Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Курама жыйып журт кылган, Манас!


Бүгүн жарык көргөн гезиттер Эгемендиктин 20 жылдыгына арналган кечээ күнкү салтантты кабарлоо менен өлкөнүн саясый-социалдык жашоосун чагылдырган материалдарга орун берди.

“Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды”. Жаңы санын мына ушул кабар менен ачкан “Дело № ...” гезити, кечээ күнкү Ала-Тоо аянтында Улуу жазуучубуздун урматына арналган салтантта сүйлөгөн өлкө башчысы Роза Отунбаеванын “Бүгүн биздин эл Айтматовдун каармандары жашап өткөн моралдык бийик касиеттерге өзгөчө муктаж болуп турган учурда улуттун эки улуу сыймыгы болгон Айкөл Манас менен Чыңыгз Айтматовдун айкелдеринин коюлушу биздин Мекенге болгон жоопкерчилигибизди дагы күчөтүп, саясат айдыңыбызды андан ары аныктайт” деген сөзүн шилтеме кылуу менен салтанаттын жүрүшүн чагылдырган сүрөттүү маалыматтарды тартуулады.

Ушул эле санга өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин “Дело №....” гезитинин суроолоруна берген жооптору басылды.

Премьер-министр Кыргызстанды мамлекет катары жок кылгысы келген чоң долбоорлор бар экенин, мындай караөзгөй долбоорлордун артында белгилүү күчтөр, акчалары жана эксперттери менен иштеп жатканын, биздин алысты көралбаган айрым саясатчыларыбыз ошолордун куралына айланып калып атканын, бекеринен өткөн жылы Ислам Каримов түштүктөгү июнь окуясынын артында үчүнчү күчтөр турат деп айтпаганын эске салды.

Алмазбек Атамбаев андан ары Манас менен Айтматовдун эстелигинин борбордук аянтка турушун айрым бирөөлөр түшүнгүсү келбей жатканын, убагында Айкөл Манас “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” деп айтканын, Манас айткандай, бүгүн Кыргызстандын түпкү эли дал ошол Манас кураган элден турарын, биз Манастын осуятын ыйык сактоого тийиш экендигибизди, Манастын бет маңдайында Улуу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин турушу интернационализмдин жаркын үлгүсү болорун, Кыргызстанды мамлекет катары бүгүн элдердин мына ушул биримдиги гана сактап кала тургандыгын эскертти.

Оурс тилдүү жумалыктын бүгүнкү санына ошондой эле жакында кызматынан кетип, саясатка аралашкан Улуттук Коопсуздук комитетинин генерал-майору Марат Иманкуловдун маеги жарык көрдү.

Иманкулов мурдагы КГБнын кел-кели келип турган кезиндегисин эске салып, ал кездеги кадрлардын кесипкөйлүгүн бүгүнкү башаламандык учур менен салыштырган. Улуттук коопсуздук комитетиндеги азыркы абалды, кадр маселесин ачык айткан.

Бул санга ошону менен бирге эле Кыргызстандын ички иштер министринин мурдагы орунбасары Жеңиш Жакыповдун маеги да басылып чыкты. Жакыпов күч органдарындагы коррупция тууралуу кеп кылды.

“Дело №...” гезитинин жаңы санына коңшу Казакстанга бир тууганы экөө иштеп кетип, кул болгусу келбеген бир тууганы тепкиден өлүп, 4 жыл кулчулукта жүргөн Мирзат Осмоновдун азаптуу тагдырын баяндаган макала жарыяланды.

Бул санда ошондой эле кылмыш дүйнөсүнүнүн дагы бир адамы, мурда Азиз Батукаевдин “жигити” болуп жүрүп, кийин Камчы Көлбаевдин “жигитине” айланган Казбек Билаловдун кармалышна багышталган маек жарык көрдү.

Анда Казбектин Москвада иштеп жүргөн кыргыз мигранттарына салык салып, салыктан түшкөн акчаны Кыргызстандагы “общак” деп аталган кылмыш дүйнөсүнун “жыйымына” жөнөтүп турганы, анан Камчы Көлбаев Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин жалаң гана өз чөнтөгү үчүн талап-тоноого өткөнү, анын кандайча колго түшүрүлгөнү баяндалды.

Кара Казбек аталган бул адам Москвада эмгектенип жүргөн кыргыздардын канын соруп, ар бирине 10 миң доллардан салык салып келген. Билаловдун мындай кылмыштуу ишине Жалал-Абаддан барган Бахтияр Капаров деген жардам берип, иштеп жүргөн мигранттардын кимиси канча акча алгандыгын, кимисинде канча акча бардыгын ага айтып келип турган. Казбек баштаган банданын азабын тарткан кыргыздар чыдай албаганда чогулуп, 300 кишинин колу коюлган арыз менен Кыргызстандын күч органдарына кайрылган. Акыры Казбектин бандасы Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармасынын күчү менен Москвадан кармалып, камакка алынды.

Кыргызстандын элин эгемендик күнү менен куттуктаган “Айкын саясат” гезити журналисттер Машакбай Рахманкуловдун “Мен-Кыргызмын!”, Күнболот Момоконовдун “Келгиле, кендерди өз күчүбүз менен иштетебиз!” деген макалалары менен жаңы санын ачты.

Гезит андан аркы алакандай кабарларында: “Россия Федереациясында иштеп жүргөн эмгек мигрантары коомдук жайларда, кафе, ресторандарда орус тилинде сүйлөбөй, кокус өз тилинде сүйлөп алса 500 рубль айып пул төлөмөйү бар экен, ошондуктан Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Рыскелди Момбековдун мамлекеттик тил мыйзамын бузгандарга айып пул төлөтүш керек дегени ойлонтчу маселе окшойт” деп,

“Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы саналган маркум Рысбек Акматбаевдин оң колу болгон “Водалаз” аты бар Максат Абакиров абактан чыга турган маалына дагы бир жылдан ашуун убакыт бар экенине карабастан боштондукка чыкты. Айрым маалымат булактары анын мезгилинен мурда бошотулушун, мурдагыдай эле “шайлоо өнөктүгүндө криминалдык күч катары колдонулат” деп жазып чыгышууда” деп,

“Түн жарымында Азирети Муфтийдин асмандан Ай көрүндү, эртең айт экен” деп айтышы адамдарды таң калтырды. Ал түнү асманды булут каптап тургандыктан эчкимге көрүнбөгөн Ай Муфтийге кантип көрүндү экен? Ошентип Ай караган Муфтий айт майрамы качан болорун жыл календарын карап туруп деле айтса болмок. Туткан орозо 30 күн болбой 29 күн болуп калды, бирок дин өкүлдөрүнөн сурасак, кээ бир учурларда 29 күн деле боло берерин айтышты” деп кабар таратты.

“Айкын саясат” гезити андан ары Аида Садыкованын “Дүрбү” аттуу макаласын жарыялады.

Макалада азык-түлүк бааларынын, айрыкча эт, кумшекер, өсүмдүк майы жана башкалардын кутургандай кымбатташы элдин эсин эки кылып атканын, өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин эң керектүү азык-түлүк товарларына мамлекет тарабынан көзөмөлдүк киргизүү боюнча токтомго кол койгону жакшы жышаан болгонун белгилеп, бирок айтылуу айылчарба адиси Жамин Акималиев бул токтомду жөн гана элди алаксытуу үчүн жасалган жасалма аракет деп баалагандыгын жазып чыкты.

Акималиевдин айтымында, ар бир өлкөдө баа саясаты болушу кажет, бирок ал бизде жок. Биз ушуга чейин “базар экономикасынын шартында бааларга киришүүгө болбойт” деген шылтоого байланган түшүнүк менен жашап келдик.
XS
SM
MD
LG