Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Коррупциянын коргоочусу ким?


Гезиттердин негизги макалалары Башкы прокуратура менен парламент тууралуу болду.

“Айгай прксс” гезити “Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айланды ар бир уулу чагылганга” деген баштеманын алдында 7-апрелде окко учуп курман болгон баатыр жигиттерди сүрөтү менен басып чыгарды.

Журналист Жолдошбек Токоев даярдаган макала “Аида кимдин уйкусун бузуп жатат? Же Жогорку Кеңеш от менен ойноп жатабы?”, “Теңиртоолуктарды толкутпагыла!”, “Атамбаев “эл өкүлдөрү” эмес, эл тарапта болуусу керек” деген аталыштардан турду.

Акыркы макалада парламенттин 80 процентин жалаң коррупционерлер түзөрүн, алар азыр башкы прокурор Аида Салянованы өздөрү айткандай иштетүүгө аябай аракет жасашарын, Жогорку Кеңеш Саляновага ишенбөөчүлүк көрсөткөн күндө деле Атамбаев баш прокурорду кызматтан албастыгын, анткени президент өзү баштаган коррупцияга каршы күрөштөн жеңилип калган киши болуп көрүнбөстүгүн, анын үстүнө КСДП фракциясынын депутаттары Пирматовдун кол тийбестигин сактап калабыз деп Атамбаевди сатып чыга беришкенин, айрым маалымттарга караганда Атамбаев бүгүн фракцияга эмес, элге гана таянарын, эгер чындап эле Жогорку Кеңеш Саляновага ишеним көрсөтпөө кадамын баштаса, анда президент мыйзам чыгаруучуларды таратып жибериши мүмкүндүгүн, мындай кырдаалда эл сөзсүз президент Атамбаевди колдоп кетерин кеп кылды.

“Параграф” гезитиндеги башкы макала “Исках Пирматовдун “пири” ким? Же Башкы прокуратуранын парламентке каяшасы” жеп аталды.

Ушул эле теманы андан ары журналист Жума Мамбетов улантып, макаласынын атын “Жогорку Кеңеш турганда коррупция козголчудай эмес” деген ат менен жарыялады.

Автор депутат Исках Пирматов тууралуу баяндап келип: “Бир депутаты үчүн ушундай коргоого өткөн Жогорку Кеңеш дегеле коррупция боюнча ишти өзүнө жолотчудай көрүнбөйт. Коррупцияга белчесинен эмес, бүткүл денеси менен малынган депутататтарды аныктап, эл алдына алып чыгуунун бир гана жолу аларды мөөнөтүнөн мурда таратуу керек. Антпесе аларды жоопкерчиликке тартууда кайсы гана орган болбосун күчсүз болуп кала берүүдө. 20 жылдан бери Кыргызстанды мойсоп келаткан коррупцияны коргоп, өз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө бут тосуп келаткан мындай парламенттин бүгүн барынан жогу. Тазаланууну, коррупцияга каршы күрөштү так ушулардын өзүнөн башташ керек” деп жазды.

“Асман пресс” гезити “7-апрель максатына жеттиби?” деген суроо-жооп менен жаңы санын ачып, “Ташиев менен Мадумаров уруштубу?” деген кабар таратты. Анда Ташиев “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын башчысы Адахан Мадумаровго Баткенде 30 миң адам чогултам деп миңге жетпеген адам чогултканына нааразы болуп, айтыша кеткендиги тууралуу кеп болот.

Ушул эле гезитте “Кыргыз паспорту Англиянын менчигиби?” деген макала, Компартия башчысы Исках Масалиев менен маек жана башка материалдар бар.

“Айат” гезити башкы прокурор Аида Салянова тууралуу ар кандай көз караштардан турган ой-пкирлерди ортого салды. Журналист Балбак Түлөбаевдин макаласы “Атамбаев түрк элдерин бириктирип, Салянованы коргоп калабы?” деген ат менен жарык көрдү. Автор парламент тууралуу сөзүндө парламенттик система деген баарысын биз чечебиз, биз эмне десек ошол болот дегендик эместигин, бүгүн баягындай эле сотторго кийлигишпеген киши калбаганын, соттор эркин болмоюн жашоо оңолбостугун, эгер парламент Салянованы кызматтан алса, анда алар өзүнүн да таркатылышын тездетерин кулак кагыш кылды.

Гезит андан ары жалалабаддык карыялардын атынан Нооман Нышановдун жана Сузактын Барпы айылынан Үрниса Кыдыршаеванын Камчыбек Ташиевдин Жалал-Абаддын элин дүрбөтүп, митингге чакырып жүргөнүнө нааразы болгон каттарын тартуу кылды.

“Учур” гезитине маек курган МАИ кызматынын башчысы Талантбек Исаев: “Мыйзам бузгандар чоңдордун балдары, күч структурасындагылар, министрлер, депутаттын жакындары - биз аларды жазалайбыз” деп айтты.

Айдоочуларды тоногон, айрыкча көптөн бери сөз болуп келаткан жанагы Мургабдан Ошко келип, биздин МАИчилерден кордук көргөн кыргыздарды Исаев мырза абдан жакшы түшүнөрүн, буларды тоногондорду МАИ кызматы тургай, кийин милицияда иштебес кылып кызматтан айдаарын, ушундай фактылар болсо алардын канча акча алганын айтып, Мургабдын айдоочулары түз эле өзүнө кайрылышы керектигин билдирди “Учур” гезитиндеги маегинде.
XS
SM
MD
LG