Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Гезиттер: Сорттойбузбу, соттойбузбу?


Бул күнкү гезиттердин башкы темасы дагы эле соттор тууралуу болду.

Бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити “Соттордун ак, карасын сорттой турган Замирбек Базарбековдун өзү таза эмес чыкты. Кезинде кыянат иши үчүн кызматынан алынып, ал тургай аттестациядан да өтпөптүр. Анан кайра эле сопсонун сот болуп, Балыкчыга отуруп калыптыр. Артындагы калбырын карап туруп Базарбековду соттой турган адам эмес, соттоло турган адам катары кабыл алат экенсиң” деп,

“Ушул эле Сотторду тандоо кеңешинин кезектеги былыгы ачыкка чыкты. “Ар-намыс” партиясынын атынан мүчө болгон Ирэна Степчикова аттуу сот айым 95-жылдын 21-мартынан бери Орусиянын жараны экени тастыкталды” деп,

“Нариман Түлеевдин Нарындан келген кишилери “Акипрессте” өткөргөн маалымат жыйынында Нариманды Бакиев убагында сүттөн аппак болгондугун айтып, Куйручуктун тоюна 500 миң сом берди деп, оозу-мурду кыйшайбай, олуя атабыздын арбагынан коркпой туруп, карандай калпты соктурушту, Нариман 500 миң эмес, 5 тыйын берген эмес” деп кабар таратты.

Журналист Баратбай Аракеевдин макаласы бүгүн номур биринчи маселеге айланган соттордун тазалыгын талдоого арналды.

Кыргызстан жаштар кеңешинин төрагасы Төлөн Нурбаев маек куруп, жайнап чыккандардын ичинен 3 гана адам – Алмаз Атамбаев, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров гана президенттикке татыктуулугун, бирок үчөөнүн ичинен жалпы элдин колдоосуна ээ боло турганы Атамбаев экендигин, айрымдар “Атамбаевди түштүк колдобой коюшу мүмкүн” деп жүрүшкөнүн, мен түштүктөгү элдин оюн байкап көрсөм, көбү: “Атамбаев Кудай деген киши, Атабаевди колдойбуз” деп атышканын кеп кылды.

Жаштар иштери боюнча министрдин орун басары андан аркы сөзүндө түндүк-түштүк маселеси боюнча алтургай мыйзам кабыл алып, элди бөлгөн ээн ооздорду жоопко тартуу керектигин билдирди.

Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин “Эркиндикке элибизди Манас жеткирген” деген ат менен маеги жарык көрдү. Маекте Манастын мааниси, улут биримдиги, эркиндиктин баасы, айкөл Манас менен Айтматовдун Ала-Тоо аянтына коюла турган эстелиги жөнүндө сөз болот.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын адаттагыдай эле “Элдин үнү” менен ачты.

Расмий маалыматтардан кийин эле журналист Нарынкүл Назаралиеванын “Судьяларды тандоо кеңеши туулбай жатып туна чөгөбү” деген макаласы басылды. Автор президент Роза Отунбаева Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүн жарандык коомдун өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен чогуу кабыл алган жыйында: “эң татыктууларын тандап алуу үчүн судьялардын ар бирөөсү менен өзүм жекече маектештим. Тизмедеги талапкерлердин баары менен макул боло албайм го деп турам. Себеби анда жарым сабаттуу судьялар да бар. Мен бул маселени чечүү үчүн парламенттин ар бир фракциясынын лидери менен чогуу талкуулайм” деген сөзүн мисалга тартып, жыйын кандай өткөндүгүн баяндаган.

“1916-жыл – Кыргыз элинин улуттук боштондук күрөшүнүн туу чокусу” деген баштеманын алдында Үркүнгө байланыштуу өткөрүлгөн илимий конференциянын айрым катышуучуларынын, мамлекеттик ишмерлердин, белгилүү тарыхчылардын ойлоруна орун берди.

“Белый парус” сайтындагы журналист Елена Авдееванын “Кыргызстанды кантип бөлүштүрүү керек?” деген макаласына каяша макала “Обого шыйпаң үйүр” деген ат менен жарык көрдү.

“Жаңы агым” гезити Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановго кайрылып: - “Парус кейжи” инфо” сайтында жарыяланган макалада Ноокат райондук салык кызматынын төрагасы Сагынбек Алимбаевдин өлүмүн сиз уюштурган деп жүрөт. Мунун чын-төгүнүн өз оозуңуздан уксак?- деп сураганда:

-Бул карандай калп, жалган жалаа. Муну мен жөн калтырбайм. Аталган сайтты сотко бергени жатам,-деп,

- “Учур” гезитинин өткөн санында жарык көргөн “Ат көрбөгөн минип өлтүрөбү?” деген коллажга сизди күнөөлөп, ал үчүн президенттен кечирим суроону талап кылды, буга макулсузбу?-деп саясатчы Мелис Эшимкановдон сураганда:

-Ал жакка сын макала чыкса эле менден көрө беришет. Макаланы окуп чыктым. Чычалай турган деле эч нерсе жок экен. Өз кезегинде “Асаба” Майрам Акаеванын, Чолпон Баекованын мончодогу сүрөтүн элестүү берчү. Ошон үчүн Роза Исаковна чычалабай деле койгону оң,-деп,

-Генерал Аскарбек Мамеев эркин гезиттердин бириндеги маегинде “Жаныш Бакиевди качырыш үчүн Артур Медетбеков 1 млн. доллар алган деген сөз меники эмес, кабарчы Мирлан Дүйшөбаев гезитке туура бербей коюптур” деп айтыптыр, аксакалдын сөзүн бурмалаганың чынбы?-деп автордун өзүнө суроо салганда:

- Карандай калп. Аксакал башы менен ушинтип жатканына түшүнбөй калдым. Редакцияга баласы экөө келип, диктофондогу өзүнүн айткандарын угуп кеткен болчу,-деп жооп берди.

“Алиби” гезити бул санын журналист Тынчтык Алтымышевдин “Сотторду сорттойлубу же соттойлубу?” деген макаласы менен ачып, кийинки жаштар мурунку муунга окшоп, бекер акчанын кыныгын алган шылуундардан эместигин, жаштардын 70 пайызы улуу муундагыларга караганда ыймандуулугун, ошондуктан 20 жылдан бери карай акыйкаттыктын атасын муунтуп, каржалып келаткан карапайым калктын көз алдында мына ушул соттордун баарынын алган айлыктары арбын экендигине карабастан паракорлуктун сазына кекиртегине чейин батканына, аларды кайра-кайра кызматка кое бергенден кымындай да пайда жоктугун, ошондуктан сот системасын жаштар менен алмаштыруу керектигин жазып чыкты.

“Алиби” андан ары Жогорку Соттун жана Конституциялык палатанын судьялык кызматына талапкерлердин тизмесин жарыя кылганын, тизме жарыяланары менен талапкерлердин арасында таза эмес соттор бар экенин айтып зарлаган жарандар редакцияга келе баштаганын, эгер ушул тизмедеги судьялыкка талапкер болгон соттордон кимде-ким жапа чеккен болсо “Алиби” гезитине кайрылылуулары керектигин кабарлады.
XS
SM
MD
LG