Садыркулов өзү изилдемекчи болуп, Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана бандитизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн ошол кездеги начальниги Мелис Турганбаевди үйүнө чакырып, ал кулак менен сөөмөй салынган пакетти алып кетип, иликтөө жүргүзө баштаганын, кесилген кулактын изи түптүз эле Жаныш Бакиевге барып такалганда Медет Садыркулов президент Курманбек Бакиевге кирип болгон окуяны айтып бергенин, Жаныш танып чыкканын, президент андан кийин Свердлов раймилийсасынын начальнигин чакырып, дубалга такаганда ал Жаныш Бакиев буйрук бергенин айтып салганын, бул учурда Жаныш Бакиев президенттин жанындагы эс алуу бөлмөсүндө отурганын баяндады.

Гезит андан ары бул жырткычтык менен жасалган окуя андан кийин кандай өнүккөнүн күбөлөрдүн оозу менен окурмандардын эсине кайрадан салды.

Садыркуловдор отурган "Жип" машинесин сүздү кылып адегенде түрмөгө отургуза калып, кийин бошотуп жиберип киши колдуу болгон Осмонов аттуу шоопурду шаардын сыртына алып барып кантип бычактап жок кылганын Сыдык Борбуев айтып берген.
XS
SM
MD
LG